Футбол: Кыргызстан Тажикстан менен ойноп жатат
Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешип жатат. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө.
Оюндун 16-мүнөтүндө тажик футболчусу Жахонгир Эргашев гол киргизип, эсепти ачты. Учурда беттештин 1-таймы аяктап, командалар 15 мүнөттүк эс алууга кетишти.
Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш турдан кийин F тайпасында алтыдан упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн ат салышып келатат.
Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде утулган.
Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат.
Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.