The Times: Лукашенко менен эң жаш депутаттын мамилеси бар
The Times басылмасы Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жаңы эле парламенттин төмөнкү палатасында эң жаш депутат болгон, "Мисс Беларус - 2018" сынагынын жеңүүчүсү, 22 жаштагы Мария Василевич экөөнүн мамилеси тууралуу жазды.
Ага ылайык, былтыр май айында Василевич сулуулар сынагын жеңгенден бери 65 жаштагы Лукашенко аны такай жандап жүрөт. Экөө бир катар фестивалдарга, хоккей оюндарына жана Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына чогуу барган. Президент аны маданиятка жана кайрымдуулук иштерине кошкон салымы үчүн медаль менен сыйлаган. Ошондой эле Василевич сулуулардын дүйнөлүк сынагына катышканы жатканда анын даярдыгын Лукашенко жеке өзү көзөмөлдөгөн. Ал сынакта беларус сулуусу үчүнчү орунду алган.
Басылманын макаласында Василевичтин саясий тажрыйбасы жок экени, ал парламентте жаштардын маселелерин көтөргөнү жатканы белгиленген.
Ушул жекшемби күнү Беларуста мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн жана анда оппозициянын бир дагы өкүлүнө мандат тийген эмес. Эл аралык уюмдар шайлоо "таза эмес, адилетсиз" өткөнүн белгилешип, добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.
"Европадагы акыркы диктатор" деген каймана атка конгон Лукашенко Беларусту соңку 25 жылдан бери башкарып жатат. Ал 1975-жылы үйлөнгөн, бирок ал өлкө башчысы болгондон бери коомчулук жубайы экөөнү чогуу көрүшкөн эмес.