"Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын мүчөлөрү соттолду
Казакстандын Алматы шаарынын Алмалы райондук соту төрт адамды бул өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылына кошулганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Ага ылайык, Оксана Шевчук, Гүлзипа Жакурева, Жазира Демеуова жана Ануар Аширалиев бир жылга эркинен ажыратылды.
Ошону менен катар эле сот алардын баарынын бөгөт чарасы өзгөрттү жана ага ылайык, Шевчук, Жаукерова жана Аширалиев сот залынан бошотулду. Демеуова болсо сентябрь айынан үй камагында болчу. Андан сырткары көп балалуу Шевчуктан башкасынын баары коомдук жумушка салынды. Соттолгондор быйыл июль айында камакка алынышкан.
Сотто мамлекеттик айыптоочу ар бирин эки жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирген. Прокурорлор алардын күнөөсү тергөөдө далилденгенин айтып, суракта басым-кысымга кабылганы тууралуу дооматтарды четке кагышкан.
«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын бозгундагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген. Ал буга чейин казак жарандарын өкмөткө жана бийликке каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган.