Бишкекте бычакчан адам колго түшүрүлдү
Бишкек милициясы көчөдө бычак алып жүрүп кармалган адам боюнча маалыматты тактап жатат.
Окуя бүгүн борбор калаанын борбордук көчөлөрүнө жакын жерде болгон.
"Апрель" телеканалы тартып алган видеодон бир нече адам бычакчан кишинин артынан кубалап барып колуна кишен салып, кармап кеткенин көрүүгө болот.
Баштапкы маалыматка караганда, ал адам №2 троллейбуста баратып, жүргүнчүлөргө коркунуч жараткандыктан айдоочу патрулдук милицияны чакырган. Колго түшүрүүгө милиционерге жай тургундар жардам беришти. (RK)