Бийлик кандай реакция кылышы керек?
Кыргызстандагы бажы системасындагы коррупция боюнча биргелешкен иликтөө коомчулуктун курч талкуусуна түшүп, бийликтен иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча чара көрүүнү талап кылына баштады. Бугүн буга байланыштуу Бишкекте тынч митинг болуп, жарандар өз позицияларын билдирип чыгышты. Эми бийлик кандай реакция кылышы керек? Талкууга “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, коррупцияга каршы күрөш боюнча боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров жана Исхак Масалиев катышты.