Олег Сенцов Европарламентте Сахаров сыйлыгын алды
Европа парламентинин шейшембидеги жыйынында Орусияда абакта отуруп чыккан украиналык режиссер Олег Сенцовго Сахаров сыйлыгы ыйгарылды. Ал депутаттардын алдында сүйлөп жатып, бул сыйлыкты Орусиядагы жалпы украиналык саясий туткундардын сыйлыгы катары кабыл алганын айтты.
Европарламент адам укугу жаатындагы жылына берилчү бул башкы сыйлыгын Сенцовго былтыр дүйнөдө адам укуктарын коргоого “өзгөчө салым кошкону үчүн” ыйгарганын жарыялаган. Ал учурда режиссер орус абагында отурган.
Крымдык Олег Сенцов 2014-жылы жарым аралды Орусия аннексиялап алганына каршы чыккан. Москва аны террорчу деп айыптап, 20 жылга соттогон.
Сенцов ушул жылдын сентябрь айында Украина менен Орусиянын туткундарды алмашуу жараянынын алкагында орус абагынан бошоп, Украинага келген.