Орусияда сөөгү табылган кыргызстандык бийиктен кулаганы кабарланды
Москва - Санкт-Петербург жолунун боюнан сөөгү табылган мигрант бийиктен кулап каза тапканы айтылууда. Ишти Тосно шаарындагы укук коргоо органдары иликтеп жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маркум Ысык-Көл облусунун 43 жаштагы тургуну, сөөгү учак аркылуу 27-ноябрда мекенине жиберилет.
24-ноябрда бир катар маалымат каражаттары киши колдуу болгон жаран жөнүндө жазып, ал айдоочулук кылып жүргөн мигрант экенин кабарлашкан. Анын сөөгү таңга жуук ээсиз турган «КамАЗга» жакын жерден, көпүрөнүн астынан табылган.