Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Саймаитинин иши: 17 банктан 932 млн. 136 миң доллар сыртка которулган

0
Саймаитинин иши: 17 банктан 932 млн. 136 миң доллар сыртка которулган

Парламенттин комитетинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Бакир Таиров шектүү жолдор менен сыртка чыгарылып кеткен акча каражаттары боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, «Азаттык» радиосунун «өлкөдөн чыгарылган 700 млн. доллар» жөнүндө айтылган иликтөөсүнө байланыштуу Жазык кодексинин 215-беренеси («Акчаны адалдоо») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштеринин алкагында Айеркен Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиаму, ошондой эле «Абдыраз» ишканасынын сыртка которгон акчасынын банктык документтери алынган. Накталай акча Саймаитинин, Вуфулинин жана дагы алты адамдын атынан которулган.

- 17 банктан үч жарандын акча которушун көтөрүп чыктык. Толтурулган акча каражаттары Саймаити, Вуфули жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан Кытайга, Түркияга, Литвага, Британияга, Германияга жана башка өлкөлөргө которулган, - деди Бакир Таиров.

Таировдун айтымында, алар акча которууну «кездеме, курулуш материалы, электрондук товар, карызды кайтаруу, жер жана мүлк сатып алууга» деп көрсөтүшкөн. 

Буга чейин Финансы полициясы тарабынан Айеркен Саймаитинин акча которушу боюнча документтер алынып, жыйынтыгында 2013-2017-жылдар үчүн 2 млрд. 602 млн. сомду кошумча түрдө киреше салыгы катары төлөтүү боюнча чечим чыкканы кабарланган.

Август айында салыктарды төлөөдөн качканы боюнча Саймаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ага «Өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу» деген айып коюлуп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун сентябрдагы токтому менен камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы жарык көргөн иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, ал коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Жарандар бийликти бул иликтөөгө реакция кылууга чакырып, «паракорлорду камагыла» деп талап кылышууда. (TSh)





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин: Музею-заповеднику "Царицыно" – 40 лет





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 5 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Фонд музея-заповедника «Царицыно» собрал 61 тыс. произведений искусства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Олег Лундстрем

Внучатый племянник Олега Лундстрема нашёл в Ульяновске свою кровь




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Волонтеры Президентской академии в Санкт-Петербурге вносят свой вклад в развитие и повышение доступности спорта для граждан

Команда Центрального округа Росгвардии стала призером на чемпионате по пожарно-спасательному спорту в Москве (видео)


Елена Рыбакина

Рыбакина, Путинцева и Бублик стартуют на Ролан Гаррос. Кто в соперниках и чего ждать?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Игорь Бутман

Бутман: Путин продолжает играть в хоккей для поддержания спортивной формы



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России