Өкмөт башчы дарынын баасын көзөмөлдөөгө убада берди
Премьер-министри Улукбек Марипов дары-дармектерге болгон бааларды жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. Өкмөт башчы бул тууралуу дары-дармектерге бааларды жөнгө салуу маселелерин талкуулаган жумушчу жыйында айтты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык жыйында тийиштүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде дарыларга бааларды көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуш киргизүү, дары тармагындагы өкүлдөр менен иштөө тапшырылды.
Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун айтымында, учурда дары-дармектердин айрым түрлөрүнүн кымбаттаганы байкалууда.
2020-жылы пандемия күчөп турган июнь-июль айларында Кыргызстанда дары тартыш болуп, баасы кескин өсүп кеткен. Айрым күндөрү дарыканаларда түнү менен узун кезектер пайда болгон.
Буга чейин коронавирус пандемиясынын кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссия үчүнчү протокол бир айдан ашык кечигип чыкканын, анын айынан керектүү дары-дармек Кыргызстанга өз убагында келбей калганын билдирген. Ал протоколдо вируска каршы дары-дармектердин саны кыскартылып, канды суюлта турган дарылар киргизилген.
Күмөндүү дары-дармек, миллион акчалар айланган бизнес, мамлекеттик мекемедеги коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу "Азаттык" радиосу жакында "Иликтөө: Көмүскөдөгү дары бизнеси?" деген иликтөөсүн жарыялаган.(TSh)