Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2021

Мирзиёевге көлөкө түшүргөн эрке күйөө бала

0
Мирзиёевге көлөкө түшүргөн эрке күйөө бала

Ташкентте президенттин коопсуздугу боюнча мамлекеттик кызмат Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы кабылган жол кырсыгынын чоо-жайын иликтеп жатат. 37 жашка таяп калган Отабек Умаров - Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозахондун күйөөсү.

13-февралда Ташкендин «президенттик маршрут» деп аталган борбордук көчөсүндө мотоцикл кырсыктады.

Катуу ылдамдыкта сызгырылтып эки дөңгөлөктүү транспортту минип бараткан адамдын оң буту үч жеринен чорт сынып кетти. Кырсыктаган киши - президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозахондун күйөөсү Отабек Умаров болчу.  Кийин Германиядан атайын жалданып алынып келинген учак менен бейтап Түштүк Кореяга дарыланууга жеткирилгени маалым болгон.

Кырсыктан кийин Өзбекстандын күч органдары окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, тергөө, сурак процедуралары ишке кирди. Биринчилерден болуп шектүүлөрдүн катарына Умаровдун жанында ага бутуна бут, колуна кол болуп катуу ылдамдыктагы унаалардын жарышын уюштуруп жургөн спортчу балдар кабылды.  

Алардын кээ бирине жол коопсуздугун сактабай, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган деп кылмыш иши козголду. Мындай маалыматтарды президенттин айланасындагы булактар «Азаттыктын» өзбек кызматына билдиришти.

«Азаттыктын» өз булактары да муну тастыктады. Маалыматта коомчулукту уйгу-туйгуга салган бул окуяга Шавкат Мирзиёев катуу ачууланганы айтылат.  Ал күйөө баласы менен анын жан сакчысынын акыркы убактарда жасаган иштери, жүрүм-туруму тууралуу отчет талап кылган. Ага кошумча жол кырсыгын иликтөөнү өзүнүн Коопсуздук кызматына тапшырган.

 

Өзбекстанда президенттик шайлоо октябрга жылдырылган. Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөсүнүн мындай жоруктары коомдо кызуу талкууга алынууда. Социалдык тармактарда Германиядан атайын медициналык учак жалдап, күйөө баланын Түштүк Кореяга дарыланууга учушу канча тураары талкууланып, анын акысы 30 миң доллардан 90 миң долларга чейин деп бааланып жаткан чак.

Дагы бир маалымат булагы «Азаттыктын» өзбек кызматына "13-февралда Умаров Ташкендин көчөлөрүндө автоунаанын алды-артына көздү уялта турган фонарларды тагып алып,  авариялык кырдаал түзгөнүн" билдирген. Ал эми кырсыктаган кезде "ал мотоциклди саатына 180 чакырым ылдамдыкта" башкарып баратканы айтылат.

Өзбекстандагы бир дагы мамлекеттик орган же болбосо маалымат каражаты  бул жол кырсыгы жөнүндө, Отабек Умаровдун азыркы саламаттыгы, кайсы жакта дарыланып жатканы тууралуу расмий кабар берген жок.

Жадагалса жол кырсыгы тиешелүү мамлекеттик органдарда да каттоого алынган эмес. Ал эми окуя болгон көчөдөгү бардык видеокамералар ордунан чечилип кеткен.

Отабек Умаров Мирзиёевдин жанына жакын, эрке күйөө баласы.

Ал Мирзиёевди бардык чет өлкөлүк сапарларда коштоп жүрөт. Расмий кызматы - президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары. Былтыр Борбор Азиядагы Эрежесиз эр уруш конфедерациясынын башчылыгына шайланган.

Анын кымбат баалуу маркадагы автоунааларга кызыгып, түнү менен унаа жарыштарында кумар жазаары көпчүлүккө маалым.

Отабек 2019-жылы жайында Ташкенде машинесин саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдап бараткан тасма Интернетке жарыялангандан кийин көпчүлүктүн көзүнө түшкөн. «Азаттыктын» өзбек кызматынын жаңылыгынан кийин президенттин күйөө баласы бул жоругу үчүн 200 доллар айып төлөгөнү кабарланган.

 

Андан бир ай өтпөй эле Умаровго таандык делген бир автоунаа дагы бир кырсыкка кабылып, окуя болгон жер дароо курчоого алынып, тез арада тазаланганы кабарланган.

Отабек Умаров социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу.  Анын «Инстаграмдагы» барагынан араб ханзадалары менен бирге тамактанган сүрөттөрдү көрүүгө болот. Мындан тышкары белгилүү блогерлерди, куудулдарды, ырчыларды жана спортчуларды Өзбекстанга чакырып, кымбат машинелер менен тосуп алып, коноктогонду жакшы көрөт.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Около обновленных поликлиник создано более 600 зон отдыха





Москва

Тысячи активистов разгромили офис Socar в Стамбуле, обвинив «Азербайджан» в поддержке геноцидальной политики Израиля в Палестине


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: На северо-западе Москвы открылся волонтерский центр «Доброе место»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Елена Волкова

НА ДЕТСКОМ ФЕСТИВАЛЕ ИСКУССТВ «НЕБО» СОСТОИТСЯ 5 ПРЕМЬЕР И ПОКАЖУТ НОВИНКИ ОТ ВЕДУЩИХ МОСКОВСКИХ ТЕАТРОВ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" не будет подписывать камерунского форварда Абубакара

Первое историческое ралли в Москве 2 июня 2024


Ролан Гаррос

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Началась предрегистрация на Command & Conquer: Legions — релиз в конце 2024 года



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России