Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2021

Орусиянын “Sputnik V” вакцинасы Италияда өндүрүлө башташы мүмкүн

0
Орусиянын “Sputnik V” вакцинасы Италияда өндүрүлө башташы мүмкүн

COVID-19 илдетине каршы Орусия өндүргөн “Sputnik V” вакцинасы Европа Биримдигинин аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен алгачкы жолу Италияда чыгарыла башташы мүмкүн. Ал эми Европалык Дары-дармектер агенттигинин Башкаруу кеңешинин башчысы Криста Виртумер-Хохе айымдын бул вакцинаны бир беткей шашылыш колдонууга каршы чакырыгы Орусиянын дары жасоо компаниясынын сынына кабылды.

 

8-мартта Москвада жайгашкан Орусия Тикелей инвестициялар кору (ОТИК, орусча РФПИ, англисче RDIF) менен Швейцарияда жайгашкан “Адиенне” (Adienne) дары-дармек өндүрүү компаниясы COVID-19 илдетине каршы Орусия өндүргөн “Sputnik V” вакцинасын Италияда өндүрүү боюнча соода-сатык келишимине кол коюшту. 

Өндүрүшкө киргизээрден оболу италиялык дары-дармек көзөмөлдөө мекемесинин макулдугун талап кылган бул келишим ОТИК тарабынан дагы, италиялык-орусиялык соода-сатык үйү тарабынан дагы тастыкталды.

Бул келишим – орусиялык “Sputnik V” вакцинасы Европа Биримдигинин өзүнүн дары-дармек көзөмөлдөө мекемеси – Европалык Дары-дармектер агенттиги (EMA) тарабынан жактыруудан өтө электе эле Европа Биримдигинин айрым компаниялары бул вакцинага байланыштуу өз алдынча кадам жасоого ашыгып жаткандыгын дагы бир жолу далилдеди.

Илимпоздордун айтымында, “The Lancet” медициналык журналында өткөн айда (2-февралда)  жарыяланган олуттуу илимий текшерүүнүн жыйынтыктары орусиялык вакцина дээрлик 92% натыйжалуу болгонун тастыктаган.

“Sputnik V” буга чейин Евробиримдикке мүчө үч мамлекетте – Венгрия, Словакия жана Чехияда жактырылган же жактырылуу алдында турат.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү, эгерде кеминде төрт мүчө өлкө суранчу болсо, анда расмий Брюссель “Sputnik V” вакцинасын өндүрүүчү компания менен сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүн деп жакында билдиришти.

Италиялык-орусиялык соода үйү өзүнүн дүйшөмбүдө жасаган билдирүүсүндө, ОТИК менен “Адиенне” компаниясынын келишими Европада биринчи жолу “Sputnik V” вакцинасын өндүрө турган ишкананы түзүүгө жол ачты деп билдирди.

Эгерде бардыгы болжолдонгондой кетсе, анда Италиядагы өндүрүш иштери быйыл июнь айында башталмакчы жана жыл аягына чейин ал жерде “Sputnik V” вакцинасынын 10 миллион дозасы өндүрүлсө болот, деп үмүт байлашууда.

Италиялык-орусиялык соода үйүнүн башчысы Винченцо Трани (Vincenzo Trani): "Бул келишим – кайсы-бир европалык өнөктөш менен түзүлүп жаткан алгачкы келишим болуп саналат. Бул келишимдин түзүлүшүн тарыхый окуя деп атоого болот. Ал – биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин жакшы деңгээлинин далили жана ал италиялык компаниялар саясий айырмачылыктардын чегинен тышкаркы нерселерди дагы көрө алаарын шардана кылып турат", – деп айтты.

Луганодо жайгашкан “Adienne Pharma & Biotech” компаниясы азырынча билдирүү жасай элек.

“Sputnik V” вакцинасын эл аралык деңгээлде сатыкка чыгарган ОТИКтин жетекчиси Кирилл Дмитриев италиялык “RAI 3” сыналгы каналына жекшембиде (7-мартта) маек куруп, Италиянын көптөгөн аймактары бул вакцинаны өздөрүндө чыгарууга дилгир болушканын жана акыры ОТИК кору Италияда ушул вакцинаны өндүрүү боюнча келишим түзгөнүн билдирди.

"... Биз сунуш кылган нерсе – бул Италияда жумуш орундарын түзө турган чыныгы өндүрүштүк өнөктөштүк. Эми Сиздер бул өнүмдү көзөмөлдөсөңүз болот, анткени ал Италияда чыгарылат. Ошондой эле бул өнүм көптөгөн кишилердин өмүрлөрүн Италияда гана сактап чектелбестен, аны экспорттой да аласыздар”, – деди Дмитриев.

Айтмакчы, Европалык Дары-дармектер агенттигинин Башкаруу кеңешинин башчысы Криста Виртумер-Хохе (Christa Wirthumer-Hoche) айым 7-мартта австриялык “ORF” сыналгы компаниясынын ток-шоусунда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө “Sputnik V” вакцинасын чукул кырдаалда колдонууга уруксат бербөөгө кеңеш берди.

Анын оюнча, азырынча Европалык Дары-дармектер агенттиги орусиялык бул вакцинанын натыйжалуулугу жана эсенчилик үчүн пайдасы жаатында бир бүтүмгө келе электе эч ашыгууга болбойт.

Виртумер-Хохе айымдын пикиринде, ЕБ боюнча расмий уруксат алына электе эле шашылып “Sputnik V” вакцинасын бир тараптуу жактырган мүчө өлкөлөр орустун тапанча менен ойнолчу “рулетка” оюну менен алектенгенге тете жорукка барып жатышат.

9-мартта, шейшемби күнү, Орусиянын “Sputnik V” вакцинасын өндүрүүчүлөр Криста Виртумер-Хохе айымдын бул сөзүн кескин сынга алып, Европалык Дары-дармек агенттигинин бейтараптыгына күмөндөнүп жаткандыктарын билдиришти жана бул айымдан кечирим суроону талап кылышты.

7-мартта Орусия Тикелей инвестициялар кору (ОТИК) бул вакцинаны НАТОго мүчө өлкө болгон, бирок Евробиримдикке кабыл алына элек Түндүк Македония жумуриятында да расмий жактырышканын маалымдады. Ал дүйнөдөгү бул орус вакцинасын жактырган 46-өлкө болуп калды.

“Sputnik V” вакцинасы дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жактырышынын көрсөткүчү боюнча экинчи орунга чыкты. Аны жактырган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстандан тышкары Алжир, Ангола, Армения, Беларус, Боливия, Габон, Гана, Гайана, Гватемала, Гондурас, Египет, Иран, Казакстан, Молдова, Монголия, Өзбекстан, Пакистан, Сан-Марино, Сирия, ж.б. мамлекеттер бар.

Мурда КМШга кирген өлкөлөрдөн Грузия менен Украина орусиялык ар кандай вакциналардан баш тартышты. Бул – алардын айрым аймактарын Орусиянын XXI кылымдын башында иш жүзүндө күч менен каратып алгандыгына байланыштуу болду.

Грузия COVAX программасынын алкагында жана андан тышкары да “Pfizer”, “AstraZeneca” жана “Moderna” сыяктуу компаниялардын вакциналарын алаары тууралуу алдын-ала кабардалган. Грузия 3,7 миллиондуу калкынын 60 пайыздайын үстүбүздөгү жылы эмдетүүнү көздөөдө.

Украина кытайлык “Sinovac Biotech” вакцинасынын дээрлик 2 миллиондой дозасын алууга келишим түзгөн. Андан тышкары өлкө COVAX программасынын алкагында да вакцина алат. Украинадагы дары чыгаруучу илимпоздор өз алдынча вакцина өндүрүү аракеттерин улантып жатышат.

Коронавируска каршы эмдөөчү олуттуу дары зат экендиги аныкталган “Sputnik V” вакцинасы 2020-жылы Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Николай Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология институтунда (Москва) иштелип чыккан. 

“Sputnik V” вакцинасы Орусияда 2020-жылдын 11-августунда (жыйынтыктоочу үчүнчү сынак бүтө электе эле) расмий катталган. Дал ошондуктан орусиялык бийликтер алгач сынга да кабылган.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

По делу «Крокуса» проходят 20 обвиняемых, 18 под арестом, двое под подпиской


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Оззи Осборн

Гизер Батлер рассказал, что Оззи Осборн согласился выступить с Black Sabbath




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фильм «Мой любимый чемпион» показали в павильоне «Роснефти» на ВДНХ в Москве

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве

Спортсмены из Химок выиграли Первенство Подмосковья по автокроссу


Андрей Рублёв

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России