Баш мыйзам: абактагы депутат парламентке келди
![Баш мыйзам: абактагы депутат парламентке келди](https://gdb.rferl.org/e24d86b8-7adc-4cd7-92b2-9bc22f48501a_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештин коррупцияга шек саналып кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышууда.
Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен кечээ, 10-мартта үй камагына чыкканын "Азаттыкка" айтып берди.
Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилди.
Мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Макул деген добушун бергендер арасында жыйынга катышпагандар, арасында тергөө абагында жаткан Төрөкулов да бар экени белгилүү болгон.
Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган. Депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган.
Өзү "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, ага коюлган айыпты "баары жалаа" деп, кармалышын "аша чабуу" деп атады.
Ал абактан боштулганы тууралуу расмий маалымат бериле элек болчу.
Социалдык тармакта Дүйшөн Төрөкуловдун парламентте пайда болушу кызуу талкуу жаратты.