Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2021

Активисттин кармалышы куугунтук күндөрдү эске салды

0

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу бийликти күч менен басып алууга чакырган деп шектелип 15-мартта Бишкекте кармалды. Анын үйү жана ал мүчөлүк кылган «Ханституцияга каршы» борбору тинтилди.

Активист Конституциянын жаңы долбооруна жана Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө каршы чыгып келаткан. Бул жагдай президент Садыр Жапаров «Кыргызстанда мындан ары саясий куугунтук болбойт» деген учурга туш келди.

Тилекматтын баяны

Активист Тилекмат Кудайберген уулунун кармалганы жөнүндө расмий маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 16-мартта таратып, анын себептерине түшүндүрмө берди.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Улан Жумаков «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, кармалган жаран эки берене менен шек саналып жатат:

«Т.К. аттуу жарандын социалдык түйүндөрдө жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери байкалган. «Бул факт Жазык кодексинин 310-берене - «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» жана 264-берене - «Массалык баш аламандыктар» менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Тергөө аракеттеринин жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран кармалып, тергөө кызматына алынып келинген. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деди ал.

Мыйзамга ылайык кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда 48 саатка чейин олтурат. Анын андан кийинки бөгөт чарасын сот аныктайт. Милициядан билдиришкендей, факт боюнча тергөө иштери уланууда.

«Фейсбук» социалдык түйүнүндө Тилекмат Куренов аттуу ысым менен таанымал Тилекмат Кудайберген уулу 15-мартта кармалганы тууралуу маалымат чыккан. Анын санаалаштары органдын кызматкерлери активистти кеңсесинен келип кармап кеткенин, бирок милициянын Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү башкармалыгы  Радикализм, экстремизм менен күрөшүү тобу экөө бири-бирине шылтоолоп, маалымат бербей келишкенин даттанышты.

15-мартта анын үйү тинтүүгө алынган видео да тарады. Ошол эле убакта активист мүчөлүк кылган «Ханституцияга каршы» борборунда да тинтүү болду. Соңунда расмий кабар Бишкек шаардык милициясынан чыгып олтурат.

Тилекмат Кудайберген уулунун жактоочусу Амантур Абдрахманов анын кардары коюлган кинелерди толук төгүндөп жатканын билдирди:

«Жаңы кодекстерде «айыптоо» деген түшүнүк жок. «Шектүү» катары кабарлама беришти. Бирок кабарламада айтылган нерселер менен макул эмеспиз. Кечээ Тилекматты кармоо алдында аны алдап, адвокаттын катышуусуз кайсы бир көрсөтмөлөргө кол койдуруп алышыптыр. Мен барып, аны кайра өзүнө көрсөтсөм «мен мындай көрсөтмө берген эмесмин, мен андан баш тартам» деди. Кайра менин катышуумда сурак берди. Тилекмат «постторду мен жазган эмесмин, менин атымдан хакерлер жазып койгон окшойт» деп айтып жатат. Ал мындай чакырыктарды жасаган эмес. Ошондуктан, коюлган айыптар туура эмес».

Тилекмат Кудайберген уулу дээрлик он жылча убакыттан бери активист катары белгилүү болчу. Анын атасы Кудайберген Куренов Vesti.kg маалымат агенттигине курган маегинде, уулу 2013-жылы Кумтөр кенин мамлекеттештирүүнү талап кылган митингдерге катышканын белгилейт. Ал акцияларды азыркы президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов уюштурган эле.

Тилекмат 2016-жылдары педофилдерге жазаны катаалдатуу талаптарын көтөрсө, 2020-жылдын июль айларында пандемия учурунда шайлоо өткөрүүгө каршы митингдерди алып барган. Ушул эле жылы 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына каршы 5-6-октябрдагы акцияларга катышкан.

Бул окуялардан соң Садыр Жапаровдун абактан чыгып, бийликке келгенден кийин Тилекмат Кудайберген уулу Конституциянын шашылыш жаңыланышына каршы чыккан. Жапаров тараптан Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүү демилгеси көтөрүлгөндөн кийин активист кенди коргоо кыймылын түзүп, аны өзү жетектей баштаган.

Тилекмат Куренов деп аталган баракчасы аркылуу ушул темаларда, чек ара, коррупция, кадрдык саясат боюнча азыркы бийликти кескин сындаган постторду жайгаштырып турган. 9-мартта болсо Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

«Ханституцияга каршы» борборунун төрагасы, саясатчы Жеңиш Молдокматов мындай деп билдирүү жасады:

«Тилекмат Кудайберген уулу акыркы күндөрү Садыр Жапаровдун кылган иштерине, мыйзамсыз аракеттерине, өзгөчө «Ханституциясына» каршы чыгып, туура эмес, деп сындап чыккан. Жетим-Тоо боюнча каршы чыгып, кенди алып калган. Мына ошол жигитти кармап кетишти. Бирок, биз Садыр Жапаровдун кемчиликтерин айта беребиз, «Ханституциясын» сындай беребиз. Тилекматты камасын, мени камасын, баарын камап бүтө алышпайт. Садыр кечээ эле түрмөдөн чыккан, эми ошол түрмөсү менен коркутууда. Садырдын да түрмөсүн көрүп чыгалы».

Саясий куугунтук боюнча талаш

Ушул тапта социалдык түйүндө башка саясатчылар жана жарандык активисттер да Тилекмат Кудайберген уулу «саясий негизде камалды» деген пикири менен бөлүшүп, ага боштондук берүүнү талап кылышууда. Мындай позиция менен депутат Жанарбек Акаев, экс-судья Клара Сооронкулова, экс-министр Тилек Токтогазиев, экс-депутат Исхак Масалиев, журналист Али Токтакунов жана башкалар өз баракчаларында жактап чыгышты.

«Баштан башта!» кыймылынын лидери Улан Үсөйүн мындайча комментарий берди:

«Бул жерде негизги маселе социалдык түйүндөрдөгү чакырыктарда эмес, негизги маселе бийликтин коркуп жаткандыгында болуп жатат. Анткени азыр жаңы бийликке каршы нааразылык маанай күчөп жаткандыктан, алардын башчыларын, активисттерди коркутуу иретинде кармады деп эсептейм. Экинчи жагынан Садыр Жапаровдун айлана-чөйрөсүндөгүлөр «бөрк ал десе баш алган» жагынуу чарасы катары да жасап жатабы деп ойлоп кетем. Мен муну ачык эле саясий куугунтук деп эсептейм. Бийликти мындай сындагандарды кармап, камап-куугунтуктоо Бакиевдин убагында да болгон. Ал убакта кээ бирөө дайынсыз жоголуп кетип, өлтүрүлүп кеткендер да болгон. Атамбаевдин, Жээнбековдун убагында да жөн эле пикири үчүн саясатчылар, активисттер, же жөн эле социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары куугунтукталган. Бул ошол эски бийликтердин эле жолун улап бараткандыгынын белгиси катары кабылдаса болот».

Тилекмат Кудайберген уулунун «Фейсбуктагы» баракчасында көрүнүп тургандай, ал Конституция жана кендерден сырткары, чек ара, анклав, импичпент жана башка темаларда да пикир калтырган. Конституцияга каршы видеосун да жарыялаган.

 

Кудайберген уулунун жазган сөздөрүн скриншот кылып, өз баракчасына бөлүшкөн активист Бактыгүл Иманбек кызы болсо башкача пикирде. Ал муну аша чапкандык катары баалап, анын кармалышында саясий мотив жок деп эсептейт:

«Бул жерде эч кандай саясий куугунтук болгон жок. Сиз анын жазган постторун көрдүңүзбү? Азыркыдай кырдаалда ошондой ураандарды кереги жок. Анын эмне себептен камалганын билбейт экем, бирок ал жазгандары мага деле жаккан жок. Өтө чектен чыгып кеткен нерселерди жазыптыр. Азыр деген ким ызы-чуу чыгарып жатат? Кызматтан кур калгандар, же башка бир иштери боюнча кылмыш ачылып калгандар, же алардын тарапташтары чыгарып жатат. Кыйкырып чыксам эле, бийликтин көзүнө илинип, бир кызматка жетип алам деп, же ошол кылмыш ишим жоюлуп кетет, деген үмүткөр адамдар бар. Конституциянын жаңы долбоорун «Ханституция» деп атап алгандардын көбү ошол Баш мыйзамдын өзүн окуп чыкпаганы да көрүнүп турат. Алар биринчи документти окуп, карап, таанышып, анан чыгышса болмок, бир «акылман» чыгып каршы чыгып коюшса эле, калгандары ошону сүрөп чыгып кетип жатышпайбы. Бийлик саясий куугунтук кылып жатат деген таптакыр туура эмес. Садыр Жапаровдун азыр ички иштерге убактысы да жок, ал жалаң эл аралык мамилени жөнгө салуу менен алек болуп жатат. Президент азыр саясат менен эмес, инвестиция тартуу, бизнести жандантуу, экономиканы көтөрүү сыяктуу иштер менен алек»,-деди Бактыгүл Иманбек кызы.

Мунун алдында, 15-мартта президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге жана активисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын айткан эле.

Өлкө башчы буга байланыштуу сотторго, укук коргоо органдарына да эскертип жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан атайын кызматтын мурдагы төрасы Абдил Сегизбаевдин ишине токтолду.

«Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан тышкары көчөгө чыгып митинг кылып деле кыйкырып жатышат. Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары барбы? Азыр эч нерсе болгон жок да», - деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандык укук коргоочулар тобу февралдын этегинде президент Садыр Жапаровго кайрылып, оппозициячыл маанайдагы жарандарды куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позициясын ачык билдирүүгө чакырышкан. Алар жарандык активисттерди кысымга алуу боюнча акыркы окуяларга тынчсыздануусун билдирип, алар тез арада териштирилиши керектигин билдирди.

Буга Конституциянын жаңы долбоорун сындап жүргөн эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиеванын үйүнө белгисиз адамдар келип издеп, опузалаганы себеп болгон. Ошол эле тушта «Баштан башта!» жарандык кыймылынын мүчөлөрү да аларды укук коргоо органдары ээрчип жүргөнүн кабарлап, муну «куугунтуктоо» деп баалаган.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, каким будет летний сезон волонтерского проекта «Время добра»





Москва

Витаводород — живая мыслящая материя, основа жизни на Земле


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, каким будет летний сезон волонтерского проекта «Время добра»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Елена Волкова

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Hisense запустила рекламную кампанию «Ставшие легендой»

Детская зона «ЯРКО» – на Летней Спартакиаде «Газпром-Медиа Холдинга»

На причалах Москвы пройдут тренировки проекта «Спортивные выходные»


WTA

Рейтинг WTA. Калинская дебютировала в топ-20



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России