Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 30.03.2018

Анкара Косоводон өз шектүүлөрүн алып кетти

Azattyk.org 

Косовонун өкмөт башчысы ички иштер жана коопсуздук министрлерин кызматтан алды. Буга алты түрк жаранынын Түркияга экстрадицияланышы себеп болду. Премьер-министр Рамуш Харадинаж алардын Анкарага өткөрүлүп берилип жатканынан кабары болбогонун айтууда.

ТИМ Орусиядагы жарандарды футбол бүткөнчө сак болууга чакырат

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргыз жарандарын дүйнөлүк футбол биринчилиги бүткүчө сак болууга чакырат. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. - Министрлик зарылдык болбосо “ФИФА-2018 Дүйнөлүк футбол чемпионаты” өтүүчү Орусиянын шаарларына убактылуу баруудан карманып турууну сунуш кылат, - деди Кулукеева. Футбол биринчилиги Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Казань, Волгоград, Екатеринбург, Калининград, Ростов-на-Дону, Нижний Новгород, Самара, Саранск жана... Читать дальше...

Ошто медик студенттер ата-энелери менен акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуган жүздөгөн студенттер жана алардын ата-энелери окуу мөөнөтүнүн узартылганына нааразылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” студенттердин ата-энелеринен түзүлгөн комитеттин өкүлү Ибадат Тыныбекова билдирди. - Биздин балдарыбыз ОшМУнун медицина факультетинде 6-курста окуйт. Алты жыл окуп, эми дагы эки жыл ординатурада билим алышат. Окуу жайы менен ошентип келишим түзгөнбүз. Эми болсо дагы "үй-бүлөлүк дарыгер" деген нерсени кошуп,... Читать дальше...



Ар бир үйдө "суу сактагыч" курулган айыл

Azattyk.org 

Кыргызстанда таза суу маселеси кабыргасынан коюлуп турган кезде Жалал-Абаддагы Сары-Сыя айылынын тургундары кудук казып, маселени өздөрү эле чечип алышты.

Асылбек Жээнбеков: Съездге чакыруу келе элек

Azattyk.org 

КСДП фракциясынын депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков 31-мартка белгиленген партиянын жыйынынан кабардар экенин, бирок чакыруу албаганын “Азаттыкка” билдирди. - Мен үч күндөн бери тажияда жүрөм. Чакыруу келген-келбегенин азыр тактайм. Бирок мен 2007-жылдан бери КСДПнын Ош шаары жана облусу боюнча координаторумун. Бирок саясий кеңештен чыккам, - деди Жээнбеков. КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов партиянын жыйыны эртең, 31-мартта өтөрүн, ага 190 делегат чакырылганын билдирген. Читать дальше...

Асылбек Жээнбеков: Жыйындан кабарым жок

Azattyk.org 

КСДП фракциясынын депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков 31-мартка белгиленген партиянын жыйынынан кабары жок экенин “Азаттыкка” билдирди. - Мен үч күндөн бери тажияда жүрөм. Жыйындан кабарым жок. Чакыруу келген-келбегенин азыр тактайм. Бирок мен 2007-жылдан бери КСДПнын Ош шаары жана облусу боюнча координаторумун. Бирок саясий кеңештен чыккам, - деди Жээнбеков. КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов партиянын жыйыны эртең, 31-мартта өтөрүн, ага 190 делегат чакырылганын билдирген. Читать дальше...

Орусия: Сирия өкмөтү Чыгыш Гутанын 90% көзөмөлдөп турат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Лавров 29-мартта БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура менен жолуккан соң айтканына караганда, Сирия менен Орусиянын күчтөрү ал жерде калган козголоңчулардын көбүн эвакуациялады жана өкмөт азыр Чыгыш Гутанын 90 пайызын көзөмөлдөп турат.  Бул аймактын 90 пайызы Сирия армиясынын карамагына өткөнүн мурдараак байкоочулар да ырасташкан. Президент Башар Асаддын күчтөрү Чыгыш Гутага февраль айында чабуул коё башташкан.  БУУнун жана укук коргоочу топтордун эсебинде... Читать дальше...

Экс-спикер Турсунбековдун жардамчысына кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Абдыгул уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 171 жана 350-беренелери (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана документтерди жасалмалоо) боюнча иш козголгон. - Абдыгул уулу кылмышка шектүү катары өтүп жатат. Ага эч жакка чыкпоо талабы коюлган. Тергөөнүн жүрүшүндө суракка чакырылып жатат... Читать дальше...



Каныбек Осмоналиев 14 миң доллар пара алган

Пресс.kg 

Каныбек Осмоналиевдин 27 студенттен 14 миң доллар алганы аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматты: “Буга чейин Кыргыз-орус Славян университетинин медициналык факультетине 27 студентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча кылмыш иши козголгон. Анда негизги айыпталуучу Каныбек Осмоналиев болчу. Бүгүнкү күндө ошол 27 студенттен жалпысынан 14 миң доллар алган факт тергөөнүн жүрүшүндө толугу менен аныкталды. Тергөө […]

Косово Гүленге байланышы бар делген алты адамды депортация кылды

Azattyk.org 

Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Косоводо камалган алты адамды 29-мартта алып келүү үчүн Түркиянын чалгын кызматы (MIT) жеке менчик учакты колдонду. Маалыматтарга караганда, Косово Түркияга депортация болгондор АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин мектептер түйүнүнө тиешеси барлар. Түркия бийлиги Гүленди 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптаган. Диниятчы мындай ырастоолорду четке каккан. Түркияга депортация болгондордун биринин... Читать дальше...

Казак оралмандары Кытайдагы туугандарын коргоого аракеттенип жатат

Azattyk.org 

Бүгүн Алматыда, шаардык акимиаттын алдына жергиликтүү бийликтен нааразылык акциясына уруксат суроо максаты менен оралмандардын он чакты өкүлү келди.  Оралмандардын өкүлдөрүнүн айтымында, нааразылык акциясы учурунда алар Кытайда кысымга кабылган туугандарынын укуктары сакталышын талап кылышмакчы. Уюштуруучулар нааразылык акциясына миңдей адам жыйналат деп турушат. Алматы акимиатына чогулгандардын бири Кытайдан көчүп келип Казакстандын жарандыгын алган Даулетбек Ерболдун “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына билдиришинче... Читать дальше...

Казак оралмандары Кытайдагы туугандарын коргоого аракеттенип жатышат

Azattyk.org 

Бүгүн Алматыда шаардык акимиаттын алдына жергиликтүү бийликтен нааразылык акциясына уруксат сураганы оралмандардын он чакты өкүлү келди.  Оралмандардын өкүлдөрүнүн айтымында, нааразылык акциясы учурунда алар Кытайда кысымга кабылган туугандарынын укуктары сакталышын талап кылышмакчы. Уюштуруучулар нааразылык акциясына миңдей адам жыйналат деп турушат. Алматы акимиатына чогулгандардын бири, Кытайдан көчүп келип Казакстандын жарандыгын алган Даулетбек Ерболдун “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына билдиргени боюнча... Читать дальше...

Чүйдө тургундун үйүнөн ири өлчөмдөгү ок-дары табылды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер башкармалыгы райондун 64 жаштагы С.Г. аттуу тургунунун үйүнөн бир жарым миңден ашуун ок жана бир нече курал-жарак тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ыкчам иликтөө учурунда 5,45 жана 7,62 калибрлүү мылтыктын 1637 патрону, 5 кг бытыра, 50 даанага жакын пистон, гильза жана башка ок-дарылар алынган. Ошондой эле мылтык жана анын кундактары да табылган. Бул факт райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, баллистикалык экспертиза дайындалды. Читать дальше...

Израил танкынын огунан палестин фермери мерт болду

Azattyk.org 

Бул тууралуу Палестинанын бийлик өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, Израил тарап аткан октон бир фермер мүрт кетип, дагы бир адам жарадар болду.  Окуя палестиндердин Израилдин чек арасында өткөрүлмөкчү болгон нааразылык акциясы башталаар маалына туш келди. Хан Юнис деген шаарчанын жанында болгон окуяга Израилдин армиясы азырынча комментарий бере элек. Газа секторундагы палестиндер Израилдин чек арасында чатыр тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын баштаганы жатышат. Алар муну менен... Читать дальше...

Кыргызстанда абактарда кол өнөрчүлөр камералары ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор жаткан абактарда кол өнөрчүлүк камералары уюшулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Таалай Жапаров “Азаттыкка” билдирди.  - Өндүрүштүк камераларда соттолгондордун бир тобу кийиз, булгаары жана сүрөт тартуу курстарын үйрөнө баштады. Окугандан кийинки биринчи өндүрүмү чыга баштады. Биздин абак жайларда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгон 100дөй киши отурат. Алардын 90% "бизге да ушундай "кол өнөрчүлөр” бөлмөсүн уюштуруп бергиле" деп суранып жатышат. Читать дальше...

Экс-депутат Нурлан Сулаймановдун кылмыш иши токтотулду

Azattyk.org 

Экс-депутат Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов Бишкекте өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кылмыш ишинин токтотулушу анын издөөдө жүргөндүгү менен байланыштуу. Башкы прокуратура Сулаймановго ал транспорт министри болуп турганда коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси... Читать дальше...

АКШ: Орусиянын дипломаттар боюнча жообун актоого болбойт

Azattyk.org 

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерстин билдиргенине караганда, Орусиянын америкалык дипломаттар тобун өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечими “АКШ менен Орусиянын мамилеси дагы начарлаганын” көргөзүп турат. Ал эми Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт Москванын кадамы алар үчүн күтүүсүз эмес экенин белгилеп, буларды айтты:  - Бизге берилген тизмеден анык болуп тургандай, Орусия Федерациясы эки өлкө үчүн маанилүү маселелер боюнча диалогго кызыкпаганы билинип турат. Мен баса белгилеп кетейин - Орусиянын жообун эч актоого болбойт. Читать дальше...

12 машина уткан "Вулкан", 40 миң доллар тапкан "Карат". Эң мыкты буудандар кимдики?

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бекеринен ат — адамдын канаты деп айтылбаса керек. Жоокердик заманда аргымак эр жигит үчүн алмашкыс жолдош болсо, заманбап жашоодо улуттук оюндардын көркүн ачып, анан да ээсине баар таап берип жүрөт.

Депутаттар ЖЭБ боюнча Сатыбалдиевди сурашат

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук-электр борборун жаңылоого жумшалды делген 386 млн. доллардын кайда кеткенин иликтеген депутаттык комиссия мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевди жыйынга чакырды. Бул тууралуу комиссия төрагасы Улан Примов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, депкомиссиянын жыйынтыктоочу отуруму 2-апрелге белгиленди. Анда депутаттар Сатыбалдиевден TBEA менен түзүлгөн 386 млн. долларлык келишим боюнча маалымат сурашат. 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк болуп, борбор калаа беш күн жылуулуксуз калган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Игорь Бутман

Бутман и Агутин выступят на фестивале «Ангара-джаз» в Иркутске





Rss.plus
#123ru.net

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования




Кадыров сообщил, что встретился в Москве с королем Бахрейна Аль Халифой

Свердловская область упала в рейтинге, который готовят для Путина

Россияне в среднем хотят зарабатывать от 143 тысяч рублей в месяц

Лесной пожар потушили в Железнодорожном




Cууну натыйжалуу пайдалануу жолдору талкууланып жатат

Azattyk.org 

Бишкектеги иш-чара Дүйнөлүк суу ресурстары күнүнө карата Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба агенттигине караштуу Таза суу менен камсыздоо департаменти, Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан өткөрүлүүдө. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, “Жаратылыш жана суу” темасындагы талкууга өкмөттүн жана тиешелүү мекемелердин, жергиликтүү бийлик, Дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, БУУнун өнүктүрүү программасы, Швейцария элчилигинин өкүлдөрү катышууда. Читать дальше...

Кыргызстанда 2017-жылы терроризм боюнча 200дөй киши соттолду

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2017-жылы террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга айыпталып 191 киши соттолду. Бул тууралуу БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Бишкектеги кеңсесинен билдиришти.  Бул өткөн жылдын он айында гана соттолгондор. 2017-жылдын ноябрь жана декабрь айында камалгандар бул тизмеге кирген эмес. 191 соттолуучунун дээрлик 90% эки берене менен тең бирдей айыпталган. Камалгандардын 19% жалданмачылык боюнча да кине тагылган.  Булардын 89у беш жылдан он жылга чейин, 33ү 20 жылга чейин кесилген. Читать дальше...

Цемент баасынын күтүүсүз "секириги"

Azattyk.org 

Өлкөнүн түштүк аймагы жеткиликтүү баадагы цемент менен камсыздалбай, анын көпчүлүгү Өзбекстанга жана Тажикстанга сатылып жатканы боюнча парламентте маселе көтөрүлдү. Завод цементтин өздүк наркы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат бербей жатканы айтылды.

Депутат Музаффар Исаковдун иши сотко өттү

Azattyk.org 

КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлдөрү 30-мартта өткөргөн маалымат жыйынында билдиришти. Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 13-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Тергөөнүн маалыматы боюнча Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал... Читать дальше...

Таласта чагылгандан койлор кырылды

Azattyk.org 

Бейшемби күнү Талас облусунун Манас районунун Жайылган айылында болжол менен түшкү саат 14:00 чамасында чагылган түшкөн. Андан Узун-Булак жайлоосунда жайылып жүргөн жергиликтүү тургундардын он бештей кою кырылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» жергиликтүү тургун Нуржан Акматжанов билдирди. Маалыматка ылайык, чагылгандан адам баласы жабыркаган жок. 29-мартта республиканын дээрлик бардык аймагында жаан нөшөрлөп жааган. Анын кесепетинен Ош шаарындагы айрым үйлөрдү суу каптаган. (AlS)

Активист Ормуковдун абалы турукташып калды

Azattyk.org 

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүндө жаткан активист Темирлан Ормуковдун абалы турукташып калды. Бул тууралуу бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцова “Азаттыкка” билдирди. - Темирлан Ормуков жүрөк оорусу боюнча абалы орточо туруктуу. Өтө жакшырып калды деп айта албайм, бирок турукташып калды. Дарылоо жүрүп жатат. Анын абалы көзөмөлдө турганы үчүн реанимация бөлүмүндө жатат. Келгенине бир сутка болсо башка бөлүмгө которулат. Ал эми ичиндеги тилик 0,5 сантиметрди түзөт. Читать дальше...



Москва

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин пригласил москвичей и гостей столицы на фестиваль «Рыбная неделя»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Певец Лоза заявил, что Джикия является настоящим капитаном




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Нижнем Тагиле прошел десятый благотворительный забег ЕВРАЗа и городской спортивный праздник «Дай пять!»

Чья компания сильнее всех?

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве


WTA

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Минюст РФ внес Freedom House в реестр нежелательных организаций



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России