Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 25.04.2018

"Берекет" базарында чыккан өрт боюнча эки адам камакка алынды

Azattyk.org 

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Ош базарында 13-апрелде чыккан өрткө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Берекет" базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. "Берекет" базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын... Читать дальше...

Жамшитов: ишти прокуратура кызматкерлерин тазалоодон баштайбыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын башкы прокурорлугуна көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитов ишти прокуратура кызматкерлерин тазалоодон баштай турганын билдирди. Бул тууралуу Жамшитов 25-апрелде Жогорку Кеңеште анын талапкерлиги талкууланып жаткан жыйында айтты. - Биринчиден, прокуратура кызматкерлеринин арасындагы тазалануудан баштайбыз. Коррупция менен күрөштү, кадрдык саясатты, материалдык базаны күчөтөбүз. Бизнести колдоп, мыйзамсыз текшерүүлөрдү токтотобуз.  16-апрелде Башкы прокуратуранын Соттордун ыйгарым укуктарын... Читать дальше...

АКШнын мунайы Орусияны Европа рыногунан сүрүп чыгарууда

Azattyk.org 

Ушул жылдын башынан тарта АКШнын Европага экспорттогон мунайдын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу төрт эсе көбөйгөн. Америкадан алып келинген мунай ОПЕК уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жана Орусиянын мунайына атаандаштык жаратууда деп жазат "Рейтерс" агенттиги. Маалыматка ылайык 2018-жылдын алгачкы төрт айында АКШ Европага жети миллион тонна мунай экспорттогон. Апрелде бул көрсөткүч 2,2 миллион тоннаны түзүп, эң жогорку деңгээлге жеткен.  Адистердин айтымында, америкалык мунайга болгон кызыгууну анын арзан баасы арттырууда. Читать дальше...



Лукашенко Орусия менен Батышты сындады

Azattyk.org 

Беларус президенти Александр Лукашенко жылдык кайрылуусунда Орусия менен Батыш өлкөлөрүн сындады. Ал Москваны беларус товарларын орус базарына киргизбей жатат деп күнөөлөсө, Батышты "соода согушун тутандырды" деп айыптады.

Жамшитовго Румыниянын прокурорунан үлгү алуу сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын баш прокурору кызматына сунушталган Өткүрбек Жамшитовго Румыниянын прокурору Лаура Кудрицадан үлгү алуу сунушталды. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңеште Жамшитовдун талапкерлиги каралып жаткан кезде депутат Жанар Акаев билдирди.  Эл өкүлү румын прокурору коррупцияга каршы күрөштө тааныш-билиштикке жол бербей, 47 мэрди, 21 мамлектеттик компаниянын башчысын, үч министри камакка алганын, мыйзамды ыйык тутуп, аткаминерлер уурдаган 668 миллион долларды бюджетке кайтарганын мисал келтирди. Читать дальше...

Жамшитовго Румыниянын прокурорунан үлгү алууну сунуш кылышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын башкы прокурорунун кызматына көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитов Румыниянын прокурору Лаура Кудрицадан үлгү алганы оң. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңеште Жамшитовдун талапкерлиги каралып жаткан кезде депутат Жанар Акаев билдирди.  Эл өкүлү румын прокурору коррупцияга каршы күрөштө тааныш-билиштикке жол бербей, 47 мэрди, 21 мамлектеттик компаниянын башчысын, үч министри камакка алганын, мыйзамды ыйык тутуп, аткаминерлер уурдаган 668 миллион долларды бюджетке кайтарганын мисал келтирди. Читать дальше...

Кыргызстанда "Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте" конференциясы өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте" деген эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Зайырбек Эргешов Фридрих Эберт фондунун аймактык директору Александр Розенплэнтер менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушууда алар дин жаатындагы мамлекеттик саясатты жана Эберт фондунун ишмердигине байланыштуу маселелерди талкуулашты.  Эберт фонду улут аралык мамилелерди чыңдоо жана адамдардын жашоо деңгээлин жогорлатуу жаатында иш алып барат.

Кыргызстанда "Ислам азыркы светтик мамлекетте" конференциясы өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Ислам азыркы светтик мамлекетте" деген аталышта эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов Фридрих Эберт фондунун аймактык директору Александр Розенплэнтер менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушууда алар дин жаатындагы мамлекеттик саясатты жана Эберт фондунун ишмердигине байланыштуу маселелерди талкуулашты.  Эберт фонду улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана адамдардын жашоо деңгээлин жогорлатуу жаатында иш алып барат.



БШК: кош жарандыгы бар депутат жазалансын

Azattyk.org 

Парламентте жаңыдан мандат алган депутат Сагындык Келдибаевдин жарандыгы боюнча коомчулукта күмөн ойлор жаралды. Келдибаев мандат алууда жарандыгы маселе жаралган биринчи депутат эмес.

Жээнбеков: Антка бекем турбагандардын тагдыры кандай болгонун көрдүңөр

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы 25-апрелде Жогорку Кеңеште ант беришти. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышты.  Мамлекет башчы антты бузбоо ыйык милдет экенин белгилеп, буга чейинки өкмөт мүчөлөрүнүн тагдырын кайталабоону эскертти: - Өлкөбүздүн эгемендүү тарыхында силерден мурун да өкмөт мүчөлөрү ант беришкен. Бирок анттын ыйыктыгын, маңызын, жоопкерчилигин, касиетин, улуулугун түшүнбөгөндөрдүн, антка бекем турбагандардын тагдыры эмне болгонун көрдүңөр. Ошондуктан, берген антыңарга бекем болгула! Читать дальше...

"Республика - Ата Журт" Албек Ибраимовду отчет берүүгө чакырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешинин оппозициядагы "Республика - Ата Журт" фракциясы 25-апрелде түштөн кийин калаа мэри Албек Ибраимовдун отчетун угат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна депутат Канатбек Мүсүралиев билдирди.  Эл өкүлдөрү Албек Ибраимовдон курулуш, жер бөлүштүрүү, каражаттарды сарптоо жана башка иштер тууралуу отчет берүүнү сурашкан.  - Эгер келбесе, мэрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшүбүз мүмкүн,- деди Мүсүралиев.  Албек Ибраимов 2016-жылдын февралынан бери Бишкек шаарынын мэри. ... Читать дальше...

"Центерра" Кумтөр кенин "Chaarat" компаниясына сатпайт

Azattyk.org 

Бул тууралуу "Центерра Голд" бүгүн расмий сайтында билдирүү жарыялады. Кечээ Лондондун биржа фондунун сайтына "Chaarat Gold Holdings Ltd." кен казуучу компания “Центерранын” акцияларын, аны менен кошо Кумтөр кенин да сатып алууга кызыкдар экенин жана алар сунуштаган шарт Кыргызстан үчүн да жагымдуу экенин жарыялаган.  Бүгүн "Centerra Gold Ink." компаниясы өзүнүн сайтында алар "Chaarat" компаниясынын сунушун кабыл албай турганын жана Кумтөрдү сатпай турганын бышыктады.  “2018-жылдын март айында... Читать дальше...

Сагындык Келдибаев депутаттык ишин баштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеӊешке "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңы депутат болуп келген Сагындык Келдибаев 25-апрелде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал вице-премьер-министр кызматына дайындалган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди. Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын 24-апрелде мөөнөтүнөн мурда токтотуп, Келдибаевге мандат берилген.  Буга чейин айрым маалымат каражаттары Келдибаевдин кош жарандыгы бар экени, Орусиянын да жарандыгын алганы тууралуу кабар тараткан. Читать дальше...

Бүгүн Бишкекте салттуу музыка боюнча жыйын уланат

Azattyk.org 

“Ааламдашуу шартында улуттук иденттүүлүктү сактоодогу салттуу музыканын ролу” аттуу эл аралык илимий практикалык конференция Бишкекте Улуттук илимдер академиясында бүгүн да уланат. Кечээ башталган иш-чарада “салттуу музыкалык искусствону изилдөө” жана “маданият, искусство жана дүйнө тааным” деген маселелер каралууда. Конференция Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналган жумалыктын алкагында өтүп жатат. Бул жумалык 21-апрелде башталган. Анын алкагында салттуу музыка боюнча кароо-сынак... Читать дальше...

Армян оппозициясынын лидери митингдерди улантууга чакырды

Azattyk.org 

Армениядагы оппозициянын лидери Никол Пашинян нааразылык акцияларын улантууга чакырды. Бул тууралуу ал 24-апрелге караган түнү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Пашиняндын айтымында, бийлик Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматтан кетүүсүн өзү сүрөгөн "Республикачылар" партиясынын башкаруусун сактап калуу үчүн колдонуп жатат. Никол Пашинян 25-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетяндан, парламент спикери Ара Бабалояндан жана көпчүлүк коалициянын башчысы Ваграм Багдасаряндан телефон чалуу күтөөрүн белгиледи. Читать дальше...

Кыргызстандын "Алай" жана Тажикстандын "Истиклол" клубдары беттешет

Azattyk.org 

Бүгүн Ош шаарынын "Алай" клубу менен Тажикстандын "Истиклол" клубу "Азия футбол конфедерациясы" кубогу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу "Алай" клубунун медиа офицери Нияз Ташматов “Азаттыкка” билдирди. Футболдук мелдеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо саат 14:00дө башталат. Былтыр кыргызстандык клуб чоң айырма менен тажикстандык клубдан утулуп калган. Учурда эки клуб тең өз өлкөсүнүн чемпиону. (ErN)

Франция менен АКШ Иран боюнча жаңы макулдашуу түзмөй болушту

Azattyk.org 

Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушкан соң эки тарап Ирандын өзөктүк курал программасы боюнча жаңы макулдашуу иштеп чыгууга токтолушканын билдирди. Француз маалымат каражаттары Макрон менен Трамп Иран менен учурдагы макулдашуу боюнча бир пикирге келе алышпаганын белгилешти. Шейшембиде Ак үйдө француз президенти Эммануэл Макрон менен жолугушканда президент Дональд Трамп эгер Иран өзөктүк программасын кайра баштаса “мурда болуп көрбөгөндөй олуттуу көйгөйлөргө туш болоорун” эскерткен. Читать дальше...

Бишкекте борбордун 140 жылдыгын белгилөө башталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мааракесине карата Свердловск районундагы шаардык Умуралиев театрында Жунсуке Киноситанын “Каркыранын канаты” пьесасы коюлат. Иш-чара саат экиде башталат. Борбордун 140 жылдыгына арналган пьеса ушул эле жерде 28-апрелге чейин көрсөтүлөт. Ордо калаанын мааракесине карата салтанаттар ушул күндөрү шаардын башка жерлеринде да өтөт. Негизги иш-чаралар 29-апрелде болот. Бул күнү Бишкектин борбордук аянтында чоң концерт даярдалууда. (ErN)

Торонтодогу автоунаа менен кол салуу боюнча соттук кароо башталды

Azattyk.org 

Канаданын Торонто шаарында автоунаа менен тебелеп, он адамды өлтүрүүгө шектелген кичиавтобустун айдоочусунун соту башталды. Канада полициясы анын бул кол салууга барган себебин аныктоого аракет кылууда. Канада полициясынын башчысы Марк Соундерс адамдарды сүзүп кеткен киши 25 жаштагы Торонтонун четинде жашаган Алек Минасян экенин жарыялады. Соундерстин айтымында, шектүү бул ишке атайылап барган. Ал окуя болгон жерде кармалган. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо соңку "кол салуу терроризм" деген версияны четке какты. Читать дальше...

Түнкү шамалдын кесепеттери такталууда

Azattyk.org 

24-апрелдин кечинде жана түндө болгон шамалдын кесепеттери такталып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кечээ 18:00дөн 20:00гө чейин Баткен жана Талас облустарынын аймагында секундасына 14-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Анда Талас районундагы бир нече турак жайдын чатырын шамал учуруп кеткен, Баткен облусу боюнча маалыматтар түшө элек. Мындан сырткары түндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамал болду. Читать дальше...

Бүгүн Бишкекте кыймылсыз мүлккө байланыштуу тегерек үстөл өтөт

Azattyk.org 

“Кыймылсыз мүлккө күрөөнү онлайн режимде каттоо” деп аталган жыйын Бишкек шаарында “Орион” мейманканасында өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты. Тегерек үстөлдө кыймылсыз мүлктү каттоо жана аларды күрөөгө коюу боюнча автоматташтырылган системанын иши жана бул жааттагы реформалар тууралуу сөз болот. Иш-чараны Юстиция министрлигинин кыймылсыз мүлктөрдү каттоо борбору Дүйнөлүк банк менен чогуу уюштурат. Ага аталган мекеменин, коммерциялык банктардын жана каржы-кредиттик ишканалардын өкүлдөрү катышат. Читать дальше...

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант берет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берет. Парламенттин ишеним көрсөтпөө аракетинен кийин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 19-апрелде иштен кеткен. 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын командасы Жогорку Кеңештин колдоосу жана президенттин жарлыгы менен ишин баштаган. Жаңы өкмөттүн тең жарымы жаңы министрлер менен толукталган, ошол эле кезде мурдагы өкмөттүн курамындагылар да калган. (ErN)

Ошто өрттөн жабыркаган эки адамдын абалы оор

Azattyk.org 

Ош шаарындагы 12 кабат үйдөн чыккан өрттөн жабыркаган алты кишинин экөөнүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы Шайырбек Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдирди. - Бизге башында алты адам келип түшкөн. Алардын экөө күйүп, жараат алганы үчүн биринчи жардамды алгандан кийин эле чыгып кеткен. Азыр калган төртөөнүн абалы жеңил. Ал эми калган эки бейтаптын бири учурда реанимацияда жатат. Мээсине кан куюлуп кеткен экен, нейрохирургиялык операция жасалды. Читать дальше...



Москва

Компактные ирригаторы, электрические щетки и насадки ДиФреш по старым ценам с доставкой в РФ


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Уникальные сервисы в центре "Профессии будущего" упрощают поиск работы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

КУРОЧКА РЯБА - спектакль театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.

«Милан» сыграл вничью с «Салернитаной» в Серии А

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.


WTA

Россиянка Рахимова вышла в полуфинал турнира WTA в Рабате



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

'Y'all killed it': Survive the Undead, a community-made PvE zombie mode, is bringing players back to Halo Infinite



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России