Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 03.10.2018

Канатбек Азиз "Ата Мекенден" кетти

Azattyk.org 

"Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз кызматтан кетти. Бул тууралуу юрист "Азаттыкка" өзү кабарлады. - Мен "Ата Мекен" партиясынын мүчөлүгүнөн 2011-жылы эле, Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болуп барганда эле чыккам. Бирок бул партияга дайым эле жардам берип жүргөм. Акыйкатчынын орду бошогондо партиялаштарым менен сүйлөшүп, "улуттун, коомдун маселелери болуп атса, акыйкатчылыкка талапкерлигимди коюп атсам, партиянын кызыкчылыктары болбош керек" деп, "шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун... Читать дальше...

Ирак парламенти жаңы президент шайлады

Azattyk.org 

Ирак парламенти шейшембиде жаңы президентти шайлады. Муну менен май айынан бери өкүм сүрүп келаткан саясий кризис жөнгө салынды. Депутаттардын көбү Күрдстандын патриоттук бирикмесинин лидери, Британияда билим алган 59 жаштагы Бархам Салихти колдоду.  Иракта Саддам Хусейндин бийлиги кулатылгандан кийин бийлик үч ири саясий топтун ортосунда бөлүштүрүлүп келет. Президенттин кызматы күрттөргө, парламент төрагалыгы суннит арабдарга, премьерлик шииттердин өкүлүнө тиет. Бийлик бутактарынын бардык башчылары парламентте шайланат. Читать дальше...

Атамбаев: Бишкекти кыйроодон сактап калгандар абакта отурат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Борбор Азиядагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкцияланган деп эсептейт. Бүгүн Атамбаев “Бишкек ЖЭБдеги авария: ушактар жана чындык” деген аталышта билдирүү таратып, бир катар мурдагы жетекчилер мыйзамсыз камалып отурганын айтып чыкты. “Энергетикада баа 1 мВт электр энергиясынын наркы боюнча аныкталат. Борбор Азияда ЖЭБди реконструкциялоо боюнча 6 сунуштун базасында орточо нарк, жыйынтыктап айтканда, 1 мВТ кубаттуулук үчүн 2,03 млндолларды түзөт. Читать дальше...



Арменияда Пашинян алты министрди кызматтан алдырды

Azattyk.org 

Армениянын президенти Армен Саркисян Ереванда парламенттин алдындагы массалык нааразылык акциясынан кийин алты министрди кызматтан алды.  Кызматтан алынгандар - мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндө сунушка каршы болгон «Гүлдөгөн Армения» жана «Дашнак-цутюн» партияларынын өкүлдөрү. Парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян колдойт. Парламенттеги добуш берүүдөн кийин Пашинян тарапкерлерин Еревандын борборуна нааразылык билдирип чыгууга үндөгөн. Читать дальше...

Жалал-Абад аэропортунун айынан шаарда көп кабаттуу имараттар курулбай жатат

Azattyk.org 

Шаардын ортосунда, калктуу конуштардын арасында жайгашкан Жалал-Абад аэропортунан улам калаада көп кабаттуу имараттардын курулушу токтоп турат. Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков “Азаттыкка” билдирди. - Кыргыз Республикасынын Аба кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык аэропорттун учуп-конуу тилкесинен 2 миң метр аралыкка чейин эки кабаттуу имаратарды курууга тыюу салынган. Курулуш жүргүзүүгө Жарандык авиация департаментинен уруксат алуу талап кылынууда. Анын кесепетинен учурда калаада көп кабаттуу 3 үйдүн... Читать дальше...

Жалал-Абад мэриясы митинг өткөрүүгө уруксат бербей койду

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын мэриясы калаанын борборунда митинг уюштурууга уруксат сурап кайрылган тургундардын өтүнүчүн четке какты. Вице-мэр Майрамбек Адылбеков шаардын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып жаткан чакта борбордук Эркиндик аянтын да тосуп митинг өткөрүүгө уруксат берилбегенин айтты:  - Бизге кайрылган жашоочулар эмне максатта чогулуп жатканын так билдиришкен эмес. Ошол себептүү азырынча шаар сыртындагы Телтору ат майданында өткөрүүнү гана сунуштадык, – деди Адылбеков. Читать дальше...

АКШ элчиси орус ракеталары жок кылынарын эскертти

Azattyk.org 

Брюсселде бүгүн НАТОнун коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны башталууда. Аны утурлай Кошмо Штаттар Орусия ракеталар боюнча мындан отуз жыл мурда кол коюлган келишимдин шарттарын бузуп жатканын дагы бир жолу эске салып, НАТОдогу өнөктөштөрүн бул жагдайга олуттуу көңүл бурууга чакырды. Ал түгүл АКШнын Түндүк Атлантикалык Альянстагы элчиси өз өлкөсү Орусиянын келишимде тыюу салынган ракеталарын жок кыла аларын да эскертип өттү. Кайра бул сөзүнө 3- октябрда түзөтүү киргизди.



Мигранттардын пенсиясы боюнча ЕАЭБдин келишимине жакында кол коюлат

Azattyk.org 

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттер мигранттардын пенсиясы боюнча маселени жөнгө салуу максатында келишим кабыл алганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Социалдык фондунун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов билдирди. Анын айтымында, учурда беш мамлекеттин ортосунда пенсия менен камсыздоо келишиминин долбоору иштелип чыгып жатат, жакын арада кол коюлат. Анда аймактык эмес, пропорционалдык принциптин негизинде иш жүргүзүлөрү каралууда.  - Мисал үчүн, биздин мигранттар бул жакка кайтып келип... Читать дальше...

Путин экстремизм боюнча беренени жумшартууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин «жек көрүүнү жана кастыкты козутуу» жөнүндө беренени жарым-жартылай жумшартууну сунуш кылды. Мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага келип түштү. Путин эгерде жаран кылмышка биринчи жолу барса жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратпаса, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесин колдонбоону сунуш кылды. Президенттин белгилешинче, калган учурда бул беренени колдонуу негиздүү. Бирок бир жыл ичинде кайрадан кылмыш кылса, ал адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.   ... Читать дальше...

Кыргызстанда өтчү эл аралык Ысык-Көл шеринеси Чыңгыз Айтматовго арналат

Azattyk.org 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1986-жылы демилге көтөргөн Ысык-Көл шеринеси бул жылы жазуучунун өзүнө арналат. Бул тууралуу "Азаттыкка" маданият министринин орун басары Айнура Султанбаева кабарлады. "Ысык-Көл шеринеси" деп аталган эл аралык форум 4-октябрда башталып 7-октябрга чейин уланат. Ага 28 өлкөдөн келе турган 100дөн ашык конок келет. Шеринеге ТҮРКСОЙ жана ЮНЕСКО эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Кыргызстандын президенти катышат. 4-октябрда саат экиде ТҮРКСОЙдон келген коноктор жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине... Читать дальше...

Токон Мамытов “Саясий туткундарды коргоо” комитети менен иштешүүгө даяр

Azattyk.org 

Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы Токон Мамытов эгерде “Саясий туткундарды коргоо” комитетинен мыйзамга дал келген, туура сунуштар болсо аны колдойт жана биргеликте иштешүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Мамытов шейшемби күнү аталган уюмдун өкүлү Зульфия Маратты кабыл алды. Зульфия Марат учурда камакта жаткан саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматов боюнча маселе көтөрүп... Читать дальше...

Ысык-Көлдө манасчылар Карга акенин 300 жылдыгына карата "Манас" айтышууда

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Жети Өгүз районунун Дархан айылында өлкөнүн баардык аймагынан келген манасчылар манас айтышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" манасчы Дөөлөт Сыдыков кабарлады. Бул иш-чара Ысык-Көлдөн чыккан белгилүү жети акенин эң улуусу Карга акенин 300 жылдыгына арналган. Дархан айылына ар бир акенин атына бирден боз үй тигилген. 30-сентябрда башталып 6-октябрга чейин улана турган мааракеге Кыргызстандын манасчылары барып, Карга акенин боз үйүндө "Манас" айтышууда. Аны угууга жакынкы айылдардын... Читать дальше...

72 бала бакчанын имаратын мекемелер ээлеп турат

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 72 бала бакчанын имаратында түрдүү мамлекеттик органдар иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин прокуратура органдарынын кийлигишүүсүнөн кийин 89 имарат кайра бала бакчаларга кайтарылып берилген. Учурда 6 имарат боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Кыргызстанда бала бакча тартыштыгы - эң көйгөйлүү социалдык маселелердин бири. Читать дальше...

Депутат Акаев: Төрт президентке стратегия жазып жүргөндөр кийинкиге катышпасын

Azattyk.org 

Буга чейинки президенттердин тушунда улуттук стратегияларды жазып жүргөндөр эми бул сыяктуу документтерди иштеп чыгууга катышпасын. Мындай сунушун бүгүн парламентте сүйлөп жатып депутат Жанарбек Акаев билдирди. Бүгүн Жогорку Кеӊеште “Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Долбоорду депутаттар тобу сунуш кылган.  Депутат Акаев буга чейин көптөгөн стратегиялар жазылганын, бирок алар ишке ашпаганын жана бул... Читать дальше...

Акаев: Төрт президентке стратегия жазып жүргөндөр кийинкиге катышпасын

Azattyk.org 

Буга чейинки президенттердин тушунда улуттук стратегияларды жазып жүргөндөр эми бул сыяктуу документтерди иштеп чыгууга катышпаса. Мындай сунушун бүгүн парламентте сүйлөп жатып депутат Жанарбек Акаев билдирди. Бүгүн Жогорку Кеӊеште “Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Долбоорду депутаттар тобу демилгелеген. Депутат Акаев буга чейин көптөгөн стратегиялар жазылганын, бирок алар ишке ашпаганын жана бул үчүн... Читать дальше...

Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору дайындалды

Azattyk.org 

Кечээ Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору дайындалды. Башкы прокурордун буйругу менен Бишкектин прокурору болуп Темирбек Бекмаматов дайындалса, Ош шаарына прокурор болуп Кубат Абдураимов барды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватова кабарлады. Темирбек Бекмаматов мурда башкы прокурордун орун басарлык кызматын аркалаган. Бул кызматтан ал 2015-жылдын башында Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен алынган. Ал Ош облусунун Алай районунда туулган. Ал эми Чүй... Читать дальше...

УКМК Аттокуровдун Кулматов тууралуу суроосуна жооп берди

Azattyk.org 

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Аттокуровдун Кулматов тууралуу суроосуна жооп берди. Аттокуров кечээ парламенттик комитетте сүйлөп жатып Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Калыс-Ордодогу мектепке байланыштуу айып тагылганын, бирок министр бул мектептин ишинде калет жок экенин айтып жатканына нааразы болгон:  - Гүлмира Каримовна айтып кетти, Калыс-Ордодо 1600 бала окуп жатат татынакай эле деп. Ошол эле учурда ал мектепке байланыштуу Кубанычбек Кулматовду камап салды, эки миллион долларды туура эмес сарптаган деп. Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

В Душанбе открылась книжная выставка, посвящённая Юлии Друниной и Булату Окуджаве





Rss.plus
Svetlana L

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве




«По-настоящему яркие эмоции»: в российский прокат выходит супергеройский боевик «Майор Гром: Игра»

Все ради незабываемого кадра в Sun Siyam Iru Veli

Платформа нацпроекта «Производительность труда» по цифровизации бизнеса охватила 3000 предприятий

Сборная Подмосковья ведет борьбу за трофей международного турнира «Студмир»




Орусияда Кыргызстандан ташылып бараткан товар кармалды

Azattyk.org 

Орусияда Кыргызстандан мыйзамсыз товар ташып өтүүгө аракет жасагандар кармалды. Бул тууралуу Уралдын бажы башкармалыгы расмий сайтына жарыялады. Мекеменин маалыматына караганда, Екатеринбургду көздөй бараткан машина Челябинсктин «Троицк» өткөрмө бекетинен колго түштү. Ичинде спорттук костюмдар, жинсы, көйнөктөр табылган. Алардын 800 даанасына GUCCI, Reebok, Adidas, Puma, Philipp Plein, Dolce & Gabbana деген товардык белгилер чапталган. Орус тарап бул фирмалардын өкүлдөрүнө келтирилген зыян... Читать дальше...

Кен башкаруунун жаңы механизмдери иштелип чыгат

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдери иштелип чыгат. Мындай тапшырма өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн жыйында тиешелүү мекеме жетекчилерине берилди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда мурда берилген лицензияларды инвентаризациялоо жүрүп жатат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун айтымында, келечекте жер казнасын пайдалануу укугуна сынак жана аукцион өткөрүүдө мамлекеттик активдерди көбөйтүү жагы каралат. Читать дальше...

Лейлек районундагы айылдык кеңештин депутаты адам уурдоого шек саналып жатат

Azattyk.org 

Лейлек районундагы айылдык кеңештин депутаты адам уурдоого шектелүүдө. Ага бир тууганы көмөктөшкөн деген маалымат бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Лейлектин Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Бишкек шаарында бир адамды күчтөп автоунаага салып кетип жабыла токмоктошкон. Бишкек милициясы бул иш боюнча жабырлануучудан арыз 28-сентябрда түшкөнүн, учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Читать дальше...

Бишкекте кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт

Azattyk.org 

3-октябрда Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-казак бизнес форумуна машине куруу, курулуш, азык-түлүк жана медицина тармагындагы казакстандык фирманын өкүлдөрү келет. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле атамекендик ишкерлер да катышат. Бизнес-форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуу өтүп, соода тармагында өз ара кызматташтык талкууланат. Иш-чараны Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Казакстандын экспорт боюнча улуттук агенттиги уюштурган. Эки өлкөнүн товар алмашуусу 500 млн. Читать дальше...



Москва

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В московской мэрии не планируют запрещать самокатам ездить по тротуарам



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Рокер Шнуров на «Новой фабрике звезд» пристыдил певца Киркорова за Евровидение




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии спорта и повышении его доступности для граждан

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии спорта в селах Чукотки


WTA

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Блоги

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России