Ысык-Көлдө эки адамды өлтүрүүгө шек саналган адам табыла элек
Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алды деп шек саналган Сергей Смирнов ушул күнгө чейин табыла элек. Аны издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Смирновдун кайда экени белгисиз болуп жаткандыктан, ага октябрь айынын башында эл аралык издөө жарыяланган. Июль айында «Хан-Теңири» альплагеринде Сергей Смирнов аттуу киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, аялды барымтага алып качып кеткен. Читать дальше...