Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 08.11.2019

Алимент мыйзамы жоопкерчиликке жол ачабы?

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" программасынын бул жолку чыгарылышында алимент төлөгүсү келбеген ата-энелер жана жоопкерчилик тууралуу сүйлөшөбүз. Сиз алимент мыйзамы баласына каралашпай, качып жүргөндөрдүн санын азайтарына ишенесизби?

Бишкекте тез тамактануучу жайда жарылуу болду

Azattyk.org 

"Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгону тууралуу маалыматты ага күбө болгондор социалдык тармактарга жарыялашты. ӨКМдин 112 кызматы жарылуу болгонун ырастады. Баштапкы маалыматтар боюнча Эркиндик жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги тез тамактануучу жайдагы жарылуудан жабыркагандар бар, жаш балдар да болушу мүмкүн экени айтылууда.  Кырсык болгон жерге ИИМдин кайгуул-күзөт кызматкерлери келип, күйүп жаткан имараттан элди чыгарып кетишкен.  Күбөлөрдүн айтуусунда, тез тамактануучу жайда үч жолу жарылуу болгон.



Укукту үйрөткөн тиркеме

Azattyk.org 

"Айкын багыт" коомдук фонду үй-бүлөлүк талаш-тартыштагы укуктук суроолордун жообун бир тиркемеге топтоду. Баян БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда "Айкын багыт" коомдук фондунун "Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар" долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды. Коммерциялык мүнөздө эмес.

Түркияда Чокморов менен Турсунбаеваны эскерүү иш-чарасы өттү

Azattyk.org 

7-ноябрда Түркиянын борбору Анкара шаарында Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылыгына арналган кече уюштурулду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган кечеде Кыргызстандан келген коноктор катышуучуларга эки залкардын өмүр баянын жана чыгармачылыгын айтып беришти.  Анкара искусство университетинин жалпы жамааты катышкан бул маданий кечеге жергиликтүү студенттер чоң кызыгуу менен катышты. Кече Төлөмүш Океевдин эки... Читать дальше...

Түркияда кыргыз мигранттары мекендешин тоногон деп шек саналууда

Azattyk.org 

Бул тууралуу Анталия прокуратурасынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда 7-ноябрда Анталия шаарынын Манавгат аймагындагы мейманканалардын биринде иштеген кыргызстандык эки келин ошол эле мейманканада иштеген мекендешин ур-токмокко алып чөнтөк телефонун тартып алган. Жабырлануучу, 38 жаштагы Н.К. Манавгат мамлекеттик ооруканасына жеткизилип, ал жерден полиция кымзаткерлерине арыз менен кайрылган. Маалыматка ылайык, кыргызстандык эки шектүү жаранга каршы кылмыш иши козголуп... Читать дальше...

Келерки жылдын бюджети тууралуу парламенттик талкуу болот

Azattyk.org 

15-ноябрда Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланат.  Парламенттик талкууга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.  Өлкөнүн «2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору өткөн аптада Жогорку кеңештин бир катар тармактык комитеттеринде каралган.  Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча... Читать дальше...



Ноокаттагы мрамор кенин иштетүү токтоп турат

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ноокат районундагы Акарт кенинде мрамор иштетүүгө уруксат алган «Алдаяр-Уголь Лимитед» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Таалай Бердикулов билдирди. Анын айтымында, азыр мрамор ташты алууга байланышкан бардык жумуштар токтотулган. Мындан тышкары «Алдаяр-Уголь Лимитед» компаниясы мрамор кениндеги арча өспөгөн беш гектардай аймакты иштетүүгө уруксат сурап жатат.  - Азырынча жумуш токтоп турат, - деди Таалай Бердикулов. - Биз уруксат алаарда арча тууралуу кеп болгон эмес. Читать дальше...

«Тай» сөзүнүн таржымалы

Azattyk.org 

Апасынын туугандары баласына «тай» болот. Ошондон улам кыргызда апасынын атасы - тай ата, апасынын апасы - тай эне, апасынын эжеси же сиңдиси - тай эже, апасынын бир тууганы - тай аке, анын жубайы - тай жеңе болуп аталып келгени белгилүү.

Украина: журналист менен аткаминердин чыры

Azattyk.org 

Украин полициясы «Азаттыктын» украин кызматынын кабарчыларынын арызынын негизинде президенттик администрациянын жетекчисинин мурдагы орун басары Андрей Портновго «Журналисттердин кесиптик мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу» жана «Журналистке зомбулук көрсөтүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

«Жөө күлүк» тасмасы Минск шаарында көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан «Жөө күлүк» тасмасы эл аралык «Листопад» кинофестивалынын алкагында Минск шаарында көрсөтүлдү. Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин маалыматына караганда, салтанатка Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эсенгул Ибраимов, элчилик кызматкерлери жана Минскиде жашаган кыргызстандыктар катышты. Ал эми иш-чараны уюштуруучулардын бири Игорь Сукманов «Жөө күлүк» тасмасын тааныштыруу учурунда кыргыздын улуттук баш кийими ак калпакты кийип чыкты. «Листопад» кинофестивалы... Читать дальше...

Волейболчу кыздар аймактык Азия чемпионатына катышат. Спортчулардын тизмеси

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Чемпионат 8-ноябрдан 15-ноябрга чейин Дакка (Бангладеш) шаарында өтөт. Волейболчуларга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 627 миң сом каралган.

Түркмөн дарыгер маегин танды

Azattyk.org 

Түркмөнстанда кумса экенин ачык айткандан кийин дайынсыз жоголгон 24 жаштагы дарыгер 6-ноябрда табылып,  мурдатан «Азаттыктын» түркмөн кызматына айткандарынын баарын төгүндөдү.

Тергөө менен тескөөнүн түйшүгү көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңыдан күчүнө кирген кодекстердин негизинде иштөө татаалдашып, жумуштун жүктөмү көп болгондуктан милициядан тергөөчүлөр менен тескөөчүлөр кетип жатканы айтылууда.

Казак аткаминерлерине смартфон колдонууга кайра уруксат берилет

Azattyk.org 

Казакстанда жакынкы убакта мамлекеттик кызматкерлердин жумуш орундарында смартфон колдонушуна кайрадан уруксат берилет. Бул тууралуу өлкөнүн санариптик өнүгүү, инновациялар жана агрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Аблайхан Оспанов билдирди. - Мага жеткен маалыматтарга караганда, тиешелүү токтом өкмөткө келип, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылды. Жакында өкмөттүн жыйынында каралат. Кеп бардык мамлекеттик кызматкерлерге чектөөсүз смартфон колдонуу мүмкүнчүлүгүн кайтарып берүү жөнүндө болуп жатат. Читать дальше...

Орусияда журналист ушак тараткан деп айыпталууда

Azattyk.org 

Орусияда полиция «Росбалт» агенттигинин журналисти Александр Шваревге ушак таратуу жана опузалоо боюнча сыртынан айып койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар адвокаттарга шилтеме кылып билдиришти. Журналист белгилүү ишкер Алишер Усманов тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, мындан тышкары ал казакстандык ишкерден опузалап 50 миң доллар талап кылган. Шварев учурда Латвияда дарыланып жатканы кабарланды. Дүйшөмбү күнү сот аны сыртынан камакка алуу маселесин карашы керек. Читать дальше...

Ош мэриясы тарбиялык иштерде имамдарды тыгыз кызматташууга чакырды

Azattyk.org 

Ош шаардык мэриясынын Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев дин кызматкерлерин эл менен тыгыз иштешүүнү улантууга чакырды. Калаанын Туран конушунда балдардын окуусун, жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө арналган жыйында ал имамдарга ушундай кайрылуу жасаганын Муфтияттын басма сөз кызматы 7-ноябрда кабарлады. Ажибаев элге үгүт-насаат айтып, таалим-тарбияны жакшыртууда дин кызматкерлери чоң салым кошорун белгилеген. Ош шаардык мэриясы ушундай өңүттө жыйындар болуп жатканын бышыктады. Андай иш-чараларга мектеп директорлору... Читать дальше...

Максат айылында жер өздөштүрүү долбоору 2020-жылы башталат

Azattyk.org 

Тажикстан менен чек араны бекемдөө максатында 1996-жылы уюшулган Максат айылында кошумча 1800 гектар жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн казынадан каражат бөлүнмөй болду. Андан тышкары Дүйнөлүк банктан да жардам алынары күтүлүүдө. 1 млрд. 900 млн. сомдук долбоор 2020-жылы башталат. Төрт этаптан туруп, 2026-жылга чейин бүткөрүү пландалган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 1996-жылы Тажикстан менен чек араны бекемдөө үчүн боз талаага өкмөт алтымыштай үй куруп, башка аймактан эл көчүп келген. Читать дальше...



Москва

В исторических парках покажут любимые мультфильмы от СТС Kids ко Дню защиты детей


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин анонсировал большую летнюю спортивную программу



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Башмет

С 31 мая по 7 июня 2024 в Самаре пройдет детская академия Башмета




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Работники Пожарно-спасательного центра показали свою слаженность в боевом развертывании

Студент из Волоколамска стал бронзовым призером чемпионата «Абилимпикс»

В новой Москве соревновались нештатные формирования


Ролан Гаррос

Парижские сюжеты: Медведев играл в кошки-мышки, Котов творил историю, Калинская заставляла нервничать Синнера



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

ONYX отправляется в Большой тур по России



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России