Парижде исламофобияга каршы адамдар көчөгө чыкты
Франциянын баш калаасы Парижде жекшемби күнү исламофобияга каршы акция өттү. Ага он миңден ашуун адам катышты. Уюштуруучулардын айтымында, жүрүштүн өтүшүнө эки жума мурда ашынган улутчулдар менен байланышы бар адам Байон шаарындагы мечитте ок атып, эки адамды жарадар кылганы түрткү болду. Демонстранттар «Бардык расизм токтосун!», «Исламофобия - пикир эмес, кылмыш!» деген ураандарды чакырып жатышты. Айдын башында өткөрүлгөн сурамжылоого караганда, Франциядагы мусулмандардын 40 пайызы диний кодулоону, кемсинтүүнү сезерин айтышкан. Читать дальше...