Иран бал өндүрүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда
Ирандын айыл-чарба министринин орун басарынын кеңешчиси: Иран жылына 77 миң тонна бал өндүрүү менен дүйнөдө төртүнчү орунда турат.
Ирандын айыл-чарба министринин орун басарынын кеңешчиси: Иран жылына 77 миң тонна бал өндүрүү менен дүйнөдө төртүнчү орунда турат.
Боливиянын кызматтан кеткенин жарыялаган президенти Эво Моралес Мексикага учуп келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Марсело Эбрард билдирди. Мунун алдында Мексиканын бийлиги Моралестин өмүрүнө коркунуч жаралганын, ошондуктан гуманитардык себептен жана бозгундарды калкалоо сыяктуу калыптанып калган салттан улам ага саясий башпаанек берерин жарыялаган. Моралес да Мехикого кагаз түрүндө жардам сурап кайрылган. Жекшембиде Боливиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Уильямс Калиман президентти бийликти тапшырууга чакырган. Читать дальше...
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы айрым тилкелер жакында чечилерин “Азаттыкка” билдирди. Элчинин айтымында, жакында эки өлкөнүн лидерлери жолугуп, маселеси чечилген чек ара тилкелерине кол коюшу күтүлүүдө. - Чек аранын 85% чекит коюлду, 15% калды. 15% бөлүгүнүн 6-7% оозеки бүттү. 28-29-ноябрда эки президент жолугат, ошондо чечилет деп ойлойм. 28-29-ноябрда Борбор Азия лидерлери Ташкентте жолугат, - деди ал. Кыргызстан Өзбекстан менен 1374 чакырым аралыкта чектешет. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппарат маалымдады. Бирок чечимдин себеби айтылган жок. Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык экени айтылган автоунаанын чоо-жайын тактап жатканы айтылган. «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп... Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) тарабынан Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланган. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур билдирди. Буга чейин Саймаити кыргыз милициясында алдамчылыкка шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталган. «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Читать дальше...
Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Кипрдин жээктеринде казуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн Түркияга каршы экономикалык санкцияларды жарыялоого макул болушту.
11-ноябрда Ноокен айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда 2019-жылдын 8-августундагы Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылындагы Курулуш 3 участкасына Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө № 4 токтом жокко чыгарылды. Бул тууралуу аталган жергиликтүү кеңеш кабарлады. Сессияга 21 депутаттын 17си катышты. Аларга Курманбек Бакиевдин ысымы негизсиз ыйгарылганы тууралуу айрым жергиликтүү тургундар кайрылган. 9-ноябрда Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурдагы президент... Читать дальше...
«Азыркы кыргызстандык» рубрикасынын кезектеги каарманы - Варшавада дүйнөлүк IT компанияда программист болуп иштеген Тынарбек Арзыматов.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов эстрада ырчысы Урмат Усеновду кеңешчи кылып алышы боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Жаманкуловдун айтымында, Усенов штатта айлык алып иштейт. Министрдин айтымында, ырчы буга чейин бир нече жолу маданият тармагы боюнча сунуштары менен келип жүргөн. - Өзүм сунуш кылдым. Урмат мырза бир канча жолу келип, идеяларын айтып иштешели деген. Эстрада ырчысы 38 жаштагы Урмат Усенов «Музыкалык фонограммалардын укук ээлери ассоциациясынын» башчысы экени белгилүү. Читать дальше...
Кыргызстандын ичинде эл аралык маанидеги айрым жолдордо ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатса болот. Мындайга уруксат берген токтомду өкмөт чыгарды. Жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүү киргизген токтом 31-октябрда кабыл алынган. Ал расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирерин өкмөттөн кабарлашты. Бул сунушту Ички иштер министрлиги (ИИМ) киргизген. Министрликтин көз карашында, ылдамдыктын чегин көтөрүү жолдордогу унаа өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн арттырат. ИИМ Кыргызстандын... Читать дальше...
Кыргызстан менен Япониянын футболчуларынын оюну 14-ноябрда борбордук стадиондо өтөт. Атаандаштардын командасы Бишкек шаарына дүйшөмбү күнү келди.
Комузчу Нурзат Орозалиеванын сөөгү бүгүн, 12-ноябрда Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында жерге берилди. 44 жаштагы комузчу Нурзат Орозалиева оорудан улам 10-ноябрда каза болгон.
“Жерди кайтаруу” деген аталыштагы ири митингдерге катышкан палестиналык демонстранттын сүрөтү Guardian гезитине 2019-жылдын мыкты сүрөтү катары жарыяланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиядагы эң негизги маселелердин бири бул – чек аралардын юридикалык жактан жол-жобосу бүтпөй жаткандыгы деди. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада айтты. - Чек арадагы туруктуулукту сактоо – чектеш мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жагымдуу шарт түзөт. Коңшу мамлекеттер менен болгон чек араны тактоо жана... Читать дальше...
2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1-сорттогу ун 6,6%, жогорку сорттогу ун 3,3% кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети он айлык жыйынтыгын жарыялаган жыйында айтты. 2018-жыл октябрь айында 1-сорттогу ун 29,25 сом, жогорку сорттогу ун 37,36 сом болсо быйыл биринчиси 31,1 сом, экинчиси 38,89 сом деп белгиленди. Ошондой эле күрүч былтыр 70,99 сом болсо, быйыл (9% өстү) 77,10 сом болду. Былтыр уйдун эти 323,45 сом болсо быйыл (5,2% өстү) 341,75 сомду түздү. Читать дальше...
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 11-ноябрдан тарта “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү катары кармалып турган чет өлкөлүк жоочуларды өз өлкөлөрүнө депортация кыла баштады.
Кыргызстанга берилген гранттык каражаттын көбү консультанттарга, окутууга жана ушул сыяктуу административдик чыгымдарга жумшалат.
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан, Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада айтты: - Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргызстан көп багыттуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясат жүргүзүүнү көздөйт. Акыркы эки жылдын ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган олуттуу иштер жүргүзүлүүдө. Читать дальше...
Бишкек шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын жана тез татым жайларынын өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүрөт. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев маалымдады. Мындай чечим мэриянын жыйынында кабыл алынып, тийиштүү органдарга тапшырма берилди. 8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, 21 жаштагы жумушчу кыз ошол жерде мерт болгон. Андан тышкары ондон ашык адам жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги... Читать дальше...
Бейшемби күнү Бишкекте Кыргызстандын футбол командасы 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Япония менен беттешет.
Бүгүн Бишкекте аялдардын жергиликтүү кеңештерге шайлануу укугун камсыз кылган жаңы нормалар боюнча талкуу өтөт. «Аялдарды колдоо борбору» уюму жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйынын уюштуруп, ага Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү жана эксперттер катышат. Уюмдун аткаруучу директору Бакен Досалиева «Азаттык» радиосуна билдиргендей, мыйзамга жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 30 пайыздан кем эмеси аялдар болушу керек деген... Читать дальше...
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум болот. Жалпысынан алты адам соттолууда. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар. Музейдеги коррупция тууралуу расмий түрдө бир жыл мурда айтылган. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик... Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасындагы кант диабети оорусуна байланыштуу маселе талкууланчу жыйын өтөт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бейтаптардын жашоо шарты, тийиштүү дары-дармек менен камсыз болушу, социалдык жактан мамлекеттин коргоосуна алынышы күн тартибиндеги негизги темалар болот. Инсулиндин жеткиликтүүлүгүн жана майыптуулук тобун аныктоо механизмдерин жакшыртуу, кант диабети менен ооруган балдарга мектепте шарт түзүү багытында талкуу уюштурулуп, сунуштар айтылат. Читать дальше...
Улуттук илимдер академиясында бүгүн Илим күнү белгиленет. Салтанаттуу жыйынды утурлай мекеменин башкы имаратында илимий жетишкендиктердин, жаңы ачылыштардын көргөзмөсү уюштурулат. Академиянын мыкты кызматкерлери аныкталып, жаш окумуштуулар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат. Бүгүнкү жыйынга парламенттин, президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү да катышат. Академиянын 39 анык мүчөсү, 49 мүчө-корреспонденти жана сегиз чет өлкөлүк мүчөсү бар. Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Читать дальше...
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ушул айдын аягында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Сапарга даярдык жана анын күн тартибине байланыштуу маселелерди президент Сооронбай Жээнбеков кечээ тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен талкуулады. Казакстандын башчысынын мамлекеттик сапары 27-ноябрга пландалууда. Ал эми 28-ноябрда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Ага катышуу үчүн казак президентинен тышкары Беларустун, Орусиянын, Тажикстандын... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости