Тажикстандык футболчулар Бишкекке келди
Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдады. Тажикстандык оюнчулар 17-ноябрь күнү келишкен. 18-ноябрда эки команданын машыктыруучулары журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин жана Тажикстандын улуттук курамасынын машыктыруучусу Усмон Тошев алдыда боло турган оюн, ага даярдык тууралуу кеп кылмакчы. 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте ойношот. Читать дальше...