Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 19.11.2019

Иордандын батыш жээгине жөөт айылдарын курууга АКШнын пикири өзгөрдү

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттардын 1978-жылкы корутундусунан, тактап айтканда «Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги басып алынган аймактарга айыл-кыштактарды куруусу эл аралык укукка ылайык келбейт» деген чечимден баш тартат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 18-ноябрда билдирди:  - АКШнын Батыш жээк боюнча коомдук билдирүүлөрү ондогон жылдар бою ырааттуу болбой келди. Тараптардын укуктук талаш-тартыштарын изилдеп чыккандан кийин администрация... Читать дальше...

Ташкенттин мэри менен араздашкан журналисттер иштен кетишти

Azattyk.org 

Ташкенттеги Kun.uz маалымат агенттигинин кабарчылары Зафарбек Солижонов менен Баходир Ахмедов шаар мэри Жахонгир Артыкхожаев менен араздашкандан кийин өз эрки менен иштен кетишти. Алар 19-ноябрда социалдык тармактардагы баракчаларына «Бүгүн биз утулган жокпуз. Эми эле ойгонуп келе жаткан сөз эркиндиги, жалпы басма сөз утулду. Жахонгир аке, мен иттин баласы эмесмин, мен акыркы айбан эмесмин» деп жазышты. Мунун алдында Кun.uz агенттиги кабарчылар менен мэрдин ортосундагы жаңжал жөнгө салынганын жазган. Читать дальше...

Милиция Бишкектеги калайман мушташты териштирүүдө

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда он чакты киши мушташып жаткан видео тарады. Анда ур-токмокко кабылган эки киши жыгылып, жатып калганын көрүүгө болот. Мушташ Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда, 18-ноябрда болгону жазылган. Бишкек милициясынын басма сөз кызматы бул маалымат такталып жатканын билдирди. Буга чейин ушундай мушташта адамдар оор жараат алып же ажалы жеткен учурлар катталган. Ушул жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташ чыгып, үчөө ооруканага түшкөн. Алардын бирөө эсине келбей оор абалда жатып каза болгон. Читать дальше...



Ооган бийлиги менен «Талибан» туткун алмашканы жатат

Azattyk.org 

«Талибан» кыймылындагы маалымат булактары ооган бийлиги бул топтун камактагы бараандуу үч өкүлүн бошотуп, Катарга жеткирип бергенин маалымдашты. Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ооган президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туткундарды алмашууга керектүү кадамдарга барууга чакырганы кабарланган.  Ашраф Гани өткөн аптада «Талибан» менен туткундарды алмашууга даяр экенин жарыялаган. Ага ылайык, Кабул бул кыймылдын таасирлүү үч мүчөсүн - «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини... Читать дальше...

Москва: сот тыңчылык үчүн айыпталган Уиландын абак мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Бүгүн Орусиянын Москва шаардык соту камактагы америкалык жаран Пол Уиландын бөгөт чарасын карап, эмки айдын аягына чейин абакта калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Судья муну менен анын адвокаттарынын Уиланды үй камагына чыгарып же күрөөгө бошотуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок.  Пол Уиланга тыңчылык боюнча айып коюлуп, тергөө материалдары купуя сыр деп аныкталгандыктан сот жараяны жабык өттү. АКШнын жараны ага тергөө абагынан видео байланыш аркылуу катышты. Тыныгуу маалында видео байланыштын... Читать дальше...

Наваз Шарифти саламаттыгы боюнча Лондонго алып кетишти

Azattyk.org 

Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шарифти дарылаш үчүн 19-ноябрда Лахордон Лондонго атайын учак менен алып кетишти. Анын жанында бир тууган иниси, «Пакистан мусулмандар лигасы» оппозициялык партиясынын лидери Шехбаз Шариф коштоп жүрөт. Мунун алдында Жогорку сот Наваз Шарифтин саламаттыгына байланыштуу чет өлкөгө чыгышына уруксат берген. Өткөн айда сот абакта анын саламаттыгы кескин начарлап кеткени үчүн күрөөгө бошоткон жана анда экс-премьердин абалы өтө начар экени, ал тургай өлүм алдында жатканы айтылган. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Azattyk.org 

20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...



Тажикстандык футболчулар Бишкекте машыгышты

Azattyk.org 

Тажикстандын футбол боюнча курама командасы 17-ноябрда Бишкекке келип, 18-ноябрда Бишкектеги акыркы машыгуусун өткөрдү. Өткөн аптада тажик футболчулары Мьянмага 3:4 эсебинде утулуп калышкан.

ЖАМК: Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга эстрадицияланды. Ал учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз борбору  кабарлады. Маалыматка караганда, экс-депутат 18-ноябрда Кыргызстанга алынып келген.  «Азыркы убакта Казакстандын өкүмүн Кыргызстандын өкүмүнө шайкеш келтириш үчүн тиешелүү документтер (переквалификация) Жогорку сотко жөнөтүлдү. Читать дальше...

Базар-Коргондо 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

Azattyk.org 

Райондун тоолуу Кызыл-Үңкүр айылында курулушу мындан төрт жыл мурда башталган жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Алтын-Кыя мектебинин ачылышына Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова жана жергиликтүү тургундар катышты. Быйыл жыл башынан бери тогуз мектеп жана 81 бала бакча жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, пайдаланууга берилген.  - Биз жыл сайын эски мектептерди оңдоп, жаңысын салганга аракет кылып жатабыз. 2010-жылдын бюджети азыр каралып атат... Читать дальше...

Economist.kg: депутат Жумалиев 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы министр Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандын аймагында катталган 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес. ​Economist.kg басылмасы жана «Декларатор» долбоору депутаттын мүлкү тууралуу тапшырган декларациясы менен ачык булактарды салыштырып көргөн. Ачык булактарда Жумалиев айрым фирмалардын жетекчиси экени  көрсөтүлгөн. Муну менен ал депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө («Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө») негизги мыйзамды бузганы белгиленет. Мыйзам боюнча ЖК депутаты... Читать дальше...

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан бүгүн ойнойт

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо,  кечки саат 20:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтөт.  18-ноябрда эки команда тең оюн алдындагы расмий машыгууларын өткөрүштү.  Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин эртеңки оюнда жеңишке жетүүнү көздөп жатат. Анын пикиринде, ​«Кыргызстандын бул беттештеги эң башкы каршылашы - бул биз өзүбүз». Читать дальше...

Орусиядан Ошко келген Ольга эжеке

Azattyk.org 

Орусиянын Агартуу министрлиги жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган «Билим берүүдө тажрыйба алмашуу» гуманитардык долбоорунун алкагында Орусиядан келген 17 мугалим Ош шаарынын мектептеринде орус тилин окутуп жатат. Алардын сегизи орус тили жана адабияты сабагын, экөө математика сабагын окутса, калган жетөө башталгыч класстарды окутууда. Ош шаарындагы №7 Нариманов мектебинде башталгыч класстарга билим берип жаткан Ольга Птушкина аталган долбоор жана билим берүүнүн күңгөй-тескейи тууралуу ой бөлүштү.

HRW: «Көрөгөч камералар» купуялыкты чектейт

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму Бишкекте иштей баштаган адамдын жүзүн тааный алган камераларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анын чоо-жайын уюмдун адам укуктары боюнча бөлүмүнүн изилдөөчүсү Лаура Миллс “Азаттык" менен курган маегинде кенен түшүндүрүп берди.

Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун саясий маселеси чечилди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-ноябрда эл аралык донорлордун катышуусунда Бишкекте өтүп жаткан жыйында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” долбоорун жол тармагындагы эң ири долбоор деп баалады. - Бул эл аралык мааниси чоң долбоордун өнөктөштөр тарабынан колдоого алынышы өтө маанилүү. Мунун саясий жагы чечилди. Иштер жүрүп жатат. Бул жолду курууга өнөктөштөрдөн жардам керек. Биз туңгуюктан чыгыш үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аба менен суудай керек болуп турат. Силерди ушул маселеге көңүл бурууңуздарды суранып кетем. Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт «Вселенная Depeche Mode» в исполнении концертного симфонического оркестра





Rss.plus
#123ru.net

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже товаров из магазина




Утреннее чтиво: смерть актеров, много детей - это норма, авиадебошир пытался открыть дверь самолета в полете

Зачем Си нужен ЕС. И почему забеспокоились в США

Глава Дагестана раскритиковал члена СПЧ за его слова о русофобии в республике

Синоптики предупредили москвичей о дожде с грозами и жаркой погоде 31 мая




Түркиядагы «кыргыз жоочулары» жөнүндө маалымат такталууда

Azattyk.org 

Кыргызстан «Түркиянын абактарында «Ислам мамлекети» террордук уюмуна мүчө 23 кыргызстандык бар» деген маалыматты тактоодо. Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин жетекчиси Улан Дыйканбаев «Азаттыкка» айтканына караганда, учурда бул маалымат бир жаңсыл болуп тактала элек. - Кабар чыккандан кийин эле биз маалымат сураганбыз. Бизге азыр маалымат келе элек. Бизде бул боюнча иштеген консулдук департаментибиз бар. Биз аларга жана Түркиядагы элчилик менен башкы консулдукка айтканбыз. Азырынча маалымат келе элек, - деди ал. Читать дальше...

ЕБ: Батыш Шерияда шаарчаларды куруу мыйзамсыз

Ca-irnews.com (kg) 

Европа Биримдиги Американын Израилдин шаарчаларды куруусун расмий түрдө таанууга кабыл алган чечимине жооп кайтарып, Тель-Авивдин бул аракеттери эл аралык мыйзамдарга каршы келет жана бул ишин токтотушу керек деп билдирди.

Президент: Ачык-айкын шайлоо өткөрөбүз

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында «биз адам укуктарын коргоого жана саясий плюрализмди, сөз эркиндигин камсыз кылууга багытталган жолубуздан кайтпайбыз» деп билдирди. Мамлекет башчы Кыргызстан шайлоо системасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычына келгенин айтып, өлкөдө тынчтык болгондо гана донорлордун өлкөгө болгон ишеними артарын белгилеп, донорлорду колдоо көрсөтүүгө чакырды. Учурда Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына байланыштуу талкуулар жүрүп жатат. Читать дальше...

Он айда гепатитке чалдыккандар 6,5 миңден ашты

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда он айда гепатитти 6600 киши жугузуп алган. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 10,2% аз. Алардын 94% жакыны илдеттин А түрүнө кабылгандар. Өткөн жылдын ушул маалында вирустук гепатиттин 7200 учуру катталган. Гепатит дарты боорду жабыркатып, адамды алсыратат. Жалпы катталгандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт. Министрликтин маалыматы боюнча, вирустук гепатит А оорусунун булагы оорулуу адам болот. Оору турмуш-тиричиликтеги катнаш... Читать дальше...



Москва

Новости фармацевтики в России и в мире


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В Москве выбрали лучших педагогов в рамках городского конкурса — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

«Петя и Волк»: премьера спектакля Игоря Бутмана и Константина Хабенского на Moscow Jazz Festival




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Центрального округа Росгвардии стала призером на чемпионате по пожарно-спасательному спорту в Москве (видео)

Волонтеры Президентской академии в Санкт-Петербурге вносят свой вклад в развитие и повышение доступности спорта для граждан

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России


Уимблдон

Надаль пропустит Уимблдон из-за желания сыграть на Олимпиаде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Жизнь

Всеармянский союз «Гардман-Ширван-Нахиджеван» осуждает лживое заявление президента Азербайджана Алиева



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России