Токаев: Соода тоскоолдуктарын кыскартууну макулдаштык
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий жолугушуудан кийин атайын басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда Токаев сүйлөшүүнүн мазмунуна токтолуп, анда негизинен соода-экономикалык алака жана чек ара тоскоолдуктарын азайтуу жөнүндөгү макулдашуулар болгонун айтты.
Токаев 2015-2018-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода алака 30% өсүп, 900 миллион долларды түзгөнүн айтты:
- Биздин келечектеги максатыбыз соода жүгүртүүнү бир миллиард доллардан ашыруу. Буга байланыштуу биз эки тараптуу соода алаканын номенклатурасын кеңейтүү жана рыноктогу жаңы багыттарды, мүмкүнчүлүктөрдү табуу тапшырмасын койдук. Муну ишке ашыруу үчүн биз ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Бул максат үчүн биз соода барьерлерин кыскартууну шартташтык, бизнес кооперацияларды кеңейтүүгө токтолдук.
Касым-Жомарт Токаев ушул тапта Казакстанда кыргыз ишкерлеринин катышуусу менен ачылган 1100дөн ашуун ишкана бар экенин, Кыргызстанда болсо казак ишкерлери аралашкан 2000ден ашык ишкана иш жүргүзүп жатканын билдирди. Казак президенти алакаларды жакшыртуу үчүн чек ара бекеттеринен өтүүдө жана товар ташууда жеңилдиктер караларын кошумчалады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Анын кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун кеңири чөйрөдөгү жолугушуусу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.
Кыргызстан менен Казакстан Евразия Экономикалык Биримдигинде өнөктөш болгонуна карабай чек араларындагы тоскоолдуктар байма-бай орун алып келет. Чек ара бекеттериндеги ашыкча текшерүүлөрдөн улам тилкеде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалардын саны кескин узарып, бир нече чакырымга жетип калган учурлары болуп калат. (ErN)