Орусия өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынына катышат
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары: Москва Ирандын өзөктүк келишими боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынына катышат.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары: Москва Ирандын өзөктүк келишими боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынына катышат.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдагы бюджети көбөйтүлгөнүн белгилеп, жыл аяктагандагы көрсөткүчтөрдү алганда ал аракет жемишин бербегенин сынга алды: - 2018-жылы 2019-жылдын бюджетин карап жатканда 500 млн. сомго ушулардын чыгымын көбөйткөндөн кийин натыйжа да болушу керек эле да? Өкмөткө ишенип бергендин жыйынтыгын көрүп атасыздар. «Аткезчилик-аткезчилик» деп айтабыз, Таластан, Чалдовардан өтө көп аткезчилик болуп жатат. Чек ара кызматына эле... Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аббас Мусави Албаниядагы жер титирөөгө байланыштуу бул өлкөнүн элине, өкмөтүнө жана жабыркагандарга көңүл айтты.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып, коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандардын талаптарын колдой турганын, коомчулукта талкууланып жаткан 700 млн. доллар боюнча президенттин катышуусунда жыйын болуп, тийиштүү тапшырмалар берилегенин айтты: - Учурда коомчулукта 700 млн. доллар боюнча сөз болуп атат. Бул боюнча биз дагы өзүбүздүн оюбузду айтышыбыз керек. Ачык-айкындуулук, экономикадагы көмүскөгө каршы болуп жаткан жарандардын демилгесин колдойбуз. Бул боюнча иликтөөчү топ түзүлдү. Читать дальше...
Ирактын Нажаф шаарында өкмөткө каршы акциялардын катышуучулары 27-ноябрда Ирандын консулдугуна от коюшту. Алар «Ирактын өкмөтүн колдоп-кубаттап жатат» деп, Тегеранга нааразылыгын ушул кадам аркылуу көрсөтүштү. Акциянын катышуучулары консулдукка бастырып кирип, өрттөшкөн. Ага чейин полиция консулдуктун кызматкерлерин эвакуация кылып чыгарып кеткени айтылууда. Мамлекеттик басылмалар бул жагдайдан улам өкмөт чукул кырдаал жарыялаганын жазышты. Иракта коррупцияга жана өкмөткө каршы демонстрациялар октябрда башталган. Читать дальше...
Жаңы изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын Батыш Азия өлкөлөрүндө согушка канча каражат жумшап, канчалаган адамдардын өлүмүнө себеп болгону жарыяланды.
«Apple Maps» жана «Weather» тиркемелеринин орусиялык колдонуучуларына Крым Орусиянын аймагы катары көрсөтүлүп жатат. Орусия 27-ноябрда компаниянын бул аракетин ыраазы боло кубаттап, «мурдагы катаны оңдоо» катары сыпаттады. Украина өкмөтү АКШ компаниясынын бул кылганына кескин нааразы экенин билдирди. Киевдин Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүгү Крымды Орусиянын аймагы катары көрсөтпөөнү талап кылып компанияга кайрылды. Орусия 2014-жылы Крымды басып алып, референдум өткөрүү жолу менен аннексиялап алган. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Эки өлкө лидери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты бекемдөө туурасында сүйлөшкөн. 27-ноябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген. «Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту... Читать дальше...
Ооганстандын Кундуз провинциясында автоунаа өтчү жолго орнотулган минага кабылып, 15 киши көз жумду. Баары жайкын тургундар. Дагы эки адам жарадар болду. Окуя 27-ноябрда Ханабад конушунда болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими билдиргендей, жарылууда өлгөндөрдүн арасында сегиз бала, алты аял, бир эркек киши бар. Расмий маалыматтарда минаны талибдер орноткону айтылууда. Бирок «Талибан» кыймылы буга комментарий бере элек. Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы жарандарга... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Бишкекке келди. «Манас» эл аралык аэропортунан орус лидерин президент Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда тосуп алды. 27-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри келишкен. Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет. Читать дальше...
Беларустагы «Naviny.by» маалымат порталы Минск шаарындагы ири курулушка Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу ыктымалдыгын, тун небереси фамилиясын «Петров» деп өзгөртүп алганын иликтеп чыкты.
Бокс мелдеши Актау шаарында 20-24-ноябрда өткөн. Мелдеш СССРдин спорт чебери болгон Казакстандын спортчусу Шокыр Болтекулдун элесине арналып, 12-ирет өткөн. Ага алты өлкөдөн 70 боксчу катышкан.
Ашхабаддын мэри калаага орнотула турган дөбөттүн эстелигинин жаңы вариантын сунуш кылып, аны мамлекет башчы жактырды. Түркмөн алабайына арналган эстеликтин биринчи вариантына президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун ичи чыккан эмес эле. «Хроники Туркменистана» басылмасы кабарлагандай, эстеликтин постаменти 9, иттин өзү 6 метр болот. Астына алтын жалатылган тамгаларда «Turkmen Alabayy» деп жазылат. Жазуунун шрифти жана түсү президенттин алабай жөнүндөгү китебиндегидей болот. Бердимухаммедов... Читать дальше...
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри 28-ноябрда Бишкекке чогулуп, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясын өткөрүшөт. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан төрагалык кылган 2019-жылы уюмда коопсуздук маселелерине, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилди. Бишкекте өтчү саммитте... Читать дальше...
Францияда 27-ноябрда айыл чарба кызматкерлеринин нааразылык акциялары башталды. Алар миңден ашуун трактор менен Парижге кире бериштеги бир канча жолдорду бууп салышты. 200 чамалуу автоунаа Елисей талаасына барып, калаанын борборундагы жолду тороп алышты. Акцияга чыккандар арзан импорт товарлар француздардын өздөрүнүн азык-түлүктөрүнүн сатылышына жолтоо болуп жатканын айтып, бийликке нааразылык билдиришти. Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик кошуундар уюму президент Эммануэл Макрон менен жолугушууну талап кылууда. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары 28-ноябрда 2019-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын жана 2022-жылга чейинки бюджеттин болжолун талкуулашат. Ага өкмөт өкүлдөрү катышып, жалпысынан бул багытта үч мыйзам экинчи окууга киргизилет. Жыйындын бир бөлүгүндө 2018-жылкы бюджеттин аткарылышы каралат. Парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылкы бюджеттин долбоору талкуу жараткан. Салык чогултуу жаатында сын айтылган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылга карата бюджет планы менен тааныштырып... Читать дальше...
Бишкекте “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алмашуу” долбоорунун V Пикир алмашуу аянтчасынын отуруму болот. Анда Кыргызстандагы дин жана демократия маселелери боюнча аналитикалык баяндамалар жасалат. Аны жаш изилдөөчүлөр даярдаганын уюштуруучулар кабарлашты. Анда аялдардын радикалдык агымдарга азгырылуу себептери, кыз-келиндердин басмырланышы, терроризмге каршы күрөштө коммерциялык эмес уюмдардын ролу жана зомбулук экстремизмин жайылтуунун алдын алуу багыттары талкууланат. Жыйын 28-нобярда “Парк Отель” мейманканасында болот. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости