Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 11.03.2021

Референдум долбоору кантип өттү?

Azattyk.org 

11-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду. Документке эми президент кол койсо 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу референдум да өтөт. Айрым депутаттар парламентте долбоорго добуш берүүдө депутаттарга басым-кысым болгонун, айрымдары сессияга катышуу үчүн атайын чет өлкөдөн учуп келгенин айтышты. Кээ бири тергөө абагынан да чыгып келди.

Сегизбаевдин иши: Журналист Канат Каниметов УКМКда сурак берип жатат

Azattyk.org 

Журналист Канат Каниметов 11-мартта Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу Каниметов "Фейсбуктагы" баракчасында жазып, чакыруу УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин иши менен байланыштуу экенин билдирди.  "УКМКга суракка чакырышты. Сегизбаевдин иши боюнча. 15:00гө. Тергөөчүнүн аты-жөнү Санжар Жантаев. Бара жатам", - деп жазды Каниметов.  Журналисттин жакындары тергөөчү телефон аркылуу 2015-2016-жылдарда жарыяланган билдирүүлөргө байланыштуу... Читать дальше...

Жапония Фукушимадагы кырсыктын 10 жылдыгын эскерүүдө

Azattyk.org 

Жапония мындан туура 10 жыл мурда болгон катуу цунаминин курмандыктарын эскерип жатат. Табияттын албуут кырсыгынан кийин Фукушима атомдук станциясы жарылган болчу. Аман калгандар бир мүнөт унчукпастан курман болгон жакындары үчүн сыйынып, алардын жаркын элестерин эскеришти. Император Нарухито өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана аймакты калыбына келтирүү иши аягына чыга электигин белгиледи. 2011-жылдын 11-мартында күчү 9 баллга жеткен жер титирөө цунамиге алып келип, шаар-кыштактар, инфраструктура кыйрап калган. Читать дальше...



“Супара” этнокомплексинде интерактивдүү музей ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-мартта Бишкектин чет жакасындагы “Супара” этнокомплексинде интерактивдүү музейдин ачылышы өттү. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, президенттин жубайы Айгүл Асанбаева, коомчулук өкүлдөрү, музей таануучу адистер жана өнөр чеберлери катышышты. "Шоро” компаниясынын жана “Супара” этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин элесине арналган музейде XIX-XX кылымдардагы кыргыз маданиятына тиешелүү уникалдуу экспонаттар чогултулган. Музей Эгембердиевдин бейнесине арналган бөлүктөн жана ат жабдыктары... Читать дальше...

Хайреттин Ивгин жазган “Манас” эпосунун варианты кыргызча которулду

Azattyk.org 

Бишкекте 10-мартта  Түркиянын белгилүү жазуучусу, адабиятчысы жана фольклор таануучусу Хайреттин Ивгиндин “Манас – Алтай тоолорунун арстаны” деген романынын бет ачары болду. Аталган роман буга чейин Түркияда үч жолу басылып чыккан. Бул ирет кыргыз тилинде жарык көрдү. Иш-чарага китептин автору Хайреттин Ивгин, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) уюмунун Кыргызстандагы координатору Осман Уста баш болгон өкүлдөр, “Манас” жана... Читать дальше...

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары башталды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын делегациясын 11-мартта  Ташкент шаарындагы аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Эки өлкөнүн желектери илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилди. Жапаровдун мамлекеттик сапары эки күнгө созулат. Анын жүрүшүндө өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов... Читать дальше...

12-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

12-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 13…18; Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 12…17; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...

Пандемия жарыяланганына бир жыл болду

Azattyk.org 

Туура бир жыл мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун жайылышы пандемиянын деңгээлине жеткенин жарыялаган. Андан үч ай мурун Кытайда жаңы вируска чалдыккандардын биринчи учурлары тууралуу кабарланган. Пандемия жарыяланганда көптөгөн өлкөлөрдө ишканалар, кеңселер, окуу жайлар жабылып, миллиарддаган адам катуу чектөө шартында жашап калган. Экономикалык ишмердик дээрлик токтоп, мамлекеттер ортосунда каттам үзгүлтүккө учураган. Ошондо ДССУнун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус "ооруп калгандар... Читать дальше...



Элетти сулуулукка бөлөгөн мода көргөзмөсү

Azattyk.org 

Кадамжай шаарчасында биринчи жолу кыз-келиндер үчүн этно стилдеги көйнөктөрдүн мода көргөзмөсү өттү. Бул демилгени Бишкектен ишин жолго коюп калганда үй-бүлөлүк абалынан улам айылга кайткан дизайнер Чолпонай Алмаз кызы ишке ашырды. Чакан ательесинде төрт тикмечи менен элүүдөн ашык саркеч көйнөк даярдап, айымдарга жанылык тартуулады.

Тажикстан чек арада куралдуу кошуун түзүүдө

Azattyk.org 

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймактарында жашаган жергиликтүү тургундар - алардын арасында мергенчилер да бар -  куралдуу кошуундарды түзүүдө. Анын себеби - соңку учурда Ооганстандын армиясы менен талибдердин ортосунда согуш аракеттери күчөп баратат.

Сырдыбаев: Ноорузда өтчү көк бөрү боюнча оюндар эки таймда өтөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Көк бөрү федерациясынын башкы калысы Марат Сырдыбаев көк бөрү боюнча Нооруз-2021 мелдешиндеги оюндар командалардын санынын көп болушуна байланыштуу эки таймда гана өтөрүн билдирди.

ТИМ: Кыргыз-өзбек өнөр жай кооперациясынын “Жол картасы” түзүлүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперациясы багытында биргелешип иштөөнүн “Жол картасын” түзүп жатышат. Бул тууралуу АКИpress агенттигине 10-мартта курган маегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Министрдин айтымында, иш-чаралардын планына бүгүнкү күнгө карата 19 долбоор кирди. Алардын арасында Өзбекстандын Сох жана Кыргызстандын Баткен райондору чектешкен жерге биргелешкен индустриалдык соода-логистика борборун, картошканы кайра иштетүү заводун куруу, Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү ишкананы өнүктүрүү... Читать дальше...

Президенттикке ат салышкан 11 талапкердин 11 миллион сомдук күрөөсү мамлекетке которулду

Azattyk.org 

Президенттик шайлоого катышып, жалпы добуштардын бир проценттен кем эмесин алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 10-марттагы маалыматына караганда, күрөөгө коюлган бир миллион сомдук каражаттары Садыр Жапаровго, Мыктыбек Арстанбекке, Клара Сооронкуловага, Имамидин Ташовго, Абдил Сегизбаевге, Адахан Мадумаровго жана Бабур Толбаевге, жалпысынан жети миллион сом кайтарылды. Калган 11 талапкердин миллион сомдук күрөөлөрү алар добуштардын бир пайызынан... Читать дальше...

Абактарда медициналык тейлөөнүн абалы жакшы эмес

Azattyk.org 

“Юристтер адам укуктары үчүн” уюму COVID-19 шартында Кыргызстандын жабык жайларындагы медициналык абал тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда абактардагы адамдардын дарылануу мүмкүнчүлүгү чектелгени айтылат.  2020-жылы жабык мекемелерде пневмониядан 6, коронавирустан 2 киши каза тапкан. Абактардагы эпидемиологиялык абал Коронавирус пандемиясы башталганы Кыргызстандын жабык жайларындагы медициналык абал талаштуу маселеге айланган. Бир катар укук коргоочулар абактардагы эпидемиологиялык... Читать дальше...

Кара-Сууда уулануудан эки адам каза болду

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы уулануунун себеби текшерилүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, уулануудан кийин 50 жаштагы аял Нариман ооруканасында 10-мартта кайтыш болду. Ош шаарындагы ооруканада жаткан дагы бир бейтап 11-мартта оорусу өтүшүп кетип каза тапты. "6-мартта Нариман айылынын тургуну 60 жылдык маарекесине арнап той өткөргөн. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш жалпы жыйындарын Нооруздан кийин улантмай болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште кийинки аптада жалпы жыйындар жана комитеттердин, фракциялардын отурумдары болбойт. Бүгүн, 11-мартта депутаттар 15-19-мартта жер-жерлерде шайлоочулар менен иштөө тууралуу чечим кабыл алышты. Ошентип, парламенттин жалпы жыйындары Нооруз майрамынан кийин уланат. Бүгүнкү отурумда Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун толук колдоду. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоору азыркы Баш мыйзамды жана эрежелерди одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын айтып чыгышкан. Читать дальше...

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Өзбекстандын Олий мажилисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен да жолугушуулар белгиленген. Ташкентте Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форуму да өтмөкчү. Читать дальше...

Депутат Бакиров: Өкмөт иштебей жатат, кымбаттоо чоң чыңалууга алып келет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу ишин аткарбай жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 11-мартта парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты жана азык-түлүктүн улам кымбаттап жатышы эл арасында “чоң чыңалууга алып келет” деген кооптонуусун билдирди: “Өкмөт иштебей жатат. Кандай чоң үмүт менен колдоп бердик эле! Премьер-министр эмне кылып жатат? Азык-түлүк коопсуздугу өтө коркунучтуу абалда турат. Кымбаттоо коомчулукту чыңалууга алып келип турат. Читать дальше...

Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүн жетектейт

Azattyk.org 

Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.  Тиешелүү буйрукка 10-мартта премьер-министр  Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ага чейин Мариповдун дагы бир буйругу менен Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.  Ишкер Эркин Тентишев 58 жашта. Ал бир нече компания жана фирмалардын, Канттагы медициналык окуу жайдын негиздөөчүсү.  Быйыл 10-январда өткөн... Читать дальше...


Музыкальные новости
Виктор Цой

Ларисе Гузеевой – 65: как звезда «Жестокого романса» была главной оторвой Ленинграда и дружила с Виктором Цоем





Rss.plus
Желдорреммаш

Делегация АО "Желдорреммаш" приняла участие в выставке «Металлообработка – 2024»




Подмосковье получило 14 медалей на чемпионате России по легкой атлетике

Активам прописали превентивные меры // Какое имущество США в России может быть изъято в качестве ответного шага

Порядка 368 млн рублей хотят взыскать с реставраторов кремля в Нижнем Новгороде

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.




Жогорку Кеңеш Конституция боюнча референдум тууралуу мыйзамды толук колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды бүгүн, 11-мартта экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы деген добушун беришти. Айрым депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бир ай ичинде коомдук талкуу өткөрүү талабы сакталбаганын, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүү жана кабыл алуу процедурасы бузулганын... Читать дальше...

Депутат Исманов административдик ресурс тууралуу: Эч нерсе өзгөрбөптүр

Azattyk.org 

Кыргызстанда жергиликтүү шайлоо алдында административдик ресурсту колдонуу сыяктуу көрүнүш уланууда. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты. Депутат бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, таза атаандаштык болушу керектигин белгиледи: “Жергиликтүү шайлоого жергиликтүү бийликтин катышуусу... Эч нерсе өзгөрбөптүр. Бюджеттин эсебинен жасалган нерсени өзүнө жазганы ал башкасы, эми муниципалдык ишканалардын чоңдорун... Читать дальше...

Баш мыйзам: абактагы депутат парламентке келди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин коррупцияга шек саналып кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышууда. Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен кечээ, 10-мартта үй камагына чыкканын "Азаттыкка" айтып берди. Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилди.   Мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Макул деген добушун бергендер арасында жыйынга катышпагандар... Читать дальше...

Күйүүчү майдын күн санап өскөн баасы

Azattyk.org 

Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө күйүүчү май дагы 10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Жыл башынан бери Кыргызстанда мунай наркы күн сайын өсүп бензин 32 сомдон 45 сомго жетсе, дизел 40 сомдон ашты. Кымбаттоонун беш себеби Кыргызстанда бензиндин литри 50 сомго, дизел 45 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Энергетика жана өнөр жай министрлиги күйүүчү жана майлоочу май наркынын өсүшүнүн себептерин атады: Дүйнөдө мунайдын баасы өстү; Пандемияга байланыштуу Орусияда мунай... Читать дальше...

Коронавирус бир күндө 52 кишиден расмий аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 52 кишиден жаңы аныкталды. Киши өлүмү катталган жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 11-мартта билдирди. Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1476 кишиге жетти. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 692 киши болду. Анын 83 718и айыгып чыкты. Азыр 291 киши ооруканаларда жатат. Анын 15инин абалы өтө оор, 79 кишинин акыбалы оор деп бааланган. Читать дальше...

Депутат Төрөкулов үй камагына чыгып, Конституция карала турган жыйынга катышууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин коррупцияга шектелип кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышууда. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кечээ, 10-мартта үй камагына чыкканын "Азаттыкка" айтып берди. Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилери айтылууда. Мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. "Макул" деген добушун бергендер арасында жыйынга катышпагандар... Читать дальше...



Москва

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В школах Москвы прозвучали последние звонки — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Алла Пугачёва

Барецкий связал отмену концертов Михайлова в Петербурге с Пугачевой




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым


Новак Джокович

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Подольске прошла встреча с жителями по вопросу капремонта ДК имени 1 Мая



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России