Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары 3-апрелден 5-апрелге чейин жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, мындай тартип коңшулардын мамлекеттик майрамына байланыштуу Кытай тараптын сунушу менен киргизилген. Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 6-апрелден тартып жанданат. Мамлекеттик чек ара кызматы бул посттор Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу үчүн гана иштеп жатканын кошумчалады. Читать дальше...