Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 13.02.2018

Парламент комитети Айтматов сыйлыгынын акчасы жоголушун жабык талкуулады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча маселени жабык талкуулады. Жыйында депутаттар УКМКнын өкүлүнүн бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматын угушту. Комитеттин мүчөсү, “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабировдун айтымында, кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканына байланыштуу көп маалыматтар ачык жарыяланбайт. Читать дальше...

Молдовада Орусиянын маалыматтык үгүтүн чектеген мыйзам күчүнө кирди

Azattyk.org 

Молдовада улуттук телеканалдарда Орусияда даярдалган жаңылыктарды жана маалымат-аналитикалык программаларды көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамдын сакталышын өлкөнүн Телевидение жана радио боюнча координациялдык кеңеши көзөмөлдөйт. 12-февралдан тартып буга чейин Орусияда даярдалган жаңылыктарды көрсөтүп келген каналдардын көрсөтүүлөрү ирээтке келтирилип, жаңыланат.  Конституциялык соттун чечими менен ыйгарым укуктары убактылуу токтотулуп, иштен четтетилген орусиячыл президент... Читать дальше...

Аксы: маркум мугалимдердин жакындары милицияга ишенбей жатышат

Azattyk.org 

Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери айдап бараткан автоунаа сүзүп каза болгон мугалимдердин жакындары ички иштер органдарына нааразы. Маркум Гүлазим Сармырзаеванын тууганы Рахманберди Ашырбердиев  “Азаттыкка” кандуу окуяны милиция терең иликтебей, жаап-жашырууга аракеттенип жатканын билдирди. Ашырбердиев кырсыкка күнөөлүү милиция кызматкери мас абалда жана жогорку ылдамдык менен баратып жол четиндеги мугалимдерди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенин маалымдады. Анын айтымында... Читать дальше...



Журналист Элнура Алкановага кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду. Анын адвокаты Жыргал Бабаев "Азаттыкка" билдиргендей, журналист Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси - "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу" жана 194-берене - "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу" боюнча күнөөлөнүүдө. Кылмыш ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы козгогон. Мурдараак аталган мекеменин чечими менен Алканованын өлкөдөн чыгышына тыюу салынган эле. Читать дальше...

Асылбек уулу Дамирбек: Салимбай "байбача" менен спорт аркылуу таанышпыз

Azattyk.org 

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбек белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбача" менен чогуу түшкөн сүрөттөр тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ал “байбача” менен спорт аркылуу тааныш экенин ырастады. Ал эми Интернетте тараган сүрөттөр 2014-жылы Ташкенттеги спорттук иш-чарада тартылганын белгиледи: - Ал (Салимбай "байбача") Күрөш федерациясынын (Өзбекстандын) президенти. 2014-жылы Ташкентте күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу өткөн. Ошондо тартылган сүрөт. "Каяктан... Читать дальше...

Адвокат: Бектур Асановдун абалы начарлап жатат

Azattyk.org 

Бишкектеги №47 абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын бири Бектур Асановдун абалы начарлап баратат. Бул тууралуу 13-февралда алардын абалынан кабар алып чыккан адвокат Марс Кыдыкбаев "Азаттыкка" билдирди. - Кубанычбек Кадыров менен жолуктум. Бирок Бектур Асанов менен жолуга албадым. Анын абалы жакшы эмес экен, дааратканага да кишилер жөлөп-таяп алып барып жатышыптыр. Мен барган учурда асма үкөл алып жаткан экен. Мендеги маалымат боюнча, Бектур Асановдун кан басымы 90\60, Эрнест Карыбековдуку деле 90\60 экен. Читать дальше...

Ачкачылык жарыялагандар элге кайрылуу жасашты

Azattyk.org 

Бишкектеги №47 абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчы - Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков - элге кайрылышты. Алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев "Азаттыкка" алып келген эки бет кайрылуу 12-февралда жазылып, үчөөнүн колу коюлган. Кайрылууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) күнөөсүз кишилерге кыйноонун аёосуз түрлөрүн колдонору, буга жетиштүү далилдер бар экени белгиленет. Анда түрмөдөгү кишилердин 70 пайызга жакыны күнөөсүз камалганы, кыйноонун курмандыгы болуп, темир тор артында отурушканы жазылат. Читать дальше...

Зулушев: Соттор саясий чечим чыгарбасын

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев сот реформасын жаңы этап менен кайра баштоо зарылдыгын белгилеп, соттор адилеттиктен тайып кеткенин, адам укуктары тепселенип жатканына токтолду.



Кара-Сууда бешик тойго барган он киши ууланып ооруканага түштү

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунда он киши 12-февралда бешик тойго баргандан кийин уулануу белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын төртөө 2015-жылы туулган наристелер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова "Азаттык" радиосуна билдирди:  - Баарынын тең абалдарды орто. Төрт бала тең райондук балдар ооруканасына жиберилген. Ал эми алты киши аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Кошумча маалымат берилет. Анткени, дагы кайрылгандар бар. Читать дальше...

Салимбайды Кыргызстандын "тиреги" катары сыпаттаган тасма талкууга түштү

Azattyk.org 

Белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" деп мактаган кишилер тартылган видео талкууга түштү. Тасма Интернетке 12-февралда тарап, социалдык тармактын колдонуучулары андагы эки адамды "Кыргызстандын аброюна шек келтирди" деп сындашууда. Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки киши Салимбай "байбача" кыргыз эли менен чогуу экенине сыймыктанышарын белгилешет жана ал киши Кыргызстандын "тиреги" экенин айтып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдой тургандыгын билдиришкен. Читать дальше...

Салимбай "байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" катары сыпаттаган тасма талкууга түштү

Azattyk.org 

Белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" деп мактаган кишилер тартылган видео талкууга түштү. Тасма интернетке 12-февралда тарап, социалдык тармактын колдонуучулары андагы эки адамды "Кыргызстандын аброюна шек келтирди" деп сындашууда.  Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки адам Салимбай "байбача" кыргыз эли менен чогуу экенине сыймыктанышарын белгилешет жана ал киши Кыргызстандын "тиреги" экенин айтып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдорун билдиришкен. Читать дальше...

​​Айылдаштарына кол сунган ишкер айым

Azattyk.org 

Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Гүлнара Турдалиева эл аралык уюмдар менен иштешүүнүн көзүн таап, айылына он миллион сомдон ашык инвестиция тартып келген. Ал грант алган элүүдөн ашык долбоордун негизинде кийим тигүүчү жана кондитердик цехтер ачылып, аз камсыз болгон отуздан ашык үй-бүлөлөргө жардам берилип жатат.

Караколдо наристенин өлүмүнө пневмония себеп болгону божомолдонууда

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жашар баланын чарчап калганына пневмония себеп болгон деген божомол бар. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдирди.  - Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыга элек. Бул факт бизде катталган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кечээ облустук ооруканада баланын сөөгү текшерилди. Дарыгерлердин алдын ала божомолу боюнча ал пневмония оорусунан каза болгон. Алар наристенин өпкөсүнө суу толуп... Читать дальше...

Ачкачылык кармагандардын жакындары Жогорку Кеңештен жооп күтүүдө

Azattyk.org 

Бишкектеги №47 түрмөдө ачкачылык кармап отурган саясатчылардын туугандары алардын жагдайына Жогорку Кеңеш көңүл бурбай жатат деп тынчсызданышууда.  "Кургак ачкачылыкты" эки апта мурда баштаган Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаеванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, депутаттарга жолдонгон ачык кат жоопсуз турат: -Ошондуктан, эртең (14-февралда) парламенттин жанына чыгып, депутаттарга кайрылабыз. Акцияга ачкачылык кармагандардын жакындары жана аларды колдогондор катышат.  "Саясий туткундарды... Читать дальше...

ЖК комитети интернетте сын жазгандарды жоопко тартуу сунушун колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 12-февралда "Жарандык кодекске" өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. КСДПдан депутат Дастан Бекешев сунуштаган өзгөртүүлөрдө интернетте негизсиз сын-пикир жазгандарды жоопкерчиликке тартуу камтылган. Ага ылайык, моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынган айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбошу керек. Комитет жыйынында депутат Жанар Акаев айыппулдун жогорку чегин мындан ашырбоону... Читать дальше...

Эки Кореянын алакасындагы “муздун эриши”

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы башында турган жогорку даражалуу делегациянын Түштүк Кореядагы үч күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Анда Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президентин Пхеньянга чакырганы маалым болду. Эл аралык коомчулук бул окуяны эки Кореянын мамилесиндеги “муздун эриши” катары сыпаттап жатат. Анткен менен Кошмо Штаттар оң жылыштар тууралуу айтуу эрте экенин белгилешти.

Айылдан байыгандар шаарга көчүп келеби?

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында Кыргызстанда жашоо оңолуп, жарандардын акчасы көбөйүп жатканы үчүн аймактардан Бишкек шаарына көчүп келип жатышат, бул өлкөдө жашоо оңолуп бараткандыгынын белгиси деп билдирди. С.Исаковдун баамында, “ Адамдар акча таап, борбор шаардан квартира, кыймылсыз мүлк, жер участогун сатып алып жатышат”. “Азаттык” бул пикирди тастыктоо үчүн Бишкек тургундары арасында сурамжылоо жүргүздү.

Тажикстанда унга уулангандардын саны өсүүдө

Azattyk.org 

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга уулангандардын саны 39га жетти. Өткөн аптанын соңунда 20га жакын бейтап «гелиотроптук гепатит» диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Алардын көбү үч жана беш жаштагы балдар. Бул тууралуу Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынан билдиришти. Гелиотроптук гепатит – гелиотроп отоо чөбү кошулуп кеткен ундан жасалган нанды жегенде пайда болот. Анда адамдын боорунун иштөөсү начарлайт. Оорунун алгачкы учурларында боор чоңоюп... Читать дальше...


Музыкальные новости
Элджей

Концерт Элджея в Новосибирске требуют запретить





Rss.plus
Бато Багдаев

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"




Только один игрок забивал за последние 10 лет за сезон в РПЛ больше Кассьерры

Захарова посоветовала главе МИД Польши рассказать о роли США в подрыве "СП"

Жизненные перипетии Лянки Грыу

Мечта болельщиков «Фенербахче» сбылась в России! Чемпион сменился за последнюю неделю




Түркмөнстанда элдин «ашыкча уну» конфискацияланышы мүмкүн

Azattyk.org 

Түркмөнстандын түндүк аймактарында ун тартыштыгын жергиликтүү калктын ашыкча унун конфискациялоо аркылуу жоюу жолдору караштырылып жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашогуздагы өз булактары кабарлашты. "Абалдан чыгуу жолдорунун бири катары колунда бар адамдардын үйүн текшерип, ашыкча унун конфискациялоо каралууда", - деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү тургун. Анын айтымында, учурда атайын көзөмөл комиссиясы жарандарга ашыкча уну конфискацияланышы мүмкүндүгү тууралуу эскертүү берүүдө. Читать дальше...

Эрте никени азайтуу боюнча жыйын болот

Azattyk.org 

"Балдар укугун коргоо" лигасы тарабынан уюштурулуп жаткан жыйында кыргыз өкмөтү тарабынан эрте никеге турууну азайтууга багытталып, бекитилген планды коомчулукка таратуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Жыйын 13-февралда, Бишкекте өтөт. Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Укук коргоочулар мыйзам толук кандуу иштебей жатканын сындап келишет. Өткөн жылдын аягында кыргыз өкмөтү эрте... Читать дальше...

Трамптын келини ак порошогу бар конверт алгандан кийин ооруканага жаткырылды

Azattyk.org 

АКШ президентинин уулу Дональд Трамптын келинчеги Ванесса Трамп 12-февралда күйөөсүнө келген катты ачканда ичинде ак түстүү порошок бар экенин көргөн. Анын ооруканага жаткырылышы коопсуздук максатында болгону айтылууда. Bloomberg агенттиги Ванесса Трамп конвертти ачкандан көп өтпөй, өзүн жаман сезип, жөтөлө баштаганын жана кускусу келгенин дарыгерлерге айтканын жазды. Окуя алардын Манхэттендеги үйүндө болгон. Кийинчерээк полиция конверттеги порошок коопсуз экенин маалымдады. Өткөн жылы күзүндө... Читать дальше...

Украинадан чыгарылган Саакашвили Варшавага учуп барды

Azattyk.org 

12-февралда Киевде кармалып, Польшага депортацияланган оппозициялык «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидери Михаил Саакашвили Варшавага барды. УНИАН агенттиги өз булактарына таянуу менен саясатчы "депортация болбогонун, келген жерине гана кайра жөнөтүлгөнүн" жазды. Саакашвилини дүйшөмбү күнү ресторанда отурган жеринен беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен алып кеткени кабарланган. Азырынча саясатчыны ким кармап кеткени белгисиз. Украинанын Коопсуздук кызматы окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Читать дальше...

Дооронбек Садырбаевдин китебинин бет ачары болот

Azattyk.org 

Дооронбек Садырбаевдин "Даанышман" деп аталган беш томдук китебинин бет ачары бүгүн, 13-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болот. Саат 11де өтчү жыйынга парламент депутаттары, акын-жазуучулар жана башка чыгармачыл адамдар катышат. Бул тууралуу Садырбаев атындагы кайрымдуулук фондунан "Азаттык" радиосуна маалымдашты. “Даанышман” аттуу беш томдук китеп Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду тарабынан чыгарылган. Айтылуу кинорежиссёр, акын жана прозачы, коомдук ишмер... Читать дальше...

Дональд Трамп орус президенти Путинге көңүл айтты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп 12-февралда Владимир Путинге телефон чалып, Москванын жанында жүргүнчү учактын кыйрашы боюнча көңүл айтты. Ал кырсыктын себептерин иликтөөгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президент Трамп узак мөөнөттүү тынчтык келишимине жетишүү мезгили келгенин айтканы кабарланды. Президенттер эки тараптуу кызматташуу боюнча, анын ичинде Түндүк Корея маселесине да токтолушкан. Дональд Трамп Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылып, эркин аймакка айлануусу маанилүү экенин белгилегенин Ак үй билдирди. Читать дальше...



Москва

В ТРЦ «Нора» прошёл квиз для музыкальных энтузиастов


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о масштабных планах благоустройства на юго-востоке Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

Жена рэпера Басты опубликовала фото в купальнике




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Более двух тысяч спортсменов поучаствовало в параде на ВДНХ в Москве

«Милан» сыграл вничью с «Салернитаной» в Серии А

ЦСКА обыграл "Урал" в заключительном матче РПЛ


WTA

Камилла Рахимова вышла в полуфинал турнира WTA-250 в Рабате



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Милан» сыграл вничью с «Салернитаной» в Серии А



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России