Тегеранга байланыштуу Вашингтондун кезектеги санкциялары күчүнө кирердин алдында Кытай менен Индия Ирандан мунайын сатып алуудан баш тартпай турганын жарыялады. АКШнын Иранга каршы санкциялардын кезектеги баскычы 5-ноябрда күчүнө киргени турат.
Бишкекте ВИЧ жуктуруп алган 38 жаштагы тургун "илдетим тууралуу коомчулукка жарыялап жиберишти" деп эл аралык уюмдарга нааразы болуп жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 30-октябрда билдирди. Буга чейин Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Марлес Феликсти кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук берген. Анын эмненин негизинде айыпталганы азырынча белгисиз. Өткөн аптада Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Элвира Жаркееваны кызматтан алган. Читать дальше...
Мушкер октагондо 66 килогораммда күч сынашат.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президенттин кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун өмүрүнө коркунуч жоктугун "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, Илмиянов бир кишилик камерга өз каалоосу менен которулду. Илмиянов өз өтүнүчүнүн негизинде УКМКнын Тергөө абагындагы бир кишилик камерага которулганын 30-октябрда Кыйноолорго каршы улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов маалымдаган. Бул кабардан кийин коомчулукта "абакта Илмияновдун өмүрүнө коркунуч барбы" деген суроо жаралган. Читать дальше...
Бишкекте бүгүн, 31-октябрда турак жай алам деп алданып калган үлүшчүлөрдүн көйгөйү тууралуу талкуу болот. "24.kg" агенттигиндеги жыйынга парламент депутаттары, Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги, Мамлекеттик каттоо, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы), Ички иштер, Юстиция министрлиги, Бишкек мэриясы, БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү жана үлүшчүлөр катышмакчы. Талкууда үлүшчүлөрдүн укуктарын коргоо, алардын маселесин чечүү жолдору талкууланат. Читать дальше...
Тажикстандын Гиссар шаардык соту жети жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган эки өспүрүмдүн ар бирин жети жылдан эркинен ажыратты. "Азаттыктын" тажик кызматы соттун маалыматына таянуу менен билдиргендей, өкүм азырынча күчүнө кире элек жана айыпталуучу тарап жогорку инстанцияга даттанууга укуктуу. Өспүрүмдөрдүн биринин апасы соттун чечимине макул эместигин, ага каршы даттана турганын билдирди. Жети жаштагы кыз быйыл июнда Гиссар районундагы Кончи айылында зордукталган. Кончи айылынын 14 жана... Читать дальше...
Бишкекте бүгүн, 31-октябрда залкар артисттер Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана алардын уулу, режиссер, актер Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган спектакль коюлат. "Улуу даражалуу актер" деп аталган спектакль Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында болот. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караганда, каалоочуларга кирүү акысыз.
Кыргызстанда ВИЧтин курмандыктары 1873кө жетти. Республикалык СПИД борбору билдиргендей, бул - өлкөдө ВИЧ жуктурган биринчи адам аныкталган 1996-жылдан ушул мезгилге чейинки аралыктагы көрсөткүч. Өлкөдө 2018-жылдын октябрь айына карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишини түздү. Анын 8137си Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан ВИЧ ылдам өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарында. Ооруну жуктургандардын көбү эркектер.
Кыргызстанда ВИЧтин курмандыктары 1873гө жетти. Республикалык СПИД борбору билдиргендей, бул - өлкөдө ВИЧ жуктурган биринчи адам белгилүү болгон 1996-жылдан ушул мезгилге чейинки аралыктагы көрсөткүч. Өлкөдө 2018-жылдын октябрь айына карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишини түздү. Анын ичинде 8137си Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан ВИЧ ылдам өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарында. Читать дальше...
Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга парламент өзүн-өзү таратпаса, ачкачылык жарыялап же иш таштай турганын билдирди. Бул тууралуу монголиялык телеканалдарга таянуу менен "Bloomberg" агенттиги кабарлады. Буга чейин Баттулга парламентти экономикалык чакырыктарга каршы турууга "жөндөмсүз" деп сындаган. Президент Эл аралык валюта фондунан жардам сураганын, бирок өкмөт ага эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн айткан. "Bloomberg" билдиргендей, Монголияда Баттулганын мындай аракети 2020-жылга... Читать дальше...
Бишкек Жылуулук электр борборуна жабдыктарды сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев 30-октябрда ЖЭБде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, козголгон кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген. Ал эми Кытай берген 386 миллион доллар насыяга байланыштуу козголгон кылмыш иштери четинен сотко жөнөтүлүп жатат. Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости