Рим папасы Таиландга келди
Рим папасы Франциск Азиядагы бир жумалык сапарынын алкагында 20-ноябрда Таиландга келди. Аны соңку 50 жылдан бери бул өлкөдө жашап жүргөн карындашы, миссионер Ана Роза Сивори тосуп алды. Ал Таиланд менен Ватикандын желектерин көтөрүп чыккан ондогон адамдын алдында карындашына кайрылып, «сизди көргөнүмө жана мага котормочу болуп коштоп жүрөрүңүзгө кубанычтамын» деп айтты. Рим папасы сапарынын алгачкы күнүндө Таиланддагы жергиликтүү элдин бир пайызын түзгөн католик азчылыгы менен жолугат. Эртең... Читать дальше...