Британиялык «Балдарды сактагыла» кайрымдуулук уюмунун маалыматына караганда, Ооганстандагы балдардын үчтөн экиси өлкөдө көп жылдардан бери уланып келе жаткан жаңжал-согуштардан запкы тарткан. Көпчүлүгү ата-энесинен, жакындарынан айрылган, жаракат алган, согушка, кан төгүүгө күбө болгон. Уюмдун 19-ноябрда жарыяланган баяндамасында айтылгандай, сурамжылоого Ооганстандын төрт провинциясында жашаган 700дөн ашуун балдар жана чоң адамдар тартылган. Баяндамада балдардын басымдуу бөлүгү депрессиядан жана ачкачылыктар жабыркай тургандыгы жазылган. Читать дальше...