Түштүк Кореяда парламенттик шайлоо эрте башталды
Түштүк Кореяда 15-апрелге белгиленген парламенттик шайлоого добуш берүү башталды. Өкмөт шайлоо күнү элдин көп топтолушуна жол бербеш үчүн эрте добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Коронавируска байланыштуу добушканалар катуу тартипте иштеп жатышат. Алгач беткапчан шайлоочулардын дене табы текшерилет. Андан соң добуш берүүчү колун дезинфекциялап, резина кол кап кийиши керек. «COVID-19дун айынан бетимди эки кабат жаптым. Анан алдын-ала добуш бериш үчүн мында келдим. Баарыбыз коронавирустан кутулуш үчүн күрөшүүдөбүз. Читать дальше...