Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 07.02.2018

Салянова: Сот эмес эле цирк болду

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Собчак: Саясий дымагым олуттуу

Azattyk.org 

Орусиянын президенттигине ат салышууга ниеттенип жаткан теле алып баруучу Ксения Собчак саясий дымагы олуттуу жана узак экенин билдирди. Бул тууралуу ал 6-февралда Вашингтондо өткөргөн басма сөз жыйынында айтты. Эл аралык стратегиялык изилдөө борборунда уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып Собчак АКШ администрациясынын өкүлдөрү менен Вашингтон Орусияга каршы киргизген экономикалык санкцияларды талкуулоону боолголоп жатканын кошумчалады. Ал ушу тапта эки державанын алакалары абдан начар экенин белгилеп, «Орусия - бул Путин эмес» деп билдирди. Читать дальше...

Ош: мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк бергендерге кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу аялга айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз борбору билдирди. Анда айтылгандай, аталган мекеменин Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2014-жылы К.Ы. аттуу жаранга “ВВ1” жана “СС1” категориясында, ал эми Ош шаардык бөлүмүнүн өкүлдөрү 2016-жылы Д.К. Читать дальше...



Кара-Суу райондук соту 24 "йакын инкарчыны" эки жылга шарттуу кести

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту "Йакын инкар" диний уюмунун идеяларын жайылтып жүргөн 24 кишини эки жылга шарттуу кести. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жанна Сатарова билдирди. Соттолгон адамдар - Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тургундары. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча алар декабрь айында Кара-Суу районунун аймагында "Йакын инкар" агымынын идеяларын жайылтканы аныкталган. Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр... Читать дальше...

Салянованын иши: шаардык соттун өкүмү чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча сот өкүмүн чыгарды.

Шаардык сот Саляновага карата өкүмдү күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Өкүм жарыялангандан кийин Салянова: - Үч ай биз кимге сүйлөп жатканыбызды да билбей калдым. Үч айдан ашык цирк кимге керек болгон? Адвокаттардын эмгеги кайда кетти? -  деди. Салянова "юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган" деп соттолууда. Ал өзү муну саясий куугунтук деп эсептейт.  Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Читать дальше...

Сирия Израилдин аскер учактары сокку урганын билдирди

Azattyk.org 

Сирия армиясы баш калаа Дамасктын жака-белиндеги айылдарга Израилдин аскер учактары сокку урганын билдирди. Сириянын мамлекеттик телеканалы тараткан билдирүүдө соккулар Ливандын аба аймагынан урулганы айтылат. Израил тарап мындай дооматтарга жооп бере элек. Ушуну менен соңку бир ай ичинде президент Башар Асадга караштуу армия экинчи жолу Израилди айыптап жатат. Дамаск 9-январда Кутайфа районуна абадан коюлган чабуулдарды да Израилден көргөн. Бир күн мурда Улуттар Уюмунун аскердик кылмыштар боюнча... Читать дальше...

Он эки жылдан бери чыкпай турган томдуктар

Azattyk.org 

Салижан Жигитов адабияттын кайсы салаасына кайрылбасын андан өрнөктүү дегидей иштерди жасап, сөз менен ойду туюнтуунун үлгү болорлук мисалдарын артына калтырып кетти. Анын поэзиядагы, прозадагы, котормодогу, адабият таануу теориясы, сыны жаатындагы эмгектери ушул азыр да кызыгуу менен окулат.



АКШ: Орус элчилигинин алдындагы аянтка Немцовдун аты коюлду

Azattyk.org 

Орусиянын АКШдагы элчилигинин алдындагы аянтка оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Немцов атындагы фонддун төрагасы кенже Владимир Кара-Мурза билдирди. Анын айтымына, аянтты ачуу салтанаты 27-февралга пландалды. Былтыр Вашингтон шаардык кеңешинин тармактык комитети элчиликтин маңдайындагы көчөгө Немцовдун ысымын ыйгарууну сунуш кылган долбоорду бир добуштан кубаттаган.  Мурдагы вице-премьер-министр, президент Владимир Путиндин сынчысы Немцовду 2015-жылдын февралында Москвада атып кетишкен.

Эл аралык арбитраж 13 орусиялык атлеттин арызын кабыл алды

Azattyk.org 

Лозаннадагы Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот 7-февралда 13 орусиялык атлеттин жана эки машыктыруучунун арызын кабыл алганын билдирди. Алар Пхёнчхаңдагы оюндарга катышуу укугунан ажыраткан Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин талашып жатышат. Арасында Олимпиада чемпиону, лыжачы Александр Легков жана скелетон боюнча алтын медал алган Александр Третьяков да бар. Бир күн мурда ушундай эле арыз менен 32 орусиялык спортчу кайрылган. Олимпиада комитети алардын баарына допинг чуусуна байланыштуу... Читать дальше...

Аким: Макмалда курулуш токтоп турат, элдин протоколу бийликке жөнөтүлөт

Azattyk.org 

Тогуз-Торо районунда бүгүн өткөн элдик жыйында протокол кабыл алынды. Райондун акими Тилек Идирисовдун айтымында, ага жергиликтүү тургундардын бардык талаптары жазылат жана жогорку бийлик органдарына жөнөтүлөт. - Кандай чечим кабыл алынары мамлекеттик деңгээлде чечилет. Учурда ал жерде иш токтоп турат, - деп билдирди райондун башчысы эл алдында сүйлөп жатып. Макмал кенинин базасында тоо-кен байытуучу ишкана курууга каршы нааразылыктар 1-февралда башталган. Бүгүнкү жыйын Казарман айылдык клубунун алдында өттү, ага жүздөгөн тургун катышты. Читать дальше...

Кыргызстанда мектептерди аккредитациядан өткөрүү башталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик орто мектептерди аккредитациядан өткөрүү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысы Нурбек Казыев “Азаттыкка” билдирди. Өнөктүктүн алкагында билим берүү мекемелериндеги материалдык-техникалык база, мектептин имараты, кадрлар базасынын жана китептин жетиштүүлүгү, мугалимдердин квалификациялык деңгээли, окуучулардын билим сапаты текшерилет. Бул үчүн өлкөдөгү мамлекеттик мектептердин жетекчилери тиешелүү... Читать дальше...

Активист Мелис Аспековдун иши боюнча соттук кароо 19-февралга калды

Azattyk.org 

“Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири, активист Мелис Аспековдун ишине байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда башталган процесс 19-февралга калды. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, сот Аспековдун адвокаты келбей калганына байланыштуу отурумду кийинкиге жылдырды. Процесс жабык режимде өтөт.  Мелис Аспеков былтыр октябрда "массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген шек менен... Читать дальше...

Салянова: Атамбаев баштаган чабуул уланууда

Azattyk.org 

Оппозициялык саясатчы Аида Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баштаган куугунтугу жана андан кийинки чабуулдар уланууда деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкек шаардык сотунда жарыш сөз берилбей койгондон кийин журналисттерге билдирди. Салянова аны каматууга судьяларга акча берилгени тууралуу маалымат тарап жатканын, тартип коргоо органдары мунун калп-чынын иликтеши керектигин айтты: - Мени жоопко тарткан адамдардын мындайга барарын түшүнсө болот. Анткени Атамбаев тарабынан куугунтук... Читать дальше...

Олимпиадада кыргыз туусун көтөрүп чыкчу Тариэл Жаркымбаев тууралуу 6 факты

Sputnik Кыргызстан (sport) 

9-февралда Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында баштала турган кышкы олимпиадалык оюндарга кыргыз жигиттеринен алгач ирет лыжа спорт чебери Тариэл Жаркымбаев 5-февралда аттанып кетти.

Бишкекте милицияны атты деп шек саналган жаранга издөө жарыяланды

Azattyk.org 

"Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда милиция кызматкерин атып кетти" деп шек саналган Тилек Шатмановго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 32 жаштагы тургуну Тилек Шатманов 2-февраль күнү Бишкектин Свердловск райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине курал колдонуп кол салган деп шек саналууда. Ага буга чейин да киши өлтүрүүгө аракет кылууга жана карактоого шектүү катары издөө жарыяланган. Милиция Шатмановду көргөн-билгендер болсо 0(312)43-71-75... Читать дальше...

Милицияны видеого тартуу мыйзамсыз деген жетекчи эскертүү алды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркуловго эскертүү берди. Көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, Саркуловдун айткандары “жол берилгис”, себеби “мыйзам жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерди иш учурунда фотого жана видеого тартууга тыюу салбайт”. Ошону менен катар Башкы прокуратура айдоочуларды да, жүргүнчүлөрдү жана жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерди да бирин бири сыйлап, эрежелерди бузбоого чакырды. Буга чейин... Читать дальше...

Польша президенти талаштуу мыйзамга кол коёт

Azattyk.org 

Польшанын президенти Анджей Дуда Холокост тууралуу талаштуу мыйзамга Израил, АКШ жана Украинанын каршылыгына карабастан кол коёрун 6-февралда билдирди. Бул мыйзамга ылайык, Польшаны фашисттик Германиянын кылмыштары менен байланышта карагандар жана украиналык улутчулдардын поляктарга каршы жасаган кылмыштарын жокко чыгаргандар жазага тартылышат. Польша мындай мыйзам өлкөнүн беделин коргоо үчүн керектигин айтууда.

Бишкек-Ош автоунаа жолунда коюлган чектөөлөр алынды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автоунаа жолунда коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жол кырсыктарынын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатында 6-февраль күнү саат 11:40тан тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 19:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Убактылуу коюлган чектөө бүгүн саат 07:00дө алынды. Жол күнүмдүк режимде иштеп жатат.


Музыкальные новости
Юлия Савичева

«Прыгала, как сумасшедшая»: Юлия Савичева рассказала об исполнении давней мечты в шоу «УТРО. ТНТ»





Rss.plus
Владимир Потанин

Глава "Интерроса" анонсировал создание цифровой платформы для формирования запросов на разработку отечественного оборудования




НИУ МЭИ и Алматинский университет энергетики и связи им. Г. Даукеева укрепляют энерго-сотрудничество

Ventra Go: 32% самозанятых россиян тратят на подработку от пяти часов в неделю

«Большие семейные выходные» ждут свердловчан в начале лета

Мебель от бывших поставщиков IKEA скоро появится в Петербурге




Бишкек-Ош унаа жолунда коюлган чектөөлөр алынды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош унаа жолунда коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 6-февраль күнү саат 11:40тан тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 19:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Чектөө бүгүн саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды. Жол күндөлүк режимде иштеп жатат.

Отунбаева Салянова боюнча президентке кайрылганы кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева депутат Аида Салянованын сот ишине байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Кайрылуунун текстин Салянованын тарапкерлери таратып жатышат, бирок бул маалыматты Отунбаеванын өзүнүн фондунан жана президенттик аппараттан тастыктоо мүмкүн болгон жок. Кайрылууда Саляновага карата тагылып жаткан айыптарды, сот процессинин жагдайларын объективдүү жана терең иликтөө зарылдыгы айтылган. “Принципиалдуулук, мыйзамдуулук жана акыйкат камсыз кылынса жүздөгөн судьяларга жол көрсөтүлөрү... Читать дальше...

Он чакты саясатчынын иши шаардык сотто каралууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда ушу тапта белгилүү он чакты саясатчыга карата козголгон төрт кылмыш иш каралып жатат. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Саляновага карата өкүм угузулганы турат. Аны Бишкектин Ленин райондук соту юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган деп беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка шериктеш болуу"... Читать дальше...

Шаардык сот Саляновага өкүм угузуу алдында турат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата сот өкүмүн угузуу алдында турат. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, кечээ адвокат Рабига Садыкова жарыш сөзүн аяктабай калган жана бүгүн улантышы керек болчу. Бирок судья Ирина Воронцова сөздү ага эмес, Саляновага берди. Салянова адвокатка жарыш сөзүн жыйынтыктоого уруксат берүүнү суранды. Бул үчүн судья депутат сотко баш ийбей койгонун айтып залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Салянова чыкпай турганын билдиргенден кийин соттор кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти. Читать дальше...

Ошто адвокат алдамчылыкка шектелип шарттуу кесилди

Azattyk.org 

Ошто Ж.Т. аттуу адвокат алдамчылыкка шектелип шарттуу кесилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Ош шаардык адвокаттар коллегиясынын мүчөсү катары аталган жактоочу С.М. аттуу тургундун ишенимине кирип, ага юридикалык жардам көрсөтүү үчүн 260 миң акчасын алып алган. Бирок ага тиешелүү кызмат көрсөткөн эмес. Жабырлануучунун арызынын негизинде факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 2017-жылдын ноябрында Ош шаардык соту Ж.Т. ысымдуу... Читать дальше...

Ошто адвокат алдамчылык боюнча шарттуу кесилди

Azattyk.org 

Ошто Ж.Т. аттуу адвокат алдамчылыкка байланыштуу шарттуу кесилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Ош шаардык адвокаттар коллегиясынын мүчөсү экени айтылган жактоочу С.М. аттуу тургундун ишенимине кирип, ага юридикалык жардам көрсөтүш үчүн 260 миң акчасын алып алган. Бирок ага тиешелүү кызмат көрсөткөн эмес. Жабырлануучунун арызынын негизинде факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 2017-жылдын ноябрында Ош шаардык соту Ж.Т. аттуу... Читать дальше...



Москва

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В московской мэрии не планируют запрещать самокатам ездить по тротуарам



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Бизнесвумен Матильда Шнурова снялась без одежды в США




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Чья компания сильнее всех?

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»

Гонки на яхтах и практики лидеров рынка: предприниматели Татарстана станут участниками образовательной регаты в Москве


ATP

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Кадыров заявил, что встретился с Путиным в Москве и пригласил его в Чечню



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России