Баткенде көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, 9-май Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш быйыл Баткенде өтүүдө. Мелдеш бүгүн, 2-майда Баткен облусунун Халмион айыл аймагындагы ат майданда башталды. Жыйынтыктоочу оюн 9-майда болот. Мелдешке өлкө боюнча отуздан ашык команда катышууда. Майрамды утурлай улуттук оюндардын 5 түрү боюнча мелдештер жана Салбуурун оюндары да уюштурулат. Жалпы байге фонду үч жарым миллион сом деп айтылды. Жеңиштин 77 жылдыгына... Читать дальше...