Орун басарлар Бейшеналиевди кызматтан алууну талап кылды
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери кайрадан күндүн темасына айланды. Министрдин азыркы жана мурдагы орун басарлары 16-майда маалымат жыйын өткөрүп, өлкө бийлигине кайрылуу жасап, аны кызматтан алууну өтүндү. Алар министрликтин борбордук аппаратында моралдык абал оорлошуп кеткенин белгилешип, буга Бейшеналиевди күнөөлөштү. Мунун алдында учурда чет өлкөдө жүргөн министр эки жолу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин сурагында болгонун билдирген. Ал орун басарларынын билдирүүлөрүн четке какты. Читать дальше...