Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 20.05.2022

Кыргызстандагы креативдүү экономика

Azattyk.org 

Интеллекттин жардамы менен өндүрүлгөн продукт азыр дүйнөдө жогору бааланат. Ал эми Кыргызстандагы креативдүү индустрия кандай деңгээлде? Чыгармачылык менен таланттын баасы канча? Биз бүгүн Кыргызстандагы креативдүү экономиканын маанисине токтолобуз.

Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна чектөөлөр кирди

Azattyk.org 

Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар чектөөлөр кирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады. Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин аял кызматкерлерине “көңүл бурдуруучу элементтери бар көйнөктөрдү кийбейм” деген тил кат алынып жатат. Мурдараак мындай талаптар башка аймактарда киргизилген. Айымдар мындан ары косметиканы колдонбошу керек. Аларга мындан ары чачын боёого, маникюр жасоого, жинсы шымдарды кийүүгө жана денесине чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынат. Читать дальше...

Казино тузагы: "Күйөөм эки саатта 11 миң доллар уттурган"

Azattyk.org 

Казино, букмекер, тотализатор жана башка кумар оюндарынын торуна түшкөн адамдар, алардын жакындары кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрөт? Аларга ким жардам бере алат? Бул тузактан кутулуу жолдору барбы? "Эже-сиңдилер" берүүсү бул ирет ушул теманы талкууга алды.



Жер семирткич кымбаттап, аткезчилик күчөдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда жер семирткичтин наркы 47 сомго чейин кымбаттап кетти. Бул баа былтыркыга караганда эки эсе кымбат. Мындан улам дыйкандар сатып алууга чамасы жетпей жатканын даттанууда. Жер семирткичтин тартыштыгы жана ашкере кымбаттыгы Өзбекстан менен чек аралаш аймактарда аткезчиликтин күчөшүнө түрткү берди. 2022-жылы айыл чарбасын жер семирткич менен камсыздоо үчүн бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнгөн. Учурда жеке компаниялар алып келген жер семирткичтердин дүң баасы 38 сом болсо, өкмөт алып келген жер семирткичтердики 46,7 сом болуп турат. Читать дальше...

Он чакты өлкөдө маймыл чечеги кишилерге жуккан учурлар аныкталды

Azattyk.org 

АКШ, Канада, Австралия, Испания, Португалия, Улуу Британия, Франция, Италия, Швеция, Бельгия баштаган ондогон өлкөдө маймыл чечегинин (monkeypox – обезьянья оспа) кишилерге жуккан жаңы учурлары катталып, саламаттык сактоо органдары изилдөө иштерин баштады. Инфекция Африканын борбордук жана батыш бөлүгүндөгү алыскы райондордо көбүрөөк тараганы белгилүү. Башка өлкөлөрдүн жарандары ушул чөлкөмгө саякатка келип, жуктуруп кеткен болушу мүмкүн деп айтылып жатат. Британиянын саламаттык сактоо кызматы бул сейрек кездешүүчү инфекция экенин... Читать дальше...

Түркия "Сапаттын" ишин кайра козгоду

Azattyk.org 

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемелерине байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоду. Анда бул мекемеде окуган улан-кыздар Түркияда кыйынчылыктарга кабыларын, аларга бул өлкөнүн эшиги дээрлик жабыларын эскертти. Мындан улам расмий Бишкекти "зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерди жасоого" чакырды. Кыргыз бийлиги буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек. Бишкектеги түрк элчилиги "Сапат" билим берүү мекемелерин Анкара “Фетхуллахчы террорчул уюм”, же ФЕТӨ/FETO (ред... Читать дальше...

Лейлекте эки жүздөй кой-эчкини сел агызып кетти 

Azattyk.org 

19-майдын кечинде Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир катар айылдарда сел жүрүп, мал жандыктарды агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлады.  Катраң айыл өкмөтүнүн Катраң, Баул айылдарынан өткөн сайдан сел агып, Раззаков-Катраң унаа жолунда таш менен курулган дамбанын 80 метр аралыгын бузуп кеткен. Жол убактылуу жол жабылган. Баул айылында 200 баш кой-эчкини сел агызып кеткени да кабарланды. Учурда чыгымдар такталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча... Читать дальше...

Кыргызстанда “Дежавю” спектаклин коюуга тыюу салынды

Azattyk.org 

Алишер Ниязовдун “Кыялдар орундалат” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Дежавю” спектаклин Кыргызстанда коюуга тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” спектаклдин режиссёру, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын көркөм жетекчиси Акимбек Текешов билдирди. Маалымат боюнча, спектаклдин премьерасы 21-майда болмок. Бирок Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен келген комиссия аны элге тартуулоого болбойт деген чечим чыгарган. “Театрдын көркөм кеңеши... Читать дальше...



Түркия "Сапат" билим берүү мекемелерине чектөөлөрдү киргизди

Azattyk.org 

Түркиянын Бишкектеги элчилиги Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине жана аларда эмгектенгендерге бир катар чектөөлөр киргизилгенин жарыялады. 20-майда түрк элчилиги тараткан билдирүүдө "Түркияда ФЕТӨ/FETO (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюмуна тиешелүү бардык мектептер жана окуу жайлары жабылганын" билдирди. Маалыматка ылайык, "Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин тутумуна кирген жогорку окуу жайларынын дипломдору... Читать дальше...

Жумгалда райондук соттун судьясы, прокурордун орун басары пара менен кармалды

Azattyk.org 

20-майда Башкы прокуратура Жумгал райондук соттун судьясы (А.А.) жана райондук прокурордун орун басары (О.Ж.) 50 миң сом пара алып жатып кармалганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, Жумгал районунун судьясы райондун прокурорунун орун басары менен биргелешип, кылмышка шектелип жаткан жарандын ишин кыскартуу үчүн анын тууганынан 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан. Ушул эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жатып... Читать дальше...

БУУнун баш катчысы Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга камтамачылыгын билдирди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жайкын тургундарга жасалып жаткан күч колдонууларга жана андагы курмандыктарга байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Гутерриштин билдирүүсүн Нью-Йорктогу атайын брифингде анын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик жарыялады. “Баш катчы тараптарды мунасага келүүгө чакырат жана жаралган кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүнү өтүнөт”,-деди Дюжаррик анда. Стефан Дюжаррик билдиргендей, БУУ Тоолуу Бадахшандагы... Читать дальше...

“Медиа полиси институту” SuperTV каналы боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

“Медиа полиси институту” SuperTV телеканалынын кызматкерлерине Жогорку Кеңештин имаратына киришине тыюу салынышы мыйзамсыз экенин билдирди. Уюм тараткан маалыматка ылайык, парламенттин басма сөз кызматы каналдын кызматкерлеринин аккредитациясын жокко чыгаруу менен “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин Жогорку Кеңешке аккредиттөө жөнүндө эрежени” бузган. Бул эрежеде журналистти аккредитациядан ажыратуу маселесин комиссия карап чечим чыгарат. Анда кабарчы Жогорку Кеңештин депутаттарын жана  кызматкерлерин кемсинткен... Читать дальше...

"Кайра токмогу күчөдү". Зомбулуктан коргой албаган ордер

Azattyk.org 

ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы үч айында үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо максатында 2222 ордер берилген. Милиция коргоо ордери ишке киргенден бери үй-бүлөлүк зомбулук азайганын белгилесе, жабырлангандар жана укук коргоочулар ордер зомбулуктан коргой албай жатканын айтууда. "Кайра эле баягы адатын баштайт" Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде батирде жашаган Акседеп колуна онго жакын коргоо ордерин алганын айтып берди. "Күйөөм ичкен сайын үйдө тополоң кылып, чыр чыгарат. Читать дальше...

Беларустун бийлиги NEXTA Телеграм каналынын ээсин террорчулукка айыптады

Azattyk.org 

Беларустун Тергөө комитети оппозициялык NEXTA Tелеграм каналынын негиздөөчүсү Степан Путилого жана аны менен чогуу иштеген Ян Рудикке "Террордук уюмдарды уюштуруу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги кабарлады. Мекеме Путило менен Рудикти “террордук уюмдун жетекчилери” деп атады. Иштин материалдарында алар 2020-жылкы нааразылык акцияларында калкты баш аламандыкка, жолдорду жабууга тополоңдорду уюштурууга үндөгөнү баяндалат. Беларуста оппозиция... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек ара окуясы боюнча айыпталып жаткандар маселеси каралат

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек араcындагы 2019-жылдагы окуяга байланыштуу айыпталып жаткандар маселеси эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын жана Улуттук коопсуздук комитеттеринин деңгээлинде каралганы жатканын бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди. Депутат Нурлан Ражабалиев чек арадагы 2019-жылдагы окуя боюнча Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда быйыл февралда кармалган Баткен районунун тургуну дароо бошотулганын, бирок ошол эле иш боюнча тизмеде 17 кыргызстандык бар экенин айтты... Читать дальше...

Тоолуу Бадахшанда "антитеррордук операцияда" өлгөндөрдүн сөөгү жакындарына берилди

Azattyk.org 

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Рушан районунда өткөргөн "антитеррордук операцияда" өлгөн 21 адамдын сөөгү жакындарына берилди. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жергиликтүү тургундарга таянуу менен кабарлады. Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "8 жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 114 адам кармалганы ырасталды. Читать дальше...

Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов дүйнө салды

Azattyk.org 

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери, белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам 20-майда 72 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал Улуттук каналда дээрлик 50 жылдай эмгектенгенин каналдын директору Кайрат Иманалиев билдирди. Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Маалыматка караганда, акыркы жылдары анын жүрөгү ооруп жүргөн. Бактыбек Мамытов Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Даңк" медалынын ээси. Читать дальше...

Орусиянын "кара тизмесинде" 82 миң кыргыз жараны бар экени айтылды

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 82 миңдей жараны Орусиянын миграциялык “кара тизмесинде” экенин бүгүн 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында эмгек мигранттарынын укугун коргоо маселеси талкууланып жатканда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди. Анын айтымында, март айында Орусиянын тийиштүү органдарынан бул тизмеде 81 миң 903 кыргызстандык бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Алыбаева Орусияга барган мигранттарга  каттоого туруу үчүн манжа изин тапшыруу... Читать дальше...

Июнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып коюлду

Azattyk.org 

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Башкы прокуратуранын тергөөчүсү саясатчыларга айыбын 20-майда угузуп, Дүйшөбаев жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил каты менен чыкты. Саясатчы муну оппозицияга карата саясий куугунтук деп эсептейт. “Мага Кылмыш-жаза кодекси 337-беренеси... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Ивлеева

Блогера Ивлееву оштрафовали на 50 тыс рублей за дискредитацию российской армии





Rss.plus
Сбер

Сбер подарил Орлу умный фонтан




В Москве задержали 10 нелегалов среди сотрудников аэропорта Шереметьево

Протоиерей Козлов: традиция посещать кладбища перед Пасхой возникла при Хрущеве

В РФ наладят производство биосовместимых зубных имплантатов

"Хватит нас эксплуатировать": мигранты подались в Европу из России, где их не ценят




Сулайманов: Мектепке Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлган

Azattyk.org 

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүздүн Кызыл Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлганын айтып, бул окуяны атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирди. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мектепке бюст коюлары тууралуу облустук бийликтин маалыматы болбогонун кошумчалады. “Негизи бюст өзүм билемдик менен коюлбаш керек болчу. Комиссия түзүп, чечим кабыл алабыз. Анан ошого жараша иш кылабыз. Бюст коюларын эч ким билген эмес. Читать дальше...

"Адабиятта күчтүү аялдын образынын жоктугу ардантат"

Azattyk.org 

Жазуучу, илимпоз, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Алтын калем” адабий сыйлыгыны ээси Топчугүл Шайдуллаеванын “Балакана” деген жаңы китеби жарык көрдү. Калемгер элеттик аялдардын турмушу, тагдыры, тиричилиги жөнүндөгү аңгемелери, новеллалары менен таанымал. Топчугүл Шайдуллаева менен Бурулкан Сарыгулова сыябан маек курду.

Добрынина: Кыргызстанга инсулин июндан эрте келбейт

Azattyk.org 

Кант диабети менен ооруган адамдарга зарыл болгон курамында инсулини бар “Протафан” дарысы Кыргызстанга июндан эрте келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынина билдирди. “192 миллион сомдук инсулин дарысын алуу үчүн тендер аягына чыкты. Азыр экинчи типтеги кант диабети менен ооругандарга зарыл болгон “Протафан” дарысы жок болуп жатат. Анын ордуна таблетка түрүндөгү инсулиндин дозасын азыраак кылып берип жатабыз. Биринчи... Читать дальше...

Кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда жүк ташуудагы маселе каралат

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапары 26-майда башталарын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев айтты. Коңшу өлкөнүн президенти 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) видеоконференция форматында саммитине жана Бишкекте өтө турган пленардык жыйындарга катышат. Арзыбек Кожошев президент Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунда эки өлкөнүн чек арасында жүк ташуудагы маселелер да талкууланарын билдирди. Читать дальше...

"Биз өгөй баладайбыз". Тоолуу Бадахшандагы чыңалууга эмне себеп?

Azattyk.org 

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы соңку кандуу кагылышууга бийликтин митингчилердин бир катар талаптарын четке какканы түрткү берди. Бирок борбордон алыс бул аймактагы көйгөйлөрдүн тамыры алда канча терең. Расмий Дүйшөмбүнүн маалыматына ылайык, Тоолуу Бадахшанда 16-майда нааразылык билдирген топ менен күч кызматкерлеринин кагылышуусунда жергиликтүү бир тургун, 18-майда бийлик "антитеррордук операция" деп мүнөздөгөн окуяда тогуз митингчи жана бир офицер каза тапты. "Азаттыктын" тажик... Читать дальше...

Былтыр чет жактан 540, быйыл төрт айда 224 мигранттын сөөгү келди

Azattyk.org 

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын чет жакта жашаган 224 жаранынын сөөгү өкмөттүн жардамы менен мекенине жеткирилгенин бүгүн 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында маалымат берип жатып тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди. Ал эми былтыр, Мадмаровдун айтымында, бир жыл ичинде 540 “Жүк-200” келген: “Быйыл президенттин 22-февралдагы жарлыгынан кийин өкмөттүн токтому кабыл алынып, ар бир өлкөдөн канча акча кетери аныкталган. Былтыр 540 сөөк мекенге жеткирилип... Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Филипп Киркоров

Киркоров оштрафован на 6 тыс. рублей за неуплату другого штрафа




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


Елена Рыбакина

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Жизнь по средствам: почему пора перестать на всем экономить



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России