Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 15.05.2022

Илимпоздор айдын топурагына гүл өстүрдү

Azattyk.org 

Айдан алынып келинген топуракка гүл өстүрүлдү. Биз билген куштардын 48% жок болуп кетүү коркунучунда. Келечекте океандардын абалына божомол жасоо кыйындашы мүмкүн. «Азаттыкта» илимдеги соңку жаңылыктардын топтому.  Айдын топурагына өскөн гүл NASA агенттигинин астронавттары чогулткан айдын топурагына окумуштуулар гүл өстүрүштү. Ошентип, буга чейинки Ай бетине эч нерсе өспөйт деген божомол жокко чыгарылды. Тажрыйбаны Флорида университетинин тамак-аш жана айыл-чарба илимдери институтунун окумуштуулары жүргүзүшкөн. Читать дальше...

Талас: Убактылуу кармоочу жайдагы жаран медициналык жардамга муктаж

Azattyk.org 

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Таластагы кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайдагы жаранга медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканы аныкталганын билдирди. Шектүү борбордун кызматкерине 12-майда арызданып, убактылуу кармоочу жайда медицина кызматкери жоктугунан керектүү жардам ала албай жатканын айткан. Маалыматка караганда, 34 жаштагы жарандын ден соолугу май айынын башынан начарлай баштаган. Ал заарасы чыкпай калганын жана башы катуу ооруп жатканын айткан. Убактылуу жайда... Читать дальше...

Ирандык режиссер киночулар куугунтукка кабылганын айтты

Azattyk.org 

Ирандагы таанымал режиссер соңку күндөрү бийлик бир катар киноматографисттердин жана башка өнөр ишмерлеринин үйлөрүн тинтип, өздөрүн камаганын билдирди. Мохаммад Расулоф 14-майда кечинде Инстаграм баракчасына ондогон кино ишмерлери кол койгон арызды жарыялады. Арызда күч органдары тинтүү маалында кино тарткан курал-жабдууну конфискациялаганы белгиленет. Ал мындай иштерди «мыйзамсыз» деп айыптайт. Расулоф Инстаграмга жазган башка постунда эки режиссер - Фирузе Хосравани жана Мину Кешаварз кармалганын кабарлады. Читать дальше...



Жалал-Абадда "Бахрейн" социалдык шаарчасы ачылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда “Бахрейн” аталышындагы жаңы шаарчанын бир бөлүгү ачылып, муктаж болгон төрт үй-бүлөгө үйдүн ачкычы тапшырылды. Ошондой эле мечит жана тигүү цехи пайдаланууга берилди. "Бахрейн" социалдык шаарчасын курууга шаар бийлиги 1,25 гектар жер берген.  24 үй-бүлөгө ылайыкталган турак жайлар, 200 орундуу мектеп, тигүү цехи, ФАП жана мечит бар. Ошондой эле шаарча үчүн атайын таза суу да чыгарылган. Учурда тигүү цехи менен бир бир нече турак жай, мечит бүткөрүлгөн. Читать дальше...

Милиция Токмокто улут аралык кастыкты козутууга аракеттенгендер болгонун билдирди

Azattyk.org 

Токмокто улут аралык кастыкты козутууга аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу тартип коргоо органдарынан кабарлашты. Маалыматка караганда, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кечирим сурап, мыйзамга каршы келген аракеттерге барып, чакырык жасашканын моюнуна алышкан. Буга чейин Чүй милициясы тогуз жыл мурда жасалган кылмыштын бети ачылганын кабарлаган. Ысык-Атада 2013-жылы эки киши өлтүрүлүп, талаага жашыруун көмүлгөнү боюнча жергиликтүү эки тургун кармалганын милиция 11-майда кабарлаган. Читать дальше...

Садыр Жапаров ЖККУ саммитине катышуу үчүн Москвага учуп кетти

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммитине катышуу үчүн бүгүн, 15-майда Москвага учуп кетти. Бул тууралуу мамелкет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Саммит 16-майда Москвада өтөт. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар. Иш-чаранын жыйынтыгында... Читать дальше...

Таласта акындардын эл аралык айтышы башталды

Azattyk.org 

Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрда Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш башталды. Эки күнгө уланган айтышта 12 акын ат салышууда. Коңшу Казакстандан да акындар келген. Байге фонду 1 миллион сомду түзөт. Бишкекте өткөн тандоо туруна жалпы 45 акын катышкан. Айтышты Маданият министрлиги, Талас облустук акимчилиги, Улуттук "Манас" театры жана "Айтыш" коомдук фонду уюштуруп жатат. Байдылда Сарногоев... Читать дальше...

Борбордук бажынын мурдагы башчысы кайда?

Azattyk.org 

Мамлекет 166 миллион сом зыян тарткан деген иш боюнча айыпталып жаткан бажы кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Нурбек Айбашевдин өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Муну мамлекеттик органдар тастыктай элек. Бажычы өлкөдөн качан жана катип чыкканы белгисиз Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевдин өлкөдөн чыгып кеткени жөнүндө кабарды адвокат Майрамбек Жумабеков “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, 2022-жылдын 11-майындагы Бишкек шаардык сотунда Айбашевдин өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду. Читать дальше...



"Кумтөрдү улутташтыруу мыйзамынан күмөн санагам"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын конституциялык сотунун мурдагы судьясы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курмантай Абдиев болду. Ал маегинде юрист боло албай кыйналганын, райондук прокуратырада жалгыз кыргыз болгонун, Ак үйдүн өтүнүчү менен депутаттыкка аттанганын, саясатчылар Баекова, Бакиев, Жээнбеков жана Садыр Жапаров жөнүндө ойлорун ортого салды.   - Курмантай мырза, совет заманында жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн, кыргыздардан прокуратура органдарына көп алышчу эмес... Читать дальше...

Аба ырайы: Айрым облустарда жаан жаайт

Azattyk.org 

16-майда Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27, Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27, Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүн 4...10, күндүз 15...20, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8°. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Читать дальше...

Изникте кыргыз жоокерлери эскерилди

Azattyk.org 

15-майда Түркиянын Изник шаарындагы 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбөзүндө аларга багышталып куран окулуп, эскерилди. Иш-чарага Түркиядагы кыргызстандыктар, дипломаттар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. 700 жыл мурун Орхан Газинин Изник шаарын ээлешинде кыргыз жоокерлеринин чоң салымы болгон деген негизде, атайын күмбөз салынган. Ал күмбөз шаардын мэриясы тарабынан корголуп, жылына бир жолу Түркиядагы кыргызстандыктар күмбөзгө зыярат кылып турушат. Ал эми V Дүйнөлүк... Читать дальше...

“Ак үйдүн өтүнүчү менен депутаттыкка аттангам”

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу - Конституциялык соттун мурдагы судьясы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курмантай Абдиев. Ал маегинде юрист боло албай кыйналганы, райондук прокуратурада жалгыз кыргыз болгону, Ак үйдүн өтүнүчү менен депутаттыкка аттанганы тууралуу айтып берди.

Нью-Йорктогу кол салуудан 10 адам каза болду

Azattyk.org 

Ишемби күнү Нью-Йорктун Буффало шаарындагы супермаркетте 10 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуу расалык зомбулук катары иликтенип жатат. Полициянын маалыматына караганда, 18 жаштагы Пэйтон Жендрон жарым автомат мылтык менен аткан. Ал кол салуусун Twich стриминг сервисинде түз эфирде көрсөткөн. Каза болгон 10 кишиден тышкары үч адам жаракат алган. Жабыркагандардын басымдуу көпчүлүгү кара түстөгүлөр. Ок чыгарган адам кармалып, ага киши өлтүрүү боюнча айып коюлду. Ал кол салуудан бир аз... Читать дальше...

Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстандык жарандарды "Сестринское дело" программасынын алкаганда кызматка орноштурууга багытталган келишимге кол коюлат. Келишим 16-майда Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору менен Германиянын EDUVISO компаниясынын ортосунда түзүлөт. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты. Программага ылайык, жарандар медициналык багыт боюнча билим алып, андан ары Германияга жумушка орношконго мүмкүнчүлүк алышат. Буга чейин кыргызстандыктарды... Читать дальше...

Баткенде милиция кызматкерлерине психологиялык жардам берилет

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин медицина башкармасынын психологдору Баткен облусуна барып, милиция кызматкерлеринен атайын даярдалган суроолорго жоопторду алышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Облустук милициянын борбордук аппаратынан тартып, шаардык, райондук бөлүм, кызматтарынын өкүлдөрү белгиленген убакыттын ичинде суроолорго жазуу түрүндө жооп беришти. Анын жыйынтыгын ИИМдин Медицина башкармасынын психологдору чыгарып, ар бир кызматкерге өзүнчө билдирет. 2021-жылдын... Читать дальше...

Түркия: кыргыз элчиси "эң ийгиликтүү дипломат" сыйлыгын алды

Azattyk.org 

14-майда "GAP" журналисттер бирикмеси Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге "эң ийгиликтүү дипломат" сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Сыйлык ага эки өлкөнүн мамилелерин чыңдоого, экономикалык жана маданий алакаларды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилген. Түркиянын Малатия шаарында өткөн бул аземде  "эң мыкты министр", "эң мыкты губернатор", "эң ийгиликтүү ишкер" сыяктуу сыйлыктар ыйгарылды. Кубанычбек Өмүралиев соңку үч жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келе жатат. Читать дальше...

Бейөкмөт уюмдарды каржылоо токтому талкууга түштү

Azattyk.org 

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик бюджеттен грант бөлүү жобосунун долбоору кызуу талкууланууда.  Юристтер өкмөттүн жарандык коом менен мамлекеттик-социалдык буюртмалар боюнча кызматташуу демилгесин колдоп, бирок ошол эле кезде анын негиздемесинде бейөкмөт уюмдарды бийликке карата мамилесине жараша "кара ниет" жана "ак ниет" деген мүнөздөмө берген учурларды коомду ажырымга алып келчү коркунуч катары баалашты. Өкмөт мүчөсү Эдил Байсалов бейөкмөт уюмдарды мамлекеттик каржылоо жобосунда баштапкы... Читать дальше...

Президент Жапаров гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынарын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы бул майрам  энелердин үй-бүлө бакубаттуулугуна, коомдун өнүгүшүнө жана улуттун улут болуп сакталып калышына кошкон зор салымын даңазалай турган өзгөчө күн экенин белгилеген.  2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алына турганын айткан. "Ар бир коомдун, мамлекеттин теңчилиги менен калыстыгынын чен-өлчөмү биринчи кезекте аялзатына болгон мамилесинен, көңүл буруусунан байкалат. Читать дальше...

Суусамыр суусуна агып кеткен депутат табыла элек

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Суусамыр дарыясына түшүп кеткен Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты, 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштери уланып жатканын билдирди. Ал 11-май күнү дарыянын аралчасында калган жылкысын куткаруу үчүн сууга кайык менен түшүп, оодарылып кеткен. Жээкке чыга албай калган. Аны менен бирге жүргөн куткаруучу сүзүп чыгууга үлгүргөн. "ӨКМнин 112 кызматына Суусамыр өрөөнүндөгү дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөн. Куткаруучулар  түшүүгө кооптуу экенин эскертишкен. Читать дальше...

Казакстанда аялдар пенсия курагын төмөндөтүүнү талап кылды

Azattyk.org 

14-майда Казакстандын төрт шаарында – Нур-Султан, Алматы, Актөбө жана Костанайда аялдардын пенсия курагын төмөндөтүүнү талап кылган митингдер өттү. Бийлик менен макулдашылган акцияны “Казакстан аялдарынын пенсия жашын 58 жашка чейин төмөндөтүү кыймылынын” өкүлдөрү уюштурган. Каттоодон өтпөгөн бирикме былтыртан бери ар кандай иш-чараларды өткөрүп, 2018-жылы башталган аялдардын пенсия курагын көтөргөн реформадан баш тартууга чакырып келет. Актөбөдөгү митингди активист Ольга Смирнова уюштурган. Акциянын... Читать дальше...

Сузак: Кара-Дарыяда 100 гектардай жерди суу каптады

Azattyk.org 

Кара-Дарыя дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, болжолдуу 100 гектарга жакын жер суу алдында калды. Бул тууралуу Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров маалымдады. Анын айтымында, бул жер дыйкандардын күрүч талаасы болгон. “11-май күнү кечинде Кара-Дарыя айыл аймагынын Арал айылы аркылуу агып өткөн дарыядан суунун деңгээли көтөрүлгөнү байкалган. Суунун деңгээли улам жогорулаган сайын, ал жердеги эгин талааларына жана 200 үйгө коркунуч жаралгандыктан, 12-майдын кечинде Өзгөчө кырдаал режими жарыяланып... Читать дальше...



Москва

По запросу Баку в Москве незаконно был задержан известный российский политолог Михаил Александров


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Ивлеева

Блогера Ивлееву оштрафовали на 50 тыс рублей за дискредитацию российской армии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Каршеринг BelkaCar и картографический сервис 2ГИС запустили серию совместных маршрутов



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России