Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 30.05.2022

ТИМ Орусияда кыргызстандык кыздын зордукталганы жөнүндө маалыматты тактап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарындагы окуу жайлардын биринде окуган 16 жаштагы студент кызды өгөй атасы сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнү жөнүндө кабарды тактоо үчүн тийиштүү органдарга нота жөнөткөнүн кабарлады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. “Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө, укук коргоо органдары, шаардын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү”... Читать дальше...

Бейшеналиев кетирген башчылар бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри чет өлкөдө иш сапарда жүргөндө министрликтин нааразылык билдирген үч бөлүм башчысын кызматтан алып, үч орун басарын жумуштан кетирүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына сунуш берди. Кызматтан алынган бөлүм башчылар президентке, өкмөт башчыга жана Башкы прокуратурага кайрылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиядагы иш сапардан келгенден кийин, 27-майда аталган мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын... Читать дальше...

Кыргызстанда жүз кырктай адам жарандыктан чыкты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 492 адам кабыл алынды. Анын ичинен 110у балдар. Жарандык алгандардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар. Дагы бир жарлыкка ылайык, 141 адам (анын ичинен 26сы балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды. (TSh)



Арменияда демонстранттар полиция менен кагылышып, жүздөй адам кармалды

Azattyk.org 

Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандар 30-майда өкмөттүк имараттарга кирүүгө аракет кылып, полиция менен кагылышты. Үч полиция кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилди. Полиция бул күнү акцияга чыккан жүздөн ашык демонстрант кармалганын маалымдады. Мунун алдында митингчилер төрт-беш күн ар кайсы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, ар бирине өз-өзүнчө талаптарды коё баштай турганын жарыялашкан. Андан кийин алар өкмөттүн 3-корпусуна кирүүгө аракет кылышкан. Читать дальше...

Иранда кырсыкка байланыштуу тутанган нааразылык акциялары уланды

Azattyk.org 

Ирандын түштүк-батышындагы Абадан шаарында киши өлүмүнө алып келген кырсыкка байланыштуу тутанган нааразылыктар кайрадан уланды. Жакындарын жоготкондор окуяга күнөөлүүлөрдү аныктап, акыйкат чечим чыгарууну талап кылышууда. “Азаттыктын” иран кызматы жазгандай, чогулгандар "компетентсиз жетекчилерди каалабайбыз" деп кыйкырып жатышат. 23-майда аталган шаардагы курулушу толук бүтө элек он кабаттуу имарат урап, ондогон кишинин өмүрүн алган. Башында 20 киши набыт кетип, кырктайы жараат алганы кабарланган. Читать дальше...

Апасын коргоп камалган бала үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Үй-бүлөсүн коргоп, мас адамга кол көтөрдү деп шектелип жаткан 16 жаштагы бала Ленин райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова маалымдады. Буга чейин омбудсмен өспүрүм баланын Юстиция министрлиги бекитип берген, балдар укугун жактоо боюнча тажрыйбасы бар адвокат коргой турганын билдирген. Абдрахматова өспүрүмдүн камакка алынышын одоно мыйзам бузуу деп атоодо. Окуя 17-майда Бишкекте болгон. Ленин райондук сотунун чечими менен бала Чүйдүн Вознесеновка... Читать дальше...

Жапаров темир жол боюнча Путин менен сүйлөшкөнүн билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жөнүндө Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн билдирди. Жапаров бул тууралуу  “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде айткан.  “Буга чейин эч ким Орусия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп... Читать дальше...



"Кой-Таш иши": 14 кишиге айыбы угузулду

Azattyk.org 

30-май күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү менен сот аткаруучулар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекетке каттоо үчүн барды. Мекемеден билдиришкендей, Атамбаевдин үйү соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп, мүлктү каттоо жүрүп жатат. Ушул эле күнү Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысын угузуу аягына чыкты. Атамбаевдин үйүн мамлекетке өткөрүүдөгү талаш Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов имаратты бошотуу үчүн А.Атамбаевдин... Читать дальше...

Таластык күрттөрдүн көп кырдуу турмушу

Azattyk.org 

Талас облусунда ушул тапта 7000ден ашык күрт улутундагы тургундар жашайт. Көп улуттуу облуста кыргыздардан кийин эле саны боюнча күрттөр турат. "Данисте" бул жолу таластык күрттөрдүн турмушу менен тааныштырат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөн ишканаларды текшерүү сунушталды (видео)

Azattyk.org 

Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген ишканалар боюнча Эсеп палатасы аудит жүргүзүшү керек деген сунушун бүгүн 30-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты. Ал аталган маселе боюнча маалымат бергени барган министр Талантбек Имановго суроо берип жатып “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов менен байланышы тууралуу айтты жана төрт мекемени өткөрүп берүү моралдык жактан туура эмес чечим болгонун белгиледи: “Мыйзамдуулук жагы бузулду. Читать дальше...

Ошто казиного каршы акция өттү

Azattyk.org 

Бүгүн 30-майда Ошто казиного каршы тынчтык акциясы өттү. Катышуучулар “Кыргызстан казиного каршы”, “Ош казиного каршы” деген жазууларды кармап турушту. Акцияда чыгып сүйлөгөндөр өлкөнү өнүктүрүүнүн башка жолдорун издөөнү, казино динде арам экендигин айтып, мыйзамды артка кайтарууну талап кылышты. Соңунда катышуучулар президент Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзам долбоорун артка кайтаруу, чет элдик онлайн букмекерлердин жана казинолордун Кыргызстанда иштөөсүнө тыюу салуу, көмүскө иштеп жаткан казино... Читать дальше...

ЖАМУ жүздөн ашуун өзбекстандык студентти окуудан чыгарды

Azattyk.org 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык факультетинде жүздөн ашуун өзбекстандык студент окуудан чыгарылды. Жетекчилик алар сабакты көп калтырганын жүйө келтирсе, студенттер жана айрым окутуучулар муну "акча өндүрүүнүн амалы" деп сыпатташууда. Өзбекстандык студенттерге байланыштуу маселе 20-майдан кийин күчөдү. Анын алдында социалдык тармактарда окуу жайдын залында студенттер нааразылык билдирип жаткан жыйындын видеосу тараган. Анда студент кыздардын бири деканаттагыларга минтип кайрылган... Читать дальше...

Бишкекте кызды урууга шектелип кармалган жаран коё берилди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 28-майда көчөлөрдүн биринде бейтааныш киши кол салганын айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факт реестрге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кызды урууга шектелип 40 жаштагы киши милиция бөлүмүнө алып келинген. Милициянын маалыматында тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүп, экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кайра келүү шарты менен бошотулган. 28-майда Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында оозу... Читать дальше...

Арменияда акцияга чыккандар мамлекеттик мекемелерди кыдыра баштады

Azattyk.org 

Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандардын акциясы 30-майда да улантты. Дүйшөмбү күнү алар алгач Франция аянтына чогулушту. Парламенттеги оппозициялык “Айастан” фракциясынын депутаты Ишхан Сагателян бул күндөн тартып алар төрт-беш күн ар кайсы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, ар бирине өз-өзүнчө талаптарды коё баштай турганын жарыялады. Андан кийин алар өкмөттүн 3-корпусуна жүрүш жасады. Анын алдында полиция менен кагылышып, ондогон адам кармалды. Читать дальше...

Депутат кумаркана мыйзамы балдарга да казино ойноого жол ачарын айтты

Azattyk.org 

Өкмөт сунуштап жаткан кумаркана мыйзамы балдарга да онлайн казино ойноого жол ачарын бүгүн 30-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал эгер сунушталып жаткан мыйзам азыркыдай мазмунда кабыл алынса казино оюндары чет өкөлүктөргө гана эмес, бардык кыргызстандыктарга, анын ичинде балдарга да жеткиликтүү болот деген оюн айтты:  “Мен өзүм биринчи окууда колдогом, бирок алар азыр онлайн казино кылабыз деп жатышат. Демек... Читать дальше...

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекетке өткөрүүдө талаш чыкты

Azattyk.org 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп, мүлктү каттоо жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу фонддун жетекчисинин орун басары Медер Машиев “Азаттыкка” маалымдады. “Бул блокту төраганын экинчи орун басары Канат Рыскулов карайт. Бүгүн кадастр (Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин адистери - ред.) менен топосъемка кылууга барышкан. Соттун чечими менен... Читать дальше...

Бишкекте эки миңдей дарак электрондук каттоого алынды

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы шаардагы бак-дарактарды инвентаризациялоонун алкагында учурда эки миңдей бак-дарак электрондук каттоого алынганын билдирди. Шаар башкармалыгынан билдиргендей, каттоо "Арча демилгеси" коомдук фонду, Бишкек жашылдандыруу чарбасы жана ыктыярчылардын көмөгү менен жасалып жатат. Инвентаризациялоодо медициналык карта ачылып, ага дарактын саны, отургузулган аймагы, түрү жана абалы жазылат.  Буга чейин Эмен багындагы бактар толугу электрондук каттоого алынган. Бишкекте алгачкы жолу... Читать дальше...

Назарбаев өз макамы каралып жаткан референдумда добуш берерин билдирди

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Конституциянын өзгөртүүгө байланыштуу референдумда добуш берет. Бул тууралуу саясат таануучу Данияр Ашимбаевге курган маегинде билдирди.   “Ооба, мен 5-июнда Конституция берген өз укугумду сөзсүз түрдө пайдаланам жана референдумда добуш берүүгө катышам”,-деди ал. Ошол эле маалда Назарбаев Баш мыйзамдан өз макамын алууну колдор-колдобосун так айткан жок. Экс-президент 2019-жылы “элдин колдоосунун туу чокусунда турган маалда” мамлекет башчылык кызматты өткөрүп бергенин... Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта





Rss.plus
Сбер

Сбер подарил Орлу умный фонтан




Блогер Тамаев попал в аварию в Москве

Известный блогер Тамаев попал в ДТП на люксовом авто около «Москва-Сити»

РИА «Новости»: брата арестованного Курбонова ранее привлекали за хулиганство

Туроператор Пегас сделал важное заявление по летним турам




“Кумтөр Голд Компани” Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысына жооп берди

Azattyk.org 

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун карьердин маанилүү делген аймагынан жарака кеткенине байланыштуу кен казуудагы план толбой калышы мүмкүн деген пикирине жооп берди. Билдирүүдө ишкана "карьерди көрбөй туруп чечим чыгаруу туура эмес" экенин белгилеген. "Кумтөр Голд Компани" эл аралык эксперттерге таянып, карьердеги деформация жумуш жүрүп жаткан аймакка жетпей турганы жана иш токтоп калуу тобокелчилиги жок деп эсептейт. Бирок кенде татаал кырдаал түзүлгөнүн белгилеп... Читать дальше...

Иерусалимдеги “Желектер жүрүшүндө” жапырт башаламандыктар катталды

Azattyk.org 

29-май – Израилдин борбору Иерусалимдин күнүндө еврейлер менен арабдардын ортосунда кагылышуу катталды. Салттуу жүрүш Шхем дарбазасынан башталып, Ый дубалына чейин созулду. Эски шаарга кире бериште оңчул еврей активисттери арабдарга каршы ураандарды чакыра башташкан. Полициянын аларды тынчтандыруусунан майнап чыккан эмес. Еврей тектүү жарандар менен палестиндиктер бири-бирин газ баллондор менен аткылап, бөтөлкө жана отургучтар менен ургулашкан. Палестиналыктар Ал-Акса мечитинин жанына баррикада уюштуруп... Читать дальше...

Акыйкатчы Сузакта мугалимди видеого тарткан окуучуларга басым болуп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузакта мугалимдин окуучуну сабап жатканын видеого тартып алгандарга басым болуп жатканын бүгүн, 30-майдагы маалымат жыйында билдирди. Өлкөнүн башкы укук коргоочусу мугалимди дагы, окуучуну дагы психологиялык экспертизадан өткөрүүнү сунуштады. "Видеого тарткан балага жана аны колдоп бармагын көрсөткөн кызга басым болуп жатыптыр. Муну менен балдар "чоң кишилер урса, сөксө, зомбулук көрсөтсө, эч нерсе кыла албайт экенбиз. Баары бир чоңдордун кылганы туура болуп, мамелекет... Читать дальше...

31-майдын аба ырайы

Azattyk.org 

31-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолдордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге... Читать дальше...

Салык кызматынын башчысы ККМди текшерүү убактылуу токтотуларын айтты

Azattyk.org 

Соода жайларында ишкерлердин Көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонуп же колдонбой иштеп жатканын текшерүү убактылуу токтотуларын бүгүн 30-майда Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыккан ишкерлердин алдында сүйлөп жатып Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов билдирди. Ал “көйгөй чечилгенче” текшерүү 10 күнгө токтотулуп турарын айтты. Бүгүн жүз чакты адам Эски аянтта пикет уюштуруп, салыкчылар текшерүүсүн күчөткөнүн, ККМ жокторго айып салуу тууралуу билдирмелер келип жатканын билдиришти.   Алтынбек... Читать дальше...

Президент Кумтөр кенинин экологиялык абалы боюнча жооп берди

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде “Кумтор Голд Компани” ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган айыптын жокко чыгарылганы боюнча пикирин билдирди. Жапаров “Кумтөр” боюнча келишим күчүнө киргенден кийин толук маалымат берерин айтып, кендеги талкаланган экологияга азыркы бийликтин эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген. “Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Читать дальше...



Москва

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Красноярцы и Джиган рассмешили Артемия Лебедева и вышли в финал «Звезд»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Українські новини

Охорона і Безпека це ОіБ: замовляй охорону в Києві та Харькові



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России