Прокуратура Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн үй-мүлкүн тактайт
Башкы прокуратура экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсүнүн үй-мүлкүн “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин алкагында тактап жатат. Башкы прокуратуранын Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөткөн документи интернетке жарыяланды. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен козголгон кылмыш ишине байланыштуу тизмедеги саясатчылардын өлкө аймагындагы үй-мүлкүн тактоону өтүнгөн. Читать дальше...