Кубанын борборундагы жарылуудан кеминде төрт адам каза тапты
6-майда Куба мамлекетинин борбору Гавана шаарында Капитолийдин маңдайындагы Saratoga деп аталган мейманканада катуу жарылуу болду. Кеминде төрт адам каза таап, дагы ондогон адамдар жараат алды. Жарылуунун себептери белгисиз. Жергиликтүү медиалар суюлтулган газ жарылып кетиши мүмкүн деген версияларды билдирүүдө. Окуя болгон жерден тараган фото-видеолордо имараттын бир ыптасы кыйла талкаланганы көрүнүп турат. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат. Урандыларды тазалоо жана жабыркагандарды эвакуация иштери уланууда. Читать дальше...