Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 14.05.2022

Таласта убактылуу кармоочу жайдагы жаран кыйноого кабылганы маалым болду

Azattyk.org 

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Талас шаарындагы кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайды текшерип, анда жаткан Ж.А аттуу жаран кыйноого кабылганын аныктады. Шектүү жаран борбордун кызматкерине арызданып, тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты. Маалыматка караганда, 10-мартта милициянын Талас райондук бөлүмүндө 24 жаштагы адамды суракка алган учурда кызматкерлер шектүүнүн башына газдан коргонуучу масканы кийгизип кыйнашкан. Коркутууга... Читать дальше...

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн улуттук кеңеш түзүлдү

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, бул багытта тиешелүү органдардын аткарып жаткан иши талкууланды. Жаңыдан түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү. Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып... Читать дальше...

Казакстан кант экспортуна убактылуу чектөө киргизди

Azattyk.org 

Казакстан 23-майдан тартып ак кант жана тростник кантын өлкөдө тартыш болуп жатканына байланыштуу алты айга чейин өлкөдөн сыртка чыгарууга чектөө киргизди. Казакстандын айыл чарба министри Ербола Карашукеевдин буга байланыштуу жарлыгы нормативдик-укуктук актылардын сайтына жарыяланды. Көрүлгөн чаралар тууралуу Евразия экономикалык комиссиясын кабардар кылуу тапшырмасы берилди. Өткөн аптада Казакстандын алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр бирлиги кант жетишсиздигин айтып, тийиштүү мекемелерге ачык кат жолдогон. Читать дальше...



Кыргыз-тажик чек арасы: мыйзамды буздурган аргасыздык

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сүлүктү шаарында мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн Тажикстандын он бир жараны кармалганын маалымдады. Бир жылдан бери кыргыз-тажик чек арасы бир тараптуу жабык турганына карабай жөнөкөй тургундардын каттамы токтобой жатканы айтылып келет. Атайын кызматтын билдиришинче, 30-апрелде кармалган тажик жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн. Алар Тажикстандын Согд облусунун Жаббар Расулов районунун чек арага жакын... Читать дальше...

Калктын аялуу катмарына берилчү жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Президенттин сайтына чыккан маалыматта Министрлер кабинети 2022-жылдын 1-июнунан тартып жөлөк пулдун суммасын канчага көбөйтөрү жазылган. Президенттин жарлыгына ылайык, бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж майыптыгы бар адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө да төлөм киргизилет. Читать дальше...

Зомбулуктан дагы бир аялдын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунун Бостери айылында токмоктолгон 44 жаштагы аял каза тапты. Милиция кылмышка шек санап маркумдун күйөөсүн кармады. Адам өлүмүнө жеткирген бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук темасын кайрадан күн тартибине чыгарды. Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына ылайык, күйөөсүнөн токмок жеген аял райондук ооруканага 10-майда жаткырылган. Денеси көгала болуп, мээси чайкалган аял 11-майда эсине келбей каза болгон. Милиция бул окуяга байланыштуу шектүү катары аялдын 50 жаштагы күйөөсүн кармады. Читать дальше...

Кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракеси белгиленип жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Мааракеге арналган салтанаттуу иш-чарада режиссер Тынай Ибрагимовдун "Прикосновение к личности" даректүү тасмасынын бет ачары өтүп, Кыргызстандын белгилүү фотосүрөтчүлөрү Алимжан Жоробаев, Александр Федоров жана Урмат Осмоевдин тарткан эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Базаровдун 80 жылдык мааракесине белгилүү кино ишмерлери... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолордо жаан карга айланат

Azattyk.org 

15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөгөн жаан болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Нарында жана Ысык-Көлдө секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22, Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26, Нарын дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19, Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9... Читать дальше...



Өспүрүм көзөмөлдү эмес, ишенимди күтөт

Azattyk.org 

Өспүрүмдөрдү тарбиялоодо, алар менен мамиле курууда ата-эне канчалык деңгээлде көзөмөл жүргүзүшү керек? Алар менен ишенимдүү мамилени ата-эне кантип курат? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул ирет ушул суроолорго кайрылдык.

Кылмышка айыпталган бажычы өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду

Azattyk.org 

Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга көмөктөшүүгө шек саналган Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматты "Азаттыкка" адвокат Майрамбек Жумабеков билдирди. Буга байланыштуу маалымат бажы кызматкерлеринин соттук отурумдарынын биринде маалым болгон. Жумабековдун айтымында, Бишкектин Октябрь райондук соту бул ишке байланыштуу айыпталып жаткан 15 бажы кызматкеринин бардыгына айып пул салган. Учурда Бажы кызматынын төрагасынын... Читать дальше...

Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу референдуму өтө турган болду

Azattyk.org 

Грузияга караштуу жикчил Түштүк Осетиянын башчысы Анатолий Бибилов аймакты Орусияга бириктирүүгө байланыштуу референдум өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Референдум 17-июлга белгиленгенин "Рес" маалымат агенттиги Бибиловдун маалымат кызматына таянып жазып чыкты. Жарлыкта бул жараян “Түштүк Осетия республикасынын элинин Орусия менен кайра биригүүгө болгон тарыхый каалоосуна” байланыштуу өтүп жатканы айтылат. Бибилов 8-майдагы президенттик шайлоодо башкы атаандашы Алан Гаглоевге утулуп калган. Читать дальше...

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталары кабарланды

Azattyk.org 

Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухарем Касапоглу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник шаарында өтөрүн билдирди. 13-майда өткөн басма сөз жыйынында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган бул иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышарын айтты. 2020-жылы Түркияда өтөрү пландаштырылган Көчмөндөр оюндары коронавирус пандемиясынан улам 2022-жылга жылган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Читать дальше...

Быйыл "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктары 1585 энеге ыйгарылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерге кезектеги мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 921 эне “Баатыр эне” ордени, алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 665 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда кабарлады. Былтыр "Баатыр эне" ордени 819 энеге, "Эне даңкы" медалы 516 энеге ыйгарылган. 2020-жылы 1014 эне "Баатыр эне" ордени... Читать дальше...

Караколдо үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси кармалды

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Б.Ж пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору жана Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо бөлүмүнүн Б.Ж. аттуу координатору 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен 13-майда кармалган. Атайын кызмат шектүү акча каражатын Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алганын... Читать дальше...

Кумтөр: текшерүү жана кечиккен отчет

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилип, Кыргызстандын көзөмөлүнө өткөндөн бери бир жылга чукулдады. Бирок “Кумтөр Голд Компани” алтын өндүрүүнүн көлөмү, сатуу жана киреше-чыгаша боюнча толук кандуу отчетун жарыялай элек. Президент Садыр Жапаров Эсеп палатасына анын ишмердигин текшерүүнү буюрганын билдирди. Министрлер кабинети Кыргызстан Кумтөр кенин колуна алгандан бери канча алтын казылганы, каякка сатылганы, тапкан кирешеси, бюджетке түшкөн пайда, салыктар, социалдык төлөмдөр тууралуу... Читать дальше...

Каракол шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 850 млн. сом бөлүнөт

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга Финансы министрлигине 850 млн. сом бөлүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы ушул күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт. Маалыматка караганда, Жапаров иш сапарынын алкагында Каракол шаарын өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты. Ага жалпы суммасы 885 млн. сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү. Каракол шаарын өнүктүрүүнүн... Читать дальше...

Ак-Ордонун тургундары жол курулушун жандантууну талап кылышты

Azattyk.org 

Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына караган Ак-Ордо конушунун тургундары жолдун курулушун жандандырууну талап кылып жатканын Kaktus.media басылмасы жазды. Анда жашоочулар өткөн жылы Лущихин көчөсүн курууга тендер жарыяланып, 28 млн. сом бөлүнгөнүн, жеңип чыккан компания 24 млн. сомго бүтүрүп берүүнү сунуштаганын айтышкан. Жашоочулар жолду оңдоо иштери дагы эле бүтө электигин айтып, бийликти көңүл бурууга чакырган. Ушул жылдын 27-февралынан тартып Кытай грантына Бишкектин көчөлөрүн оңдоонун 2-фазасы башталды. Читать дальше...

Түгөлбай Сыдыкбековдун ааламын изилдеген медик Алихан

Azattyk.org 

Медициналык академияны аяктаган Алихан Ибраимов төрт жылдан бери адабият, тил илимине да кызыгып, бул жаатта бир топ иштерди жасап келет. Ал лингвист Кусейин Карасаевдин, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин, Эл Баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына терең кызыгып, бир топ китептерди түзүүгө жетишкен. Эми жыл аягына чейин Сыдыкбеков кезинде өзү жашаган үйдү музейге айландыруу аракети менен жүрөт.

Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону башталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды. Ага 22 өлкөдөн келген 3 миңдей жөө күлүк катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Марафонду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, Борбор Азиядагы эл аралык даражадагы марафон Ысык-Көлдө өтүп жатканын белгиледи. "Марафонду кубануу менен колдойбуз. Анткени калкты дене тарбия менен алектенүүгө үндөп, спорт менен машыгууга чакырабыз", - деди ал. Читать дальше...



Москва

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва завершает переход на новый стандарт экстренной медпомощи



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники


WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Калининградские каратисты отличились на первенстве СЗФО в Архангельске



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России