"Кыргызалтын" ишканасына "good delivery" макамы кайтарылды
Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна “good delivery” макамын кайтарып берди. Бул тууралуу 3-майда LBMAнын расмий сайтына жарыяланган маалыматта айтылат. Бул статустун кайтарылышы менен “Кыргызалтындын” аффинаждоочу заводунда өндүрүлгөн алтын куймалары дүйнөдөгү “good delivery” макамы менен таанылган базарларга сата алат. LBMAнын соңку чечимин кыргыз өкмөтүнөн ырасташты. “Министрлер Кабинети Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын чечимин кубаттайт. Читать дальше...