"Азаттыктын" каармандары "Элдик мугалим" сыйлыгын алышты
"Азаттык" радиосунун "Данисте" берүүсүндөгү "Тагдырды өзгөрткөн мугалим" түрмөгүнүн каармандары "Элдик мугалим" сыйлыгын алышты.
Аталган сыйлык Чаткалда эмгектенген Атыркүл Кутмановага, алайлык Гүлжамал Калчабаевага жана аксылык Осмонжан Ибрагимовго берилди. Алар үчүн Грузияга саякат уюштурулат.
3-майда Бишкектеги Улуттук филармонияда "Билимкана" фондунун он жылдыгына арналган иш-чара уюштурулду. Ага ар аймактардан келген мугалимдер чакырылган.
Мыкты мугалимдерди тандоодо алардын тажрыйбасы, окуучуларынын ийгиликтери эске алынган. Талапкерлер негизинен алыскы аймактарда иштегендер.
"Азаттык" - "Билимкана" фондунун "Элдик мугалим" сыйлыгынын медиа өнөктөшү.
Математик Атыркүл Кутманова жана географ Гүлжамал Калчабаева жөнүндө чыккан видеобаяндарды төмөндө көрсөңүз болот: