Бишкекте футзал боюнча "Мурас" турнири өтүп жатат
4-майда Бишкекте футзал боюнча "Мурас" турнири башталды. Ага мамлекеттик органдардын, маданият ишмерлеринин, ишкерлердин, журналисттердин жана башка топтордун 12 командасы катышууда.
Турнирдин башындагы "Президенттин администрациясы" жана "Жогорку Кеңеш" командаларынын беттеши 4:1 эсебинде аяктады. Эки голду мамлекет башчысы Садыр Жапаров киргизди.
Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы уюштурган турнир 5-майда жыйынтыкталат.
Ага төмөнкү командалар катышууда:
“Президенттин администрациясы” - Садыр Жапаров баштаган президенттик администрациянын кызматкерлери;
“Өнөр” - Маданият ишмерлери;
“Бизнес” - ишкерлер;
“Журналисттер” - маалымат каражаттарынын өкүлдөрү;
“Алга” - футбол ардагерлери;
“Спорттук федерациялар” - Спорттук федерациялардын жетекчилери;
“Жогорку Кеңеш” - парламенттин депутаттары;
"Аймактар" - президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери;
“Ыйман” - муфтий баштаган дин өкүлдөрү;
“Элчилер” - чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери;
"Ден соолук" - дарыгерлер;
“Билим” -жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мектеп директорлору.
Турнирди КТРК, КТРК Спорт телеканалдары түз эфирде көрсөтүүдө.
2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган мелдештер өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, үчүнчү орунду президенттин администрациясы ээлеген. (SE)