Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Системная коррупция при назначении глав сельских управ в Ошской области

0
Системная коррупция при назначении глав сельских управ в Ошской области

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК  төрагасы К.К. Ташиевке

                                                                              

АРЫЗ

28 апрель 2022 жылы КР Президентинин Ош облустук өкүлчүлүгүндө 1 квартал жыйынтыгы каралып, анда губернатор орун басары Д.Т.Жаңыкулов “Жарандардын кайрылуулары жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын одоно бузганы үчүн Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Х.А. Мадалиевдин иш ордун кароо боюнча коллегиянын сунушун берген.

Бирок, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ишмердуулугу текшерилгенде, бардык тармактар боюнча 2021-жыл жана 2022-жыл 1-квартал жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү канаатандырарлык деп табылган. Ошондой эле, айылдык кеңеш канаатандырарлык деп тапкан.

КР Президентинин Ош облусундагы өкүлү-губернатор З.И. Жамалдинов жана анын орун басарлары Д.Т. Жаңыкулов, У. Манапов Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Мадалиевди мыйзамсыз иштен алуу үчүн текшеруунун жыйынтыгын аныктамасын атайын бурмалашкан, жана иштен алууга негиз болгон акттар менен жергиликтүү бийликти жана депутаттарды тааныштыруудан мыйзамсыз баш тартышкан. Себеби, коррупциялык схемаларды колдонуп, Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчылыгына коррупционерди дайындап алууну пландап жатышы мүмкүн. КР Өкмөтүнө 85 га жерди трансформациялап берүү үчүн сунуш берилген. Кызыл-Кыштак айыл аймагы Ош шаары менен чектеш, жерлер өтө кымбат.

Губернатор З.И.Жамалдинов жана анын орун басары Д.Т.Жаңыкулов коррупционерди айыл өкмөт башчылыгына эптеп дайындап алышса, миллиондогон долларларды сол чөнтөгүнө салууну көздөп жатышы мүмкүн. Аларды Кызыл-Кыштак эли менен иши жок. Жер алуу үчүн ондогон жылдар бою 5 миң эл кезекте турат, алардын ичинде майыптар, жалгыз бой энелер, үйү жоктор, көп балалуу баатыр энелер, бир үйдө 3-4 келини бар үй-бүлөөлөр бизде толтура. Бирок, губернатор З.И. Жамалдинов жана анын орун басары Д.Т. Жаңыкулов инвестиция тартуу, жаңы иш орундарын тузуу, элдин турмуш тиричилигин, жашоо шартын оңдоо үчүн иштөөнү ордуна сол чөнтөгүн толтуруу максатында элде нааразычылык ойготушу мүмкүн. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ал боюнча айыл өкмөт башчыларын депутаттар шайлабай, акимдер дайындашы каралган. Бул менен жергиликтүү бийлик алсырап, губернатор жана акимдер коррупциялык схемаларды колдонуп, болбогон шылтоолор менен жакшы иштеген кадрларды иштен алып, ордуна пара берген коррупционерлерди дайындашы мүмкүн.

Кызыл-Кыштак айыл аймагында жер маселеси өтө курч болуп, жер ала албаган тургундар мурда жер алуу үчүн Бишкекке жөө жүргөнү чыгышкан, КР Президенти администрациясы алдында митингдерге чыгышып, өзүн-өзү өрттөшкөн, КР Президенттерине 200 жолу, Россия Президенти Путинга, АКШ Президенттери Трамп жана Байденге чейин арыздар менен кайрылышкан. Бирок, мурдагы айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров коррупционер болгондуктан элдин көйгөйүн чечкен эмес. Натыйжада, эл көтөрүлүп Кызыл-Кыштак айыл аймагында революционерлер аны кууп салышкан. Губернатор З.Жамалдинов жана анын орун басары Жаңыкулов: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү башчылыгына коррупционерди эптеп коюп алсак, Кызыл-Кыштак эли унчукпай беришет”-десе жаңылышат. Эл алар койгон коррупционер менен кошо аларды дагы кууп салышы мүмкүн.

Кыргыздын чыгаан уулу Исхак Разаков: “Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот”-деп айткан. Губернатор З. Жамалдинов жана орун басары Д. Жаңыкулов таза эмес. Себеби Интернет тармактары маалыматтары боюнча Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс-Алтын”да пресс-катчы болуп иштеп, алтын кенге тийиштуу “Бакубат-Талас” фондунун байкоочу кеңешине 5 таанышын топтоп, алардын колдоосунда миллиондогон каражаттар ажыратылган. Мисалы үчүн, декабрь 2019 жылы өз айылы Манас айылында балдар бакчасы үчүн чала бүткөн үйдү 100 миң долларга сатып алышкан. Ошондой эле, чала бүткөн үйдү ремонттого жана башка нарсаларга кошумча 2,5 млн. сом акча ажыратылган. Бирок, Талас облусунун Манас айылы эмес, облус борбору - Талас шаарында дагы эң мыкты эки кабаттуу үйлөр ашып кетсе 30-40 миң доллар тегерегинде сатылат. Манас айылында үйлөр 1,5-2 млн. сомго сатылса, баалочулар менен алдын ала сүйлошүп, бул үй мамлекетке 10 млн. сомго түшкөн. Бала бакча үчүн сатып алынган үй ичи чийки ылай кыш менен салынып, сыртынан бышкан кыш менен капталыптыр, эч кандай сейсмикалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Мамэкотехинспекция адистери менен алдын ала сүйлөшүп, ал имаратка жаш жеткинчектерди кандай киргизишкен, кудай сактасын эртен жер титиреп кетсе, балдардын коопсуздугу кандай болот? Ошол айылда бир канча балдар бакчасы бар экен, дагы бала бакчаны зарылдыгы барбы деген суроо туулат?

Губернатор З. Жамалдинов 2018 жылы үйүндө эки ок атуучу куралды мыйзамды бузуп сейфде сактабай, уурдаткан. Үч жолу Жогорку Кеңеш депутаты болуп, мыйзамдарды жазып, кабыл алган З. Жамалдинов мен мыйзамдарбы билбейт экенмин ок атуучу куралды сейфте сактоо керекпи, айылда сейф кайдан?- деп өзүнү келесоолукка салып, административдик жоопкерчиликке гана тартылган. Мыйзамдарды өзү кабыл алып, мыйзамдарды бузуу, бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен барабар, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу керек эле. Ал курал эмнеге жоголот, ал куралдан кимдер атылган?-деген суроолор боюнча текшерүү-тергөө өткөрүлүшү шарт. Ал текшерүү-тергөөнү Президент түзгөн Дача-Су боюнча түзүлгөн коомдук комиссия өткөрүшүн суранабыз. Өзүн “аппак” кылып көрсөткөн З. Жамалдинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2006 жылы мамлекеттин өзгөчө коргоосуунда болгон Бишкек шаарындагы парк зонасы “Ата-түрк” паркынын жерин мыйзамсыз өздөштүрүп, кийинчереек сатып жиберген. Мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жерин мыйзамсыз өздөштүрүп, чоң акчага сатып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. “Аппак” З. Жамалдинов ушул күнгө чейин мамлекетке келтирген зыянды төлөп, УКМК тарабынан кустурулгөн эмес. З. Жамалдинов үч жолу ЖК депутаты болуп туруп, мамлекет жана эл үчүн керектуу көйгөйлөрдү чечкен эмес. Тескерисинче 30 июнь 2020 жылы үй-бүлөлүк зомбулукка жазаны катаалдатуу мыйзамын колдобой, каршы болгон.

УКМК төрагасы К.Ташиев: “Ош эң коррупциялашкан аймак, бирок, укук коргоо органдары коррупционерлерди камабай, кустурбай жатат. Жыл аягында алардын ишмердуулугүнө баа берем”-деген. Ош облусунун укук коргоо органдары коррупционерлерди камай албай жатканы бул областы башкарган З. Жамалдиновдо саясый эрки жоктугунан жана өзү коррупционерлерди колдоп жаткандыктан болушу мүмкүн.

Президенттин кудасы ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев: “Президентти бут коррупционер кадрлар курчап алышкан”-деп айткан. К. Бакиевдин “Ак Жол” партиясынан депутаттыкка шайланып, канкор-коррупционер Бакиевди колдоп жүргөн З. Жамалдинов жакшы, таза иштеген кадрларды иштен алып, ордуна коррупционер кадрларды коюп, Бакиевдин коррупциялык схемасын колдонуп жатат. Президент жана Ташиев сага каршы деп, жакшы иштеген кадрды иштен алып, коррупционерди дайындап жаткан З. Жамалдинов жана орун басары Д. Жаңыкулов дайындаган коррупционердин келечектеги мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы шарт. КР Президенти С.Н. Жапаров жана УКМК төрагасы К.К. Ташиев Президент өкүлү З. Жамалдиновдун жана Жаңыкуловдун мыйзамсыз аракеттеринен кабары жок болсо керек, болбосо аларды жоопкерчиликке тартышат эле. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы болуп элдин жана депутаттардын колдоосуна ээ болгон Х.А. Мадалиев иштесин.

2. Губернатор З.И. Жамалдинов жана анын пиарщик орун басары Д.Т.Жаңыкулов жоопкерчиликке тартылып, иштен алынышсын, аларды текшерүү-тергөөнү Дача-Су боюнча түзүлгөн коомдук комиссия өткөрүшүн суранабыз.

3. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ал боюнча айыл өкмөт башчыларын депутаттар шайласын, акимдер дайындабасын.

4. КР Президентинин областтык өкүлчүлүктөрү жоюлсун, район акимдери КР Өкмөтү менен түздөн-түз иштесин.

Эгерде элдин талаптары аткарылбаса, анда эл мөөнөтсүз митингга чыгууга мажбур болот.

 

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын элинин атынан:

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары:                 О. Токторалиева

 

                                                                                                      Г. Мирзакаримова

 

                                                                                                       Д. Рахманова, 11.05.2022 ж.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз





Москва

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

«Пусть плачут мужчины». Как Окуджава писал песню к «Белорусскиому вокзалу»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

Суперкамбэк определил нового лидера чемпионата Алипа

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ


Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов!



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России