Жол коопсуздугуна арналган акция башталат
Бүгүн 16-майда Бишкекте жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жумалык башталат. Бул багытта иштеген бейөкмөт уюмдардын глобалдык альянсы “Иш-аракеттер аптасы” алкагында машинанын ылдамдыгын адамдар жашаган, сейилдеген жана ойногон жерлерде саатына 30 чакырымдан жогору кылбай айдоого чакырууда.
Акциянын максаты – жол коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөргө элдин жана чечим кабыл алуучу мекемелердин, кызматкерлердин көңүлүн буруу.
Жумалык алкагында мектептердин жана башка окуу жайларынын жанында тематикалык флешмобдор уюштурулат.
Быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алганын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирген. Былтыркы жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1572 жол кырсыгы катталып, 134 адам каза болгон, 2345 адам жараат алган. (RK)