Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Министр Бейшеналиев: Азыр Германияда жүрөм

0
Министр Бейшеналиев: Азыр Германияда жүрөм

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки жолу суракка алганын билдирди. Учурда министр чет өлкөдө жүргөнүн айтып, аты аталган чуулгандуу ишке байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Министр Бейшеналиев суракка алынганы тууралуу УКМК жана башка укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.

- Алымкадыр мырза, сизди УКМК эки жолу суракка алганы тууралуу маалымат тарады. Чоо-жайын айтып бересизби?

- 12-майда медициналык айымдардын кесиптик күнүнө карата Жети-Өгүздө бир жылкы сатып берип, Ысык-Көл облусу боюнча 250 медайымды чогулттук. Анан алар “өзүбүздүн тамагыбызга өзүбүз төлөйлү, акча чогулталы” деп 100 миң сом чогултушуптур. Аны “үч тамга” билет да, 11-майда кечинде бир медайымды алып кетет, акчасын алат. 12-майда акчаны иш-чара болуп жаткан жерге кайра алып келет.

УКМКнын он кызматкери иш-чара болуп жаткан жерге кирип, баарын текшерип жатыптыр. “Эмне текшерип жатасыңар?” деп сурашса, “шефтенбиз” деп коюшуптур. Элдин баары министрдин жансакчылары турбайбы деп ойлоп калган экен.

Той жакшы өттү. Медайымдарды мындай барктаган эч ким жок болчу. Жогорку билим жок деп "экинчи сорттогудай" мамиле жасалчу.

Бир факт болуп калды. Эки ай мурун аудиторлор келип, Жети-Өгүздөгү башкы дарыгерди жумуштан алабыз деп, комиссия чечим чыгарган. Мен ал жакшы иштеп жатканын айтып, ошол жердеги медайымдарга “мыкты” деген наам берели дедим. Ал жерде менин тууганым да медайым. Башкы дарыгерден сыйлыкка сунуштама жазып берүүнү өтүнсө “байкең экенин билем, ошол жазып берсин” деп кемсинтиптир. Анан ал менин медайымдарга той өткөргөнү жатканым жөнүндө “үч тамгага” арыз жазып таштаптыр.

Алар медайымдарды чакыртып, чогулткан акчасын алып кетишет да ар бирине белги коюп чыгышат. “Мына, акчаны алып келдик” дегенде мен “кассага төлөй бергиле, жетпегенин мен төлөйм” дегем.

Акчаны төлөп жатканда жанында менин алыскы туугандарымдын кызы болот. Ары-бери каттаганда кеч болуп кетсе алардын үйүнө барып жатып калчумун. Ошол кыздан жардам берип кой деп сурангам. Ал кыз менин орун басарымдын катчысы болуп иштечү, бир-эки ай болгон иштен кеткенине. Алар акчаны санап, кафенин администраторуна өткөрүп берип, чыгып баратышканда эле кармап калышат. Эмне болгонун сурасам, мени жолотушпайт.

Мени түртүп, эшикке чыгарып коюшту. Машинама барсам отургузушкан жок. Үч сааттан кийин ыкчам кызматкерлери келип, видеого тартып, машинамды тинтишти. Ары-бери чыкканда алмаштырганга салып жүргөн ич кийимдеримди ыргытып, элдин көзүнчө абдан кемсинтишти. Баарын кайра өзүм чогулттум.

Тиги кыздарды алып чыгып, Караколго алып кетебиз дегенде Мээрим деген жаш кыз ыйлап, УКМКнын үч кызматкери министр кеткенден кийин "күч колдонуп, айт деген сөздү айттырганы жатышканын" титиреп айтып берди. Чоңуна чалып, уруксатын алгандан кийин үйүнө алып барып, эне-атасына тапшырдым. Бишкекке таңга жуук келдим.

- Ал эми экинчи жолку сурак эмнеге байланыштуу болду?

- Эртеси күнү жумушка чыгайын деп жатсам спортчулардай балдар үйдүн ары-бери жагын тартып, басып жүрүшкөнүн үйдөгүлөр айтып калышты. Көрсө, баягы эки кызды кыйнаган, менин машинамды текшерген балдар экен.

Мен дарбазанын ары жагына чыгып, жумушка башка машина менен барсам айдоочум чалып, аны “башыңа пакет кийгизебиз” деп коркутушканын, каякка барганыбызды айтып берүүнү талап кылышканын, машинасын базага токтоттуруп коюшканын айтты.

Иштен чыктым да, үйгө такси менен бардым. Түндө Германияга учуп кетмекмин.

Аэропорттон текшерүүдөн өтүп, кетип бараткан жерден кармап калышты. Элдин баары таң калды. Отургузуп, видеого тартышты. “Кыз каякта?” деп сурашты. "Силер коркуткан кызды эне-атасына өткөрүп бердим” дедим. “Сизде проблема болот” дешти. Ошентип учуп кеттим.

Мен 1-июнга келейин деп жатам. Себеби балам: “Алтын Балалыкты” оңдоп-түзөөнү токтоттум. Бизге ушундай мамиле болуп жатса эмне кереги бар?” дейт. Мен баштаган ишти аягына чыгаруу керектигин, кембагалдардын үч ай бекер дарылана турган балдарынын тизмеси түзүлүп калганын айттым. “Сизди кармап кетсе эмне кылам?” дейт. "Кармаса кармасын. Эч кандай күнөөм жок да. Бир кызды ата-энесине бергеним үчүн камап коебу? Же жанагы 100 миң сомду албай койгонум үчүн камайбы?" - деп жооп бердим. Кафеде төлөп жатканда алар "Бейшеналиевге берет, ошондо кармайбыз" деп ойлошуптур да.

- Сизге өчөшкөн бирөө бар деп ойлойсузбу?

- Алты ай мурун бир генерал мага “сени мен отургузам” деп балдарын жөнөткөн болчу. Бул экинчи жолу көрүлүп жаткан аракет.

- Азыр сиз кайсы жактасыз?

- Мен Германиядамын. 1-июнга барам. Ага чейин барбайм.

- Иш сапардасызбы?

- Кыргызстандын медицинасы үчүн инвестиция, медициналык жабдык, арзан баада дары-дармек тартып жатам. Өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүү жүргүзөм. Кургак учук боюнча чоң конгресс болот.

- Мурда эле пландалган иш сапарбы?

- Пландалганы да бар. Баарын жылдырып жаткам. Анан мындай болгонунан мен азыр чыгып кеттим. Беш күндөн кийин Швейцарияга барам. Андан кийин мүмкүн Копенгагенге учам.

- Кыргызстанга качан келесиз?

- 31-майда түн ичинде барам.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Ивана Урганта исключили из программы концерта памяти Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Благодаря акции МТС Банка реабилитационная помощь в России станет доступнее

«БЛИЦ», «БИТВА СТРАТЕГИЙ», «ДУАТЛОН» инсайд новых дисциплин в спортивном программировании

Третий этап шахматного турнира завершился в Егорьевске


Новак Джокович

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Амурские семьи могут попасть в кино и отправить особенную открытку благодаря душевному проекту



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России