Тажикстан: Хорогдо абал кайра курчуду
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун административдик борбору Хорогдо ишемби күнү миңдеген жай тургун митингге чыкканы кабарланды. Алар жергиликтүү бийлик талаптарын аткарбай жатканына нааразы. Ал эми облус прокурору митинг уюштургандар "терроризм" беренеси боюнча айыпка тартыларын эскертти.
Телеграмдагы Pamir Daily News каналы жеке булактарына таянып, 14-майда Хорогдо митингге чыккан миңдей киши облустун жетекчиси Алишер Мирзонаботтун токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылышканын жазды. Ошондой эле былтыр ноябрда митингге катышканы үчүн камакка алынгандардын бардыгын бошотуу талабы да айтылган.
"Бийлик элдин талабын аткаруудан баш тартса, дүйшөмбүдөн тарта Хорогдо жана Тоолуу Бадахшандын бардык аймактарында массалык нааразылык акциялары уюштурулат".
Ал эми облустун прокуратурасы Хорогдогу митингдин уюштуруучуларына "терроризм" беренеси боюнча айып тагарын эскертти. Бул тууралуу "Бомдод" сайты облус прокурору Парвиз Орифзоданын жергиликтүү телеканалдагы сөзүнө шилтеме кылып билдирди.
Прокурор ишембиде өткөн митинг “мыйзамсыз” жана анын уюштуруучулары Мамадбокир Мамадбокиров, Мухиддин Кабири жана Алим Шерзамоновдор “коопсуздукка шек келтирип жатат” деди.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева аймакта чыңалуу күчөп баратканын Твиттерге жазды.
"Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном болусунда 14-майда жергиликтүү тургундар куугунтуктоо аракеттерине нааразылык билдирип чыгышты. Аймакта чыңалуу кайрадан күчөдү. Нааразылык акциясы бүгүн кайра башталат, тажик бийлиги камакка алынган лидерлерди бошотмоюнча уланат".
Дүйшөмбүдө Хорогдо көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде курал-жаракчан аскерлер көбөйгөнү айтылууда. Шаарга аскердик бронетехника тартылганы байкалган.
Хорогдо укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда БУУнун бир нече унаасы жүргөнү да кызуу талкууда.
Pamir Daily News Телеграм каналынын ишенимдүү булагы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жетекчиси Ленни Монтиел кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн Тоолуу Бадахшанда жүргөнүн билдирди.
Эскерте кетсек, өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.
"Акцияларды күч менен басуу аракеттерине, Памирдин тургундарын кармоо жана мыйзамсыз аскердик күчтү колдонуу боюнча терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Тажик бийлигин памирлик демонстранттарды басмырлоону токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырабыз", - деп жазылган БУУнун Адам укуктары боюнча башка комиссарынын сайтында.
Чоршанбе Чоршанбиевдин чуулгандуу иши
Тоолуу бадахшандыктарды митингге түрткөн дагы бир нааразылык – чуулгандуу мушкер жана блогер Чоршанбе Чоршанбиевдин кармалышы.
Интернет аркылуу “Конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого күнөөлүү” деп табылган Чоршанбиевди прокуратура 10 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.
Чоршанбиев былтыр ноябрда памирликтерге видеокайрылуу жолдогон.
"Мен саясатчы эмесмин, оппозиционер эмесмин, мен адилетсиздикке байкоо салган жана ага көз жумбаган кишимин. Бүт дүйнөгө, бирок өзгөчө Тажикстан элине кайрылам: Канчага чейин чыдайсыңар? Канчага чейин көз жумасыңар? Үч күндөн бери абалга байкоо салып жатам, бүт эл колдоп жатканына таң калдым. Менимче, бул окуяга чоң резонанс берүү керек. Адилетсиздикке, күнөөсүз адамдардын өлүмүнө каршы чыгууга чакырам",- деген Чоршанбиев.
Көп өтпөй мушкердин дал ушул кайрылуусу кылмыш ишин козгоого негиз болгон.
4-декабрда тажик бийлиги Чоршанбиевге каршы "Улут, аймак жана дин аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга ачык чакырык жасоо" беренелери менен кылмыш иши козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө андан биринчи берене боюнча тагылган айыптар алынган.
Мушкер акыркы жылдары Орусияда жашап жүргөн. 2016-жылдан тарта таймаштын аралаш түрлөрүнө катыша баштаган. Эки жыл мурун Москвада унаасын катуу айдап, жол эрежесин бузганы үчүн кармалган. Спортчуга сот айып пул салып, 3-декабрга караган түнү Орусиядан депортациялаган. Аны Дүйшөмбү аэропортунан тажик атайын кызматынын өкүлдөрү кармаган.
Амриддин Аловаштаевдин соту
Ал арада Орусиядагы тажик мигранттарынын лидери, жыл башында Тажикстанга экстрадицияланган Амироддин Аловатшоевдин соту өткөн айда башталды. Ал "кишилерди барымтага алуу" сыяктуу оор кылмыштарга барган деп айыпталууда. Анын жакындары мунун баары "ойдон чыгарылган" деп, четке каккан.
Активисттин айланасындагы окуялар тажик прокуратурасы Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы төрт күндүк демонстрациялар боюнча жаңы иликтөө баштаган маалга туш келген.
Хорогдо күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында каза болгон жергиликтүү тургундун өлүмүнө байланыштуу былтыр ноябрда бийликке каршы ири акциялар тутанган. Ошол эле күнү Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында да митингге чыгышкан. Ага Аловатшоев да катышканы кабарланган.
Буга чейин тажик аткаминерлеринин бири Аловатшоевди "сыртта жүрүп Тоолуу-Бадахшандын жаштарын бийликке каршы тукурду" деп айыптаган.
Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бийликтин элди таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.
Алар бийлик "Зиебековдун өлүмүн иликтейт, митингге чыккандар куугунтуккка кабылбайт жана интернет ачылат" деп убада кылгандан кийин гана тарашкан. Азыр жергиликтүүлөр териштирүү иши жетиштүү түрдө жүрбөй жатат деп нааразы.