Укук коргоочу Азимжан Аскаров эскерилет
Июнь окуясы үчүн соттолуп, абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун бүгүнкү 17-майдагы туулган күнүнө карата “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюумунун өкүлдөрү Өзбекстанда маркумдун жакындарына жолугуп, эскерүү иш-чараларына катышарын уюмдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, укук коргоочулар маркумду эскерип, үй-бүлөсү менен жолугушат жана анын өлүмү боюнча тергөөнүн жүрүшү, байбичесинин мүлк укуктарын коргоо жана башка тийиштүү маселелер боюнча маалымат беришет.
Аскаров 2020-жылы 25-июлда 69 жашында Бишкекте түрмөдө каза болгон.
Тергөө Аскаровдун коогадагы күнөөсү далилденгенин, ал башаламандыкка, бийликке баш ийбөөгө чакырык жасаганын, адам өлүмүнө айыптуу экенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.
Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. (RK)