Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Бейшеналиевдин кеңешчиси кармалды, тарапкерлери акцияга чыкты

0
Бейшеналиевдин кеңешчиси кармалды, тарапкерлери акцияга чыкты

Айрым дарыгерлер, активисттер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган реформаларды колдоп чыгышты. Ал ортодо УКМК министрдин кеңешчиси кармалганын билдирди. 

Байкоочулардын баамында, мекемедеги маанай жана Алымкадыр Бейшеналиевдин тегерегиндеги талкуулар өлкөдөгү кадр саясатындагы мүчүлүштүктөрдү калпып чыгарды. Бул жагдай өлкө саламаттыгына жооп берген маанилүү тармакка калктын ишеничин дагы төмөндөттү. Президенттик администрация жана Министрлер кабинети бул жагдайга жооп бере элек.

Бишкекте Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына 17-майда министр Алымкадыр Бейшеналиевди колдогондор чогулду. Арасында дарыгерлер, жарандык активисттер да болду. Алар министрди колдоо зарылдыгын, ал коррупция менен күрөшүп баштаганын, кызыкдар тараптар аны кызматтан кетирүү аракетин көрүп жатканын айтышты.

“Министрди мындай кара пиар менен иштен алуу жосунсуз. Мен бул кишинин бардык жасаган иштерин туура деп айтуудан алысмын, бирок ал жасаган реформалары аягына чыгышы керек”,- деди акциянын уюштуруучуларынын бири, активист Атай Бейшенбек.

12-майда Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору пара алууга шектелип кармалган. Бул ишке тиешеси бар делип министрдин кеңешчиси делген кыздын аты аталган. Бейшеналиев акчага байланыштуу кармалган Мээрим аттуу кыз УКМКнын кызматкерлеринин коркутуусуна кабылганын, алар менен жалгыз калтырбоону сурангандыктан арачы болуп, үйүнө жеткирип, ата-энесинин колуна тапшырганын билдирген. Ушундан кийин ал УКМКга эки жолу сурак бергенин айткан болчу.

17-майда атайын кызмат министрдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалганын ырастап, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.

16-майда министрлик дээрлик бардык орун басарлары, айрым бөлүм башчылары маалымат жыйын өткөрүп, Бейшеналиевге катуу кине коюшкан. Алар борбордук аппаратта моралдык-психологиялык жагдай оорлошуп, ишке терс таасирин тийгизип жатышканын айтышкан. Анда министрдин жүрүм-турумунан тартып, жасап жаткан реформалары, кадр саясаты сынга алынып, анын пара алуу ыктымалдыгы белгиленген. Министрдин мурдагы орун басары, азыр коомдук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова буларды айтып чыккан:

 

"Алымкадыр Савирдинович (Бейшеналиев - ред.) "сен элдин, журналисттерге чыгып алып жамааттын, 70 кишининин алдында философ болбочу" деп, ушуга чейин жеттик. Биз Министрлер кабинетине, анын жетекчисине кайрылып жатабыз. Биз дагы ишибизди аткаргыбыз келет, эч нерседен коркпой, күнү-түнү иштеп, элге кызмат кылгыбыз келет. Министрликтин ичинде бири-бирибиз менен сүйлөшө албай калдык. Ким, эмне дейт деп, бири-бирибизден коркуп калдык. Мындай моралдык-психологиялык абал мындан аркы иш-аракеттерге тоскоол болот".

Айнура Акматова коронавирус пандемиясы учурунда өлкөдөгү абал боюнча күн сайын түз эфирде маалымат берип турган.

Ал эми министрликтин мурдагы юристи Азамат Жумакеев мыйзамга туура келбеген аракеттерин айтканы үчүн Бейшеналиев менен мамилеси бузулганын белгилеп жатат.

"Мыйзам каякка кеткенин биз түшүнбөй калдык. Бүт баарыбызда абал ушундай. "Жаса" дейт. Мыйзам бузулуп жатат деген сөздү укпай жатат. Сөздүн ачыгы ушул. Чындыгында министр болуп иштегенге моралдык дагы укугу жок болуш керек деп ойлойм".

16-майдагы маалымат жыйында Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасынын директорунун орун басары болуп 3-4 ай иштеген Рахман Ажыкулов башка кызматка орношуу үчүн министр Алымкадыр Бейшеналиевге пара бергенин билдирип чыкты. Анын айтымында, акчаны министрге жакын кишилерге берген. Ал учурда тергөө жүрүп жатканын кошумчалады. Бирок кайсы орган тергеп жатканын тактаган жок. Өзүнүн айтымында, ал медицина тармагында 30 жылдан ашуун убактан бери эмгектенет. Соңку 20 жылдан бери Казакстандын Нур-Султан шаарында Илимий изилдөө инсутутунда иштеген. Өзү травмотолог-ортопед.

"Төрт айдан бери "эртең кел, бүрсүгүнү башка жумушка койом" деп... Мен акча бергениме деле неме кылбайм, моралда-психологиялык жактан бул жерде иштегим келбей калды. Себеби айткан сөзүн жасабайт, туура сүйлөбөйт, мыскылдагандай кылып, ал жерге бар дейт, барам. Менин көзүмчө башкы даргерге чалат, артынан эле өзүнүн сөзүн жокко чыгарып "болбойт" деп койот экен".

УКМК, милиция комментарий бере элек.

Учурда чет өлкөдө жүргөнүн айткан министр Алымкадыр Бейшеналиев орун басарлары айткан дооматтарды четке каккан. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып орун басарлардын өздөрүн "иштей албайт" деп сындаган. Пара туралуу дооматка жооп берип жатып ал Ажыкуловду Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраев сунуштаганын, акчаны ошол алышы ыктымалдыгын, сотко кайрыла турганын кошумчалады.

"Самат Ибраев деген мурдагы депутат бар. Ошол бала 100 жолу келип суранды, "аялы жок кыйналып жүрөт, жумуш табалы" деди. Аны жумушка алгам, алты айдан кийин иштей албай коюп, түрктөрдүн суранычы менен кетиргем. 10 миң долларды Самат Ибраев сураган окшойт. Мен аларды сотко берем".

Реформаларды өзү жалгыз жасап жатканын айткан министр, кызматтан кетпей турганын, эгер иштен алынса чет өлкөгө чыгып кетерин да билдирди.

Пара алды деген Ажыкулов дагы, аты аталган экс депутат Ибраев дагы министрдин айткандары тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берген жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги маанай жана Алымкадыр Бейшеналиевдин тегерегиндеги соңку талкуулар өлкөдөгү кадр саясатындагы мүчүлүштүктөрдү калпып чыгарды. Бул жагдай өлкө саламаттыгына жооп берген маанилүү тармагына калктын ишеничин дагы төмөндөткөнүн байкоочулар белгилеп жатышат.

Мурдагы министр Талантбек Батыралиев мындай пикири менен бөлүштү.

"Кекиртек таягандай, мындан ары жашай албайбыз дегендей эле маалымат жыйын берилди. Бул дагы бир жолу калктын саламаттыкты сактоо тармагына болгон ишенимин дагы бир жолу жаман акыбалга алып келип койду. Мындай акыбалда психо-эмоционалдык атмосферада ошол жердегилер жеткиликтүү кызматты кантип аткарат деген суроо. Бул эки суроого тең бериле турган жооп Министрлер кабинетинде".

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылган учур буга чейин дагы болгон. Бирок дээрлик бардык орун басарлары, бөлүм башчылары каршы чыккан биринчи учур.

Министрдин жүрүм-турумуна реакция кылуу талабы буга чейин Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Эл өкүлү Дастан Бекешев бул көрүнүштү бийликке коңгуроо деп эсептейт.

 

"Негизи алдын ала реакция кылыш керек болчу. Бул жөнөкөй саясат эмес, ар кандай процесстер болуп жатат. Орун басарлар деле бүгүн эле чыгалы дешкен жок. Менимче аларды дагы бирөө даярдап койду. Орун басарлары айтып чыккандар туура эле, бирок кичине этикага жатпайт. Министр Германияга кеткенде эмес, мурда эле, керек болсо Жогорку Кеңешке келип айтып чыгышы керек болчу. Атайын кылгандай көрүнүп жатат. Ал эми министрге дагы көп ишенбейм, анткени ал айтканды жакшы көрөт, сөздөрү кооз, күлөбүз кээде, маанай көтөрүлөт. Бирок реформа көп көрүнбөй жатат. Кээ бир кадамдарын колдоп жатам. Клиникалык базасы жок, туура келбеген окуу жайларды жабыш керек. Бийлик сөзсүз реакция жасашы керек. Бул жерде эки тарап болгондон кийин президент дагы аны билиш керек. Кийин анын жакындарына дагы ушундай нерсе келиши мүмкүн, ошондуктан президент өзү күчтүү болушу керек. Андай кылбагыла деп досторго айтып", - деди депутат.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек тармактардагы мындай көрүнүштөрдү кесипкөй, иш билги кадрлардын келбей жатканы менен байланыштырды.

"Башында эле бийлик велосипедди ойлоп таап, Американы ачпай,  Бейшеналиевдин тегерегинде алгачкы талкуу жаралганда эле дүйнө практикалагандай коомдун назарынан өткөн, кесипкөй, репутациясы таза, билимдүү кадрларды коюш керек болчу. Министр мафия менен күрөшүп жатканын айтып жатат. Мафия менен күрөшө турган органдар бар. Чынын айтканда, маселе министрде деле эмес. Биз азыр президенттик башкаруунун өзүм билемдигинин азабын тартып жатабыз. Мурда жок дегенде парламент чакырып, кичине андан тартынчу эле. Азыр ага дагы карабайт. Президенттик башкарууну эч ким көзөмөлдөбөйт, ошонун азабын азыр улут тартып жатат. Бул башаламандык дагы уланат. Бул бир гана ушул министрликте эмес, башка бардык тармакта болуп жатат. Бүгүнкү күндө бийликтин чечимдери, кадрдык саясаты дагы... Бир нерсе кылышат, анан эле ызылдап жатып калабыз".

Буга чейин министрдин жүрүм-туруму жана сүйлөгөн создөрү боюнча көп талкуу болгон. Ага бир нече эскертүү, кийин сөгүш берилген. Президенттик администрация жана Министрлер кабинети Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басарларынын кайрылуусуна жооп бере элек.





Губернаторы России
Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин





Москва

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии


ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Минск

Марина Василевская передала Александру Лукашенко флаг Беларуси, побывавший на МКС



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России