Лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабылат
Саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын билдирди. Маалыматта министрлик тарабынан түзүлгөн комиссия апрелде 370 менчик медициналык уюмду текшерип чыкканы айтылат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында “лицензиясы жок, уруксатсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн, даректери лицензия менен дал келбеген фактылар аныкталып”, анын негизинде 111 менчик медициналык мекемелердин ишмердигин токтотуу үчүн акт жазылганы айтылды.
Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинеттер менен клиникалар аныкталган. Аларга билдирмелер берилген. Андан кийин мыйзамдык чараларды колдонуп, айып пул салуу үчүн Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборуна маалыматтар берилет деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Буга чейин министрлик Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын айрымдарынын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берген.
Мурдараак саламаттык сактоо министрлиги 84 дарыкана уруксат документтери жок иштеп жатканын аныктаган. (JsA)